Кыргызстан президенти 2015-жылдын 4-октябрын парламенттик шайлоо күнү деп белгиледи, Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин бул шайлоого карата ээлеген позициясы жөнүндөгү билдирүү

Кыргызстанда өкмөтү парламент жана президент тарабынан башкарылат. Ошондуктан, парламент партиялардан болгон фракциялар жана алардын биригүүсүнөн түзүлгөн коалициялардан турат. Ушундан келип чыгып, парламенттик шайлоого саясий партиялар гана катыша алышат. Бир мандаттуу система болсо бекер кылынган. Демек, парламенттик шайлоодо саясий партиялар гана катышат.

 Хизб ут-Тахрир исламий, саясий партия болуп, дүйнө жүзүндө өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ал бүткүл дүйнөлүк партия болушуна карабастан белгилүү бир мамлекеттерде ишмердүүлүгүн жүргүзүшү мүмкүн, бирок ошону менен бирге Хизб ут-Тахрир эч качан жергиликтүү партия болушу мүмкүн эмес. Ушуга ылайык, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб өз регионундагы бардык проблемаларды мүмкүнчүлүгү жана жөндөмү алкагында дабалоодо өзүн жооптуу деп билет. Ушундан келип чыккан абалда, Кыргызстанда 2015-жылы өтүшү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого жана ага катышуусу күтүлүп жаткан жергиликтүү партияларга карата Хизб ут-Тахрирдин ээлеген позициясын расмий түрдө баяндап өтүүнү зарыл деп билдик.

 Хизб ут-Тахрир пайда болгондон ушул күнгө чейин турмуштун ар түрдүү тармактарында бир катар проблемалуу вакиълердин өкүмдөрүн нусустардан истинбат кылды жана өзүнүн мүчөлөрү үчүн аларды табанний кылды. Бул өкүмдөрдү – Исламды Мабда (система) катары турмушка кайтаруу максатында аткарыла турган, же куфр кызыкчылыктары менен саясий айла-амалдарына чек коюу үчүн ушул күндө жана Халифалык мамлекети учурунда керек деп табылган вакиълерге тиешелүү өкүмдөрдү – табанний кылды.

 Хизб ут-Тахрирдин “Ислам мамлекетинин конституция долбоору” деген китебинде төмөкүдөй келет:

 16 – берене. Халифалык түзүмү – бир бүтүн түзүм. Бириккен (федерациялык) түзүм эмес. Т.а. исламий мамлекет Халифа тарабынан гана башкарылат. Бирер тармакты башкарууну, башка бир күч же министрликерге бөлүп бербейт. Хизб ут-Тахрир ар кандай мамлекеттик саясат Хизбий же башка жамааттар тарабынан башкарылышын четке кагат. О.э.  Хизб ут-Тахрир өзү үчүн да түздөн-түз өкүм иштерин жүргүзүүгө т.а. мамлекеттик иштерге башчылык кылууга тыюу салат. Ал ар кандай Хизб же жамааттар тарабынан өкмөттүк иштердин башкарылышын Ислам тарыйкатына тескери деп табанний кылган. Бул сүннөткө тескери амалдардан болуп эсептелип, Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи ва саллам Мадинада Ислам мамлекетин тикелеп, иш жүзүндө башкарып көрсөтүп берген тарыйкатка бүтүндөй тескери деп эсептейт.

 Хизб ут-Тахрир Кыргызстанда күтүлүп жаткан шайлоо иштеринде бийликке умтулуп жаткан бирер партия үчүн добуш берүү мусулмандар үчүн шаръий жактан жаиз эмес деп билет. Себеби , бул шайлоонун натыйжасы шариятка тескери негиздеги башкаруу системасынын пайда болушу же анын уланышы үчүн чөйрө жаратат деп эсептейт. Бирок, мусулмандар өздөрү жашап жаткан коомдорду куфр системасына таштап, бир четте калып кетиши да жаиз эмес. Алар бул сыяктуу шайлоолордо катышып өздөрүнүн бул партияларга жана бул сыяктуу шариятка тескери шайлоолорго болгон шаръий позицияларын билдирип коюшу керек.

 Хизб ут-Тахрир Кыргызстандагы бардык мусулмандарды шайлоого катышууга жана мусулмандардан түзүлгөн болсо да, бирок, бардыгы шариятка тескери негиздерге курулган партияларды четке кагышын билдирип коюуга чакырат. Бул болсо, шайлоо блютенинде өзүнүн атынан “бардыгына каршы” деген жерин атайын белгилеп коюу менен ишке ашырылат.

 Учурда коопсуздук маселеси Кыргызстан өкмөтүн да, жарандарды да тынчсыздандырып турган негизги проблемалардан болуп турат. Хизб ут-Тахрир эч качан аскерий аракеттерди жүргүзгөн эмес жана мындан кийин да жүргүзбөйт. Хизб өзү үчүн бийликти колго алууну максат кылган эмес. Кыргызстанда эки жолу мамлекеттик төңкөрүш жүз берген убакта Хизб ут-Тахрир жогорудагы принципиалдуу позициясын канчалык кадырлай тургандыгын бүт дүйнөнүн алдында дагы бир жолу тастыктап койду.

 Башка исламий күчтөр тарабынан күтүлүп жаткан ызы-чуулуу кооп-коркунучтар да орунсуз. Бул ызы-чуулар батышчыл же россиячыл күчтөр тарабынан атайын киргизилип жатканын түшүнүп алуу кыйын эмес. Ал тургай, кандайдыр бир исламий күчтөр тарабынан бирер аскерий аракет пайда болуп калса да, бул тышкы күчтөр тарабынан атайын уюштурулган жасалма аракеттер болушу мүмкүн. Акыркы кездердеги Сариевдин бир катар исламий баалуулуктарды четке кагып чыгуусу буга мисал боло алат. Себеби, ар кандай соо-саламат жана мекенчил саясатчы Кыргызстан бүгүнкүдөй оор абалда турганда мусулмандарды атайылап өкмөткө каршы провокация кылбайт. Бул тышкы күчтөрдүн акмакчылык кеӊештери негизинде жүргүзүлүп жаткан аракеттердин уландысы болууда. Бул нерсе Кыргызстандын коопсуздугуна атайылап зыян жеткирүү жана бул коркунучтар Ислам жана мусулмандар тарабынан болуп жаткандай кылып көрсөтүүгө болгон аракет кылынууда. Бишкекте жалган террористтердин пайда болушу жана алардын аскерлер тарабынан атып өлтүрүлүшү. Андан кийин Бишкектеги бир катар коомдук жайларда кандайдыр бир шектүү буюмдар пайда болуп, айланасы курчоого алынып калкты кандайдыр белгисиз террорист топтордон коркутууга аракет кылынышы… ушулардын бардыгы Кыргызстан үчүн өтө тынчсыздандыруучу абал. Темир Сариев сыяктуу саясатчылар кыргыз калкынын кызыкчылыктарына кыянат кылып, бири Россиянын, экинчиси АКШнын кызыкчылыгы жана буйруктарын кынк дебей аткаруучу манкурттарга айланып барууда. Кыргызстан калкы жана мамлекеттүүлүгү үчүн чыныгы кооп-коркунуч мына ушул топтор тарабынан күтүлөт.

 Кыргызстанда тышкы мамлекеттердин (үчүнчү күчтөрдүн) мурда эч бир күтүлбөгөн даражадагы таасир күчү пайда болду. Бирок, алар азырынча бир катар манқурт саясатчыларыбыз аркылуу гана бизге таасир өткөрө алышы мүмкүн.

 Демек тыянактап айта турган болсок, кооп-коркунуч өз боордошторубуз тарабынан күтүлүүдө. Алар шайлоодон өтүп алууну өздөрү жана партиялары үчүн турмуштук зарыл маселе кылып алышты. Эми бул максаттарын көздөй аракеттенип жатып ар кандай ыпылас ыкмалар менен бири-бирине каршы күрөшөт. Өз максаттарына жетишүү жолунда ниети бузук ар кандай тышкы  күчтөр менен кызматташууга даяр турушат. Өкмөт болсо бул капиталисттик түзүмдүн жемиши болгон ач көздүк белгилерин жашыруу максатында о.э. тышкы күчтөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, ар дайымкыдай эле Ислам жана мусулмандарды айыптуу кылып көрсөтүү үчүн жаңы ыкма жана каражаттар негизинде иш-чараларын уланта берет.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

turkistonkg

Recent Posts

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…

19 hours ago

Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…

20 hours ago

Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө жол берип, Газаны колдошкондугу үчүн Тунис аялдарынын артынан түшүүдө!

Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…

2 days ago

Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз!

Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…

2 days ago

Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда

Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…

2 days ago