“АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Томас Кантримен 27-28 август күндөрү Казакстан жана Эл аралык атом энергиясы агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташтыкта түзүлүп жаткан аз байытылган уран банкынын ачылышына катышуу үчүн Казакстанга келет”, – деп кабар берүүдө АКШ мамлекеттик департаменти.
Ырасымда катышуудан тышкары, Кантримен сапардын алкагында ядролук куралды жайылтпастык маселесин талкуулашуу үчүн Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов жана энергетика министри Владимир Школьников менен жолугушат.
О.э. Кантримендин Казакстан эл аралык илмий-техникалык борборуна да барышы кабарланган.
Мындан мурда мамлекеттик катчынын өкүлүнүн Мексикада (24-25 август), андан кийин болсо 31-август, 1-сентябрь күндөрү Словенияда болушу пландаштырылган.
Казакстан жана МАГАТЭ менен кызматташтыкта аз байытылган уран банкын түзүү туурасындагы келишимге 2015-жылдын август айынын акырында кол коюлушу туурасында июнь айында жарыяланган эле. 11-июнда МАГАТЭнин башкаруу кеӊеши ушул кабарды расмий түрдө тастыктаган.
Булак: kun.uz
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…