Эрдоган: Си Цзиньпин эң жакын досум

Расмий сапар менен Пекинге барган Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен жолугушту. Чыгыш түркстандык мусулмандарды оор зулумдарга дуушар кылган Кытай өкмөтү президент Эрдоганды расмий ырасым менен күтүп алды.

Президент Эрдоганды экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йилдиз, саламаттыкты-сактоо министри Мехмет Муеззиноглы, транспорт жана деӊизчилик алаклары министри Феридин Билгин о.э. жүз чакты түркиялык бизнесмендер жана инвесторлор коштоп келишти.

Эки жетекчи өз ара жолугушуудан мурда т.а. жолугушуунун маалымат каражаттары үчүн ачык өткөн бөлүгүндө Эрдоган Кытай президенти өзүнүн эң баалуу досу экендигин айтты. Түркия президенти мусулман уйгурлардын башына чексиз балээлерди жаадырып жаткан “чыныгы досуна” өзү жана жубайына көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазылык билдирди.

“Үч жылдык тыныгуудан кийин Пекинге сапар кылуудан о.э. улуу урматтуу президент менен кайрадан жолугушуп жатканымдан улам аябай кубанычтамын. Бул жерге келгенибизден баштап менин өзүмө жана бүтүндөй комитетке көрсөтүлгөн жылуу мамиле жана меймандостук үчүн ыраазылык билдиремин”, – деди Түркиянын президенти.

Кытай президенти уйгурларга каршы ишке ашырып жаткан кылмыштарды “улуттук коопсуздук маселеси” деп түшүндүрдү.  Демек Си Цзиньпиндин айтымында, мусулман уйгурларды намаз жана орозодон тосуу, муслима аялдарга авратын жаап жүрүүгө тыюу салуу жана мечит имамдарын кеӊири аянтта, көпчүлүктүн көз алдында бийге түшүрүү Кытай калкынын коопсуздугун коргоо үчүн ишке ашырылууда.

Эрдоган мырза уйгурларга карата ишке ашырылып жаткан зулумдар тууралуу унчукпай коюуну туура көрдү. Түркияда уйгурларды жактап сүйлөгөн президент Эрдоган Кытайда Түркия-Кытай алакаларына стратегиялык жактан назар таштай тургандыгын билдирди.

“Стратегиялык кызматташтык чекитине 2010-жылы кадам таштадык. Мына азыр ишке ашыруунун астында турабыз. Ошол себептен улам Кытай менен болгон алакаларыбызга стратегиялык жактан карайбыз. Бул сапарлар бири-бирибизге болгон ишенимди күчөтүшүнө жана элдерибиз ортосундагы достукту бекемдөөгө кызмат кылат”, – деди Эрдоган.

О.э. Эрдоган Түркия Кытайдын аймактык бүтүндүгүнүн тарапкери экендигин да айтып өттү. Эрдогандын айтымында, Түркия чегаралары ичкерисинде же тышкарысында болсун, Кытайдын аймактык бүтүндүгүнө каршы ишке ашырылуучу ар бир аракет таптакыр кабыл алынбайт.

Түркия жана Кытай алакаларын тынымсыз өнүктүрүү максатында экендигин айткан Эрдоган бул алакаларга зыян жеткире турган демилгелерге таптакыр уруксат бербестигин баса белгиледи. Кабарларда айтылышынча, Түркия менен Кытай ортосундагы товар алмашуу азыркы учурда 24 миллиард долларга жеткен.

turkistonkg

Recent Posts

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…

17 hours ago

Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…

18 hours ago

Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө жол берип, Газаны колдошкондугу үчүн Тунис аялдарынын артынан түшүүдө!

Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…

2 days ago

Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз!

Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…

2 days ago

Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда

Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…

2 days ago