АКШ Патриотторун алып чыгып кетмекчи

АКШ тышкы иштер министрлиги Түркияда жайгаштырылган ракетага каршы Патриот системасын алып чыгып кетиши туурасында түрк өкмөтүнө билдирди. Мындан мурда Германия да Патриотторун алып чыгып кетиши туурасында токтом кабыл алган эле.

АКШ тышкы иштер министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, эгерде муктаждык пайда боло турган болсо АКШ ракетага каршы Патриот системасын бир аптанын ичинде Түркия аймактарына кайрадан жайгаштырууга даяр.

“АКШнын Патриот батареялары НАТО миссиясынын бир бөлүгү катары Түркияга жайгаштырылган. Күндөн-күнгө күчөп бара жаткан коркунучтарга каршы туруу жана АКШ менен союздаш же өнөктөш мамлекеттерди, ошону менен бирге Түркияны коргоо шарты менен Патриот батареялары Түркиядан чыгарылып Америкага жайгаштырылат. Түркия сыяктуу союздаштарын коргоо үчүн АКШ жана НАТО мойнуна алган милдеттер өзгөрбөйт. Эгерде ракеталык коргонуу системасына дагы кайрадан муктаждык пайда болсо АКШ Патриот системасын жана бул тармак адистерин бир аптанын ичинде Түркияга кайрадан жайгаштырууга даяр”, – деп айтылат АКШ тышкы иштер министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

Бирок, НАТО АКШ жана Германиянын Түркиядан Патриот батареяларын алып чыгып кетүү токтомуна курсант болбой жатат. НАТО жооптуусунун айтымында, Сириядан боло турган кооп-коркунуч дагы деле уланууда.

“АКШ жана Германиянын токтомдоруна урмат менен карайбыз. Германия Сириядан келе турган ракета коркунучунун азайышы Патриот батареяларын алып чыгып кетүүнүн негизги фактору экендигин айтууда. АКШ болсо Патриот батареяларын жаӊылап дагы кайрадан жайгаштырышын билдирди. АКШ жана Германия орнотуп койгон Патриоттордун түрк калкын Сириядан келе турган ракеталар коркунучунан коргоодо өтө чоӊ таасири болду. НАТО Түркия менен бирге күчтүү каршылыкты пайда кылууда жана союздун түштүк-чыгыш чегараларын коргоону улантууда”, “Ар кандай абалда да, Сирия ракеталарынын Түркия үчүн коркунуч туудуруу ыктымалы аз болсо да, бирок, оппозициялык күчтөргө карата атылган ракеталар Түркияга келип түшүү коркунучу бар”, – деди аты жашыруун калышын каалаган НАТО жооптуусу.

turkistonkg

Recent Posts

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

18 hours ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

18 hours ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago