Велаяти: АКШ Иран менен жолугушуу өткөрүү ниетинде

Ирандын диний көсөмү Аятолла Хаменеийдин башкы кеңешчиси Али Акбар Велаяти АКШ өкмөтү Сирия жана Яман маселелери жаатында Иран менен жолугушуу өткөрүүнү каалап жаткандыгын билдирди.

“Акыркы кездерде америкалыктар Ирандын жардамына муктаж болгондуктары себептүү Сирия жана Яман маселелери жаатында Иран менен жолугушуу өткөрүүнү каалап жатышат”, – деди Велаяти.

Велаяти Ирандын диний жетекчилигине тиешелүү интернет сайтта таркатылган интервьюсунда ядролук программа боюнча түзүлгөн келишим Ирандын регионалдык саясатын өзгөртпөстүгүн билдирип: “Ирандын региондогу оппозициялык маанайдагы согушкерлерге берип жаткан жардамы кандай болсо ошондой бойдон калат, ал тургай күчөтүлүшү да мүмкүн”, – деп кошумчалады.

Башкы кеңешчинин баса белгилешинче, Иран жана АКШ ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөр жараянында Хаменеийдин буйругу менен ядролук программа маселеси гана талкууланган, бирок, мындан мурда Афганистан жана Ирак жаатында БУУнун көлөкөсү астында АКШ менен жолугушуу өткөрүлгөн.

Акыркы кездерде америкалык жооптуулар Сирия жана Яман сыяктуу айрм регионалдык маселелерде Иран менен жолугушуу өткөрүүнү каалап жаткандыктарын билдирген Велаяти: “А бирок, Хаменеийдин уруксатысыз эч бир ирандык жооптуу регионалдык маселелер же эки мамлекет ортосундагы өз ара алакалар туурасында америкалыктар менен жолугушуу өткөрүү укугуна ээ эмес”, – деди.

Али Акбар Велаяти Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишим мамлекеттин аскерий кубатына таасирин тийгизбестигин билдирди. Анын түшүндүрмө беришинче, жакынкы жана алыскы аралыкка уча турган о.э. коюу жана суюк жанылгы менен учуучу ар түрдүү ракеталар Иран тарабынан иштелип чыга берет.

Велаяти интервьюсу учурунда Ирандын Ирак өкмөтүн жана калкын ар түрдүү “террор”го каршы күрөшүндө колдоо туурасында чечими бекем экендигин да айтып өттү.

turkistonkg

Recent Posts

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

10 hours ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

1 day ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

1 day ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

1 day ago

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…

1 day ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

1 day ago