Түркиянын аскерий самолёттору жуманын түнүнөн баштап Сирияга бомба жаадыра баштады. Бул тууралуу Түркия тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө айтылды.
“Аскерий самолётторубуз коалиция самолёттору менен биргеликте мамлекетибизге коркунуч туудуруп жаткан ИШИМдин жайгашкан жерлерин бутага ала баштады. Террорго каршы күрөш Түркиянын назарында биринчи орундагы улуттук коопсуздук маселеси болуп эсептелет. Бул күрөшүбүз туруктуу көрүнүштө уланат”, – деп айтылат министрлик таркаткан билдирүүдө.
Мындан мурда АКШ коргоо министрлигинин маалымат катчысы Жефф Дэвис да Түркия тез арада чабуулга өтүшү туурасында айткан эле. Дэвис Пентагондо уюштурулган маалымат жыйынында журналисттердин: “Эки мамлекет ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин Түркия аскерий самолёттору качан асмандан чабуулга өтөт”, – деген суроосуна: “Тез арада. Анык бир күн же саатты айта албаймын, бирок, өтө жакынкы күндөрдө”, – деп жооп берди.
Дэвистин айтымында, коалициянын абадан болгон чабуулдарына Түркиянын кошулушу дагы да көбүрөөк обьектилерди бутага алуу жана көбүрөөк чабуулдарды уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, Түркия Курдистан жумушчулар партиясына абадан чабуул кылмакчы болсо, анда АКШны алдын ала кабардар кылып коюшу керек.
Түркия тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Таню Билгич да журналисттер үчүн маалымат жыйынын уюштуруп, келишимге кол коюлгандан кийин биргеликте чабуул кылуу туурасында бирер проблема калбагандыгын билдирди.
“ИШИМге каршы ортоктош чабуул уюштуруу туурасында АКШ жана Түркия ортосунда акыркы келишимге кол коюлду. Ушундан баштап биргеликте чабуул уюштурууга болот. Албетте, булар аскерий техникалык маселелер болуп эсептелет. Бул баскычтан кийин бирер проблема калбады”, – деди Таню Билгич.
Туркистон:
АКШ дүйнө бойлоп өз таасирин кармап турушунда же аны кеӊейтүү иштеринин бардыгында региондорду же бирер мамлекетти, башка ага коркунуч келтириши мүмкүн болгон кубатты пайда кылып коюу менен шантаж кылат. Израилди Жакынкы Чыгышты коркутуп турууга, Иранды Израиль жана Европа союзун коркутуп турууга, Өзбекстан ислам кыймылын Өзбекстанды, Курдистан жумушчулар партиясын Түркияны, Иран жана Иракты коркутуп турууга, Талибанды Ирак жана Афганистанды коркутуп турууга, ИШИМ уюмун бир нече исламий жана башка өлкөлөрдү коркутуп турууга пайдаланып келет…. АКШ өзүнүн бул айла-амалдарын жүргүзүшүндө куфр негизиндеги дүйнөлүк системасынан о.э. өзүнүн эл аралык майдандагы саясий салмагынан пайдаланып келүүдө.
“Росбалт”тын корреспонденти билдиргендей, Путин 19-июнь күнү маалымат каражаттары аркылуу: “ИШИМ уюмунун аскерий кубаты Ирак мамлекетине караганда бир кыйла күчтүү болуп кетти. Ал уюм бул аскерий техника жана куралдарга АКШнын жардамы менен өтө тез жана оӊой ээ болуп алды”, – деди. Эл аралык саясатта бул ыпылас ыкмалар илгертеден эле колдонулат. Россиянын өзү да Ливанда “Хизбулла”ны көптөгөн жылдардан бери курал-жарак менен камсыздап келе жатат. Антпесе, бул аскерий уюмдар курал-жаракты кайдан алышат? Алардын бири да өз аймагында курал чыгара алышпайт.
“Курдистан жумушчулар партиясы” да АКШ тарабынан сакталып келе жаткан бир уюм. Аны түрк аскерийлери жок кылып жиберишине АКШ жол бербейт. Түрк бийлиги 1999-жылы кармалган “Курдистан жумушчулар партиясынын” жетекчиси Абдуллах Ожалонду өлүм жазасына өкүм кылып да өлтүрө албай жатышат. Жогорудагы АКШ коргоо министринин өкүлүнүн сөздөрүнө караганда, Түркия аскерийлери Сирияны бомбалоо менен АКШга көрсөткөн жардамынын акысына, аларга күрттөрдү да белгилүү бир өлчөмдө бомбалап алууга уруксат берилет. Бирок, АКШнын уруксаты жана кеӊеши астында.
Түрк бийлиги болсо бир кафир колонизаторду ыраазы кылуу үчүн эки мусулман өлкөгө бомба таштамакчы. Антпесе, “АКШ “Курдистан жумушчулар партиясын” колдоп жиберүү менен Түркияны дагы кайрадан жарандык согуш абалына кайтарып жибериши мүмкүн” деп коркуп жатат. Күрттөр да кудум Түркия сыяктуу Ирак согушунда АКШга иттей кызмат кылды. Бирок, анын азыркы абалы АКШ аны таштап койгондугун көрсөтүп турат. Түркия бийлиги да азыр иттей кызмат кылууну улантууда. Бирок, ал да жакында күрттөрдүн кейпин кийет.
Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…
Басма сөз баянаты ﴿وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ﴾ «Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн…
Басма сөз баянаты Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү 2024-жылы…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай…