Расмий маалыматтарга ылайык, 2011-жылдын жазынан бери Сирияда уланып жаткан кандуу кагылыштар натыйжасында 250 миӊден ашуун адам курман болуп, алардын жарымынан көбү карапайым жарандар болгон. Расмий эмес булактар болсо курман болгондордун саны мындан бир нече эсеге көп экендигин айтып келишет.
Сирияда уланып жаткан согуш алда качан эле бийлик менен оппозиция ортосундагы күрөш чегарасынан өтүп, акыйкат жана батыл, ыйман жана куфр ортосундагы күрөшкө айланып болгон. Бул күрөштү өзү каалаган тарапка бура албай жаткан жетекчи куфр мамлекеттери алардын ар бирин ыраазы кыла турган жаңы малайды жетиштирип чыгаруу үчүн убакыттан утуу максатында канкор Башар Асадга жаңы-жаңы мөөнөттөрдү берип келе жатышат.“Женева”, “Женева-2” конференциялары жана эми Россия тарабынан даярдалып жаткан “Женева-3” конференциясы о.э. АКШ жана Россия өз ара бири-бирине эстафета таякчасын узатуулары бул күрөштү өз максатынан буруп жиберүүгө шарт түзүү гана.
28-август күнү Москвада АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Майкл Ратни жана россиялык дипломаттар менен жолугушту. Жолугушуунун натыйжасында АКШ мамлекеттик департаменти көз караштардагы айырмачылыктарга карабастан, Москва менен Сирия маселеси боюнча кызматташтыкты улантуудан үмүттөнгөндүгүн билдирди.
Washington Times сайты Вашингтон “Москва Сирияга байланыштуу бардык маселелерди чечүүдө “Борбордук оюнчу болушуна” макул болуп жатканы туурасында тыянак чыгарууда. Кремль бул үчүн бардык активдүү дипломатиялык иш-аракеттерди ишке ашырууда, – деп баса белгиледи басылма.
Акыркы кездерде Москвага Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен бир катар расмий адамдар, ошону менен бир катарда Сирия оппозициясынын өкүлдөрү да келишти. Жакында Иордания королу Абдуллах II Путин менен жолугушуусу учурунда Россиянын ээлеген позициясы “карама-каршы тараптардын сүйлөшүүлөр столу айланасында жакындашуусу үчүн турмуштук зарылдык экендигин” баса белгилеп өткөн эле.
Ошону менен бирге “Россиянын Сирияда тартип орнотуу боюнча өз мамилесин коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар” деп жазууда басылма. Басылманын билдиришинче, бул Москванын Башар Асад режиминин тарапкери – Иран менен ишенимдүү сүйлөшүүчү катары бекемделип бара жаткан таасирине байланыштуу болууда.
Туркистон:
АКШ Сирия режиминин да, “ИШИМ” уюмунун да бардык иш-аракеттерин өзүнүн таасири астына алып болгон. Эми бул жасалма кырдаал менен дүйнөнү коркутуу аркылуу бир нече кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып алмакчы.
Тарыхта АКШ Саддам режимине Кувейтке каршы согуш ачышына уруксат берип туруп, андан кийин бул телефон аркылуу берген ыраазылыгын танып, Ирактын өзүнө каршы согуш ачуу үчүн ал тургай Японияни шериктик кылууга жетишкен эле. Натыйжада, Кувейтте өзүнүн аскерий базасын орнотуп алды. Андан кийин 11-сентябрь окуясын шылтоолоп дагы дүйнөлүк коалиция түздү. Мында да согушту дээрлик бир өзү жүргүзгөн болсо да, дүйнөнүн 40тан ашуун мамлекеттерин коалицияга кошулууга мажбур кылды. Кыргызстанда Ганси авиабазасын куруп алгандыгы бул иш-чаралардын бири болчу.
Эми Сирияны кудум 11-сентябрда жардырылган “эгиздер” деп аталган имараттар сыяктуу кыйратып жибергенден кийин, дагы мурункулардан дээрлик айырмаланбай турган кезектеги жаңы саясий айла-амалдарын баштап жатат. Сирия проблемасын чечүү негизинде уюштурулуп жаткан бул ири саясий айла-амалдар жардамында АКШ Түркияны, Саудияны, Күрт улутун, Ирак жана Иранды кыскасы бүтүндөй Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерди коркута алды. Эми ал дагы дүйнөлүк коалиция түзүүгө киришти. Ал тургай, Өзбекстанды да ушул коалицияга кирүүгө чакырды.
АКШнын Россияны бул проблемага тартышы, анын алдан тайганын билип туруп, эл аралык коомчулук алдында ыза кылууга болгон кезектеги аракети окшойт. Себеби, Россиянын ички проблемаларынан улам Путин режиминин абалы Асаддыкынан анчалык эле айырмаланбай турган абалга окшоп бара жатканы баарыбызга белгилүү болуп турат. Демек, АКШ Өзбекстанды коалицияга чакыргандай эле, Россияны да чакыруу о.э. анын ыраазылыгына жетишүү аркылуу Россия да АКШнын дөбөттөрү даражасына түшүп калганын көрсөтүп коймокчу окшойт.
Кокустан Путин дагы кайрадан Сирия проблемаларына киришүүгө ыраазы болсо, АКШ аны эми ал жерде сазга батырып жибериши анык. Себеби, АКШ эми Россияны Путин режими менен бирге ал тургай дөбөт кылып иштетүүгө да ыраазы эмес. Ал Путин режимин орус калкынын колу менен жок кылмайынча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Ал тургай, Россия АКШ алдында тизелегенде да Путин режими жок болушу шарт.
Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…
Басма сөз баянаты ﴿وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ﴾ «Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн…
Басма сөз баянаты Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү 2024-жылы…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай…