Кабарларда келишинче, Казакстан өкмөтү Украина менен соода алакаларын токтотууга аракет кылбай жатат. Казакстан Россия менен союздаш болушуна карабастан, орус тараптын Украина менен кызматташтык боюнча талабына кайдыгер карап келүүдө. Расмий Кремль Казакстандан Украина менен алакаларды үзүүнү талап кылышына карабастан, казак өкмөтү бул талаптарды аткарбастыкка токтом кылган. Казакстан өкмөтү Украинага каршы соода чектөөлөрүн киргизбестигин жарыя кылды. Өз кезегинде, Казакстандын Россия талаптарынан баш тартышы Кремль тараптан терс кабыл алынышы мүмкүн.
Россия менен жакын мамиледе болуп келген Казакстан мындан кийин Россия менен союздаш болбостугун ачык айтпаган болсо да, расмий Москвага өзү көз карандысыз аракет кылышын жана Украинадагы карамүртөздүктү кубаттабастык саясатын тандашы мүмкүн экендигин түшүндүрүп койду. 16-июль күнү Киевде Украина жана Казакстан өкүлдөрү эки тараптуу экономикалык кызматташтык боюнча келишим түзүштү. Украинада аскерий аракеттер башталгандан кийин эки мамлекет ортосунда товар алмашуу көлөмү азая баштаган, экспорт дээрлик 30 пайызга, импорт болсо 15 пайызга кыскарып кеткен. Жаӊы түзүлгөн эки тараптуу келишим экономикалык кызматташтыкты кайрадан тикелөөгө мүмкүнчүлүк берери айтылууда.
Ошентип, Россия менен союздаш болуп эсептелген Казакстан аны менен жакын алакаларын үзгөн биринчи мамлекет болду. Азырынча расмий Кремль бул кырдаалга бирер мамиле билдирбеди, ал эми Казакстан болсо өзүнө олуттуу душман пайда кылып алганын божомолдоого болот. Учурда Россия Украинага каршы жаңы санкцияларды киргизүүдө. Эгерде Казакстан Украина менен алака кылууга аракет кылгыдай болсо, Россия ар кандай жолдор менен экспорт жана импортко толук тыюу салууга аракет кылат. Россияда болсо мындай саясатты туура деп эсептешет жана Россия мында миллиарддаган доллар жоготушунун эч кандай “коркунучтуу” жери жок.
Туркистон:
Казакстан Россия менен алакаларын үзмөкчү эмес. Бирок, Россиянын эл аралык саясаттагы бир катар каталарынын артынан болуп жаткан төлөөлөргө Казакстандын эч кандай тиешеси жок. Россия өзүнүн башына түшкөн кырсыктарда СНГ же же Евразияя экономикалык биримдигиндеги мамлекеттердин өзү менен бирге турушун каалайт.
Россия кудум башка колонизатор мамлекеттер сыяктуу эле, кол астындагы мамлекеттерин ар кандай кырдаалдарда өзү менен бирге кармап турууну ыктыяр кылат. Ал үчүн күчтүү мабдаъий робита (байламта) керек. Россияда болсо, ал тургай алсыз идеологиялык робита да калган эмес. Ал тышкы колониясы астындагы бир катар мамлекеттерди, жалаӊ гана аскерий жана сакафий кооп-коркунучтар менен коркууда кармап турууга аракет кылып жатат. Казакстанда да кудум Украинадагы сыяктуу Россиянын сакафий таасири өтө күчтүү. Казакстандын түндүк регионунун негизги бөлүгүндө да дээрлик орус тилдүү калктар жашайт. Казакстандын маанилүүлүгү Россия үчүн Украинадан кем эмес. Украина негизинен энергетикалык сырьёлорду экспорт кылууда стратегиялык мааниге ээ болгон болсо, Казакстан тескерисинче, бул сырьёлорду Орто Азия мамлекеттеринен импорт кылуу боюнча жана транзиттик жолдору боюнча стратегиялык маанилүү аймак болуп эсептелет.
Бирок, Казакстан өкмөтүнүн өз кызыкчылыктарынан келип чыгып, өлкө кызыкчылыктары негизинде пикирлей башташынын өзү мактоого татыктуу. Россия азыркы абалында Казакстан менен алакаларын толук үзүп жибере албайт. Себеби, анын бул аракеттери Евразия экономикалык биримдиги долбоорлорунун токтоп калышына себеп болушу мүмкүн.
Назарбаев Казакстан “Дүйнөлүк соода уюмуна” мүчө болушу үчүн Россияга кыянат кылууга мажбур болгон болушу мүмкүн. Бирок, качанкыга чейин ири мамлекеттердин каш-кабагына карап, өз өлкөлөрүбүздүн кызыкчылыктарына тескери аракеттерди аткара беребиз. Эмне үчүн аларга жагынуу максатында өз жарандарыбыз болгон исламий катмардын өкүлдөрүнө каршы жалган иш-чараларды уюштуруп, калкты өкмөткө жана бири-бирине каршы душман кылып даярдап баруудабыз. Акыры бул иштердин бардыгы биздин кызыкчылыктарыбызга тескери эмеспи.
Дагы бир тараптан караганыбызда, Россия эл аралык саясатта өз позициясын жоготуп барууда. Ал кол астындагы алсыз мамлекеттердин башына түшүп бара жаткан ар түрдүү проблемаларда аларга жардам көрсөтө албайт. Ошондуктан, алар өз проблемаларын өздөрүнчө чечишип Россия кызыкчылыктарына тескери аракеттер алып барышында Россия аларга каршы катуу басым өткөрө турган абалда эмес.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…