Өзбекстан республикасынын жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги Алишер Вахабов саясатка тиешелүү предметтер билим берүү системасынан алып ташталышы тууралуу токтом кабыл алынгандыгын жарыя кылды. Жогорудагы токтомго ылайык, Өзбекстандагы орто жана жогорку окуу жайларда саясатка тиешелүү предметтер окуу программасынан бүтүндөй алып ташталган.
Билим берүү министрлиги тарабынан чыгарылган токтомго ылайык, университеттерде бүгүнкү күнгө чейин сабак катары окутулуп келген “Саясат илими, Өзбекстанда демократиялык коом куруу идеологиясы жана амалий жараяндар”, сабагынан “Саясат илими” деген бөлүгү алынып ташталган. Бирок, токтомдо саясат илимин окуу программасынан алып таштоонун себептери көрсөтүлбөгөн.
2013-2014-жылдарда саясий илимдер боюнча университеттерди бүтүргөн студенттерге диплом берүү жокко чыгарылган эле. А бирок, кийинчерээк 2013-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө “саясат билиминин ээси” деген диплом тапшырылган эле.
Серепчилердин айтымында, Өзбекстан өкмөтүнүн “Саясат илими” сабагын бекер кылышына ушул сабактын улуттук т.а. “Өзбек моделин” өнүктүрүү саясатына туура келбестиги жана жалаӊ гана батыш түшүнүктөрүн өз ичине алгандыгы себеп кылып көрсөтүлүүдө.
Белгилүү саясий эксперт Фарход Талибов жана Өзбекстандагы саясий илимге ээ болгон бир топ адамдар “Facebook” социалдык тармагы аркылуу ортоктош көрүнүштө өкмөттүн жогорудагы токтомуна нааразылыктарын билдиришти.
Туркистон:
Үстүбүздөгү куфр системасы БУУ уюму аркылуу дүйнөнүн саясат, экономика, билим-берүү жана аскерий тармакка тиешелүү негизги тармактарын глобалдаштырып (борборлоштуруп) алды. Муну менен алар, дүйнөнүн кайсы мамлекети кайсы тармакты өнүктүрүшү керек деп эсептешсе, ошол өлкө жарандарынын билим берүү программаларын да ошол багытка ылайык кылып белгилеп бере турган болушту. Бул ишти алар кандайдыр резолюцияларды кабыл алуу менен өздөрү үчүн эл аралык мыйзамдар көрүнүшүндө системалаштырып алышты.
БУУ дүйнөнүн билим берүү системасын жетекчи Батыш мамлекеттер үчүн пайдалуу кылып берүү иштерин ЮНЕСКО, ЮНИСЕФ сыяктуу өзүнүн кол астындагы уюмдар аркылуу калыптандырат жана көзөмөлдөп турат. Бул миссияны ишке ашырууну учурдагы дүйнөлүк система өзүнүн өмүр-өлүм маселеси болгон маанилүү тармактар катарына кошот. Ошондуктан, бул тармактагы жүргүзүлүп жаткан иштери үчүн белгилүү бир региондордо финансылык, саясий, аскерий жана экономикалык тармактардагы басым өткөрүшү мүмкүн бардык болгон рычагдарды ишке салат.
Мисалы: Куфр системасы ал тургай Саудиядагы исламий окуу жайлар аркылуу “такфир” түшүнүгүн пайда кылды. Бул үчүн алар жогорку окуу жайлардагы жана ага чейинки мектеп программаларындагы билим берүү негизин бузуп жиберишти. Билим берүү программалары, студенттерди туура ижтихадий усул илиминен ажыратып алуу жана анын ордуна нусустардан жасалма услубдар менен кубаты жетишпеген дээрлик бардык студент ижтихад кылышы мүмкүн болгон бузук усул коидаларын иштеп чыгышты. Натыйжада бузук ижтихадий усули фикх, куфрдун саясий кызыкчылыктарына кызмат кылып келе жаткан бузук түшүнүктөрдү пайда кылды. О.э. суннийлер арасында Иранга каршы чөйрө пайда кылууда да кудум ушул туура эмес билим берүү программасынын натыйжасы болгон интеллигенттер катмарын пайдаланды. Себеби, аларга билим берүү программасы ичинде суннийлерде шиъаларга каршы душмандык ойготуу негизи атайылап киргизилген.
ЮНЕСКО уюмунун негизги милдети, агрардык тармакка багытталган мамлекеттердеги билим берүү программасы агрардык өнөржайды өнүктүрүү тарапка багытталышын көзөмөл кылуудан турат. Жогорку максаттарды көздөп же оор жана жеңил өнөржайды өнүктүрүүнү көздөй жаш муунду багыттоо негизине түзүлгөн окуу программасы ЮНЕСКО менен макулдашпаса бул мамлекет ар тараптуу басымдар алдында калып кетет.
Ошондуктан, куфрга малай болгон Каримов сыяктуу үстүбүздөгү чыккынчы жетекчилерибиз куфрдун узак мөөнөттө бизди сенек абалга алып келүү негизинде жүргүзүп жаткан долбоорлорун түздөн-түз ишке ашырып беришет. Алар куфрдун бул пландарын ишке ашырып берүүдө бири-бири мөрөй талашкандай аракеттенишет.
Өзбекстанда Каримов режими жарандарды кирилица алфавитинен латын алфавитине өткөрүп алуу менен бир катар жетекчи саясий жана интеллигент катмардын турмуштагы таасир даражасын төмөндөтүп алган эле. Эми саясий илимдерди окуп-үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн тосуп алып, жаӊы саясатчылар жетилип чыгышы мүмкүн болгон чөйрөнү талкалап жок кылмакчы. Албетте куфр системасын негиздөөчүлөр бул үчүн капа болушпайт…..
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы Устаз…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр Мухандис Муждий Али Болжол менен бир…
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…
Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…