АКШ мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы адам соодасы туурасындагы отчётун жарыя кылды

АКШ мамлекеттик департаменти 28-июль күнү Кыргызстандагы адам соодасына тиешелүү жылдык отчётун жарыя кылды. Отчётто келишинче, Кыргызстан – эркектер, аялдар жана жаш балдарды мажбурий эмгекке, аялдар жана жаш-балдарды жыныстык эксплуатация кылуу максатында – адам соодасы менен алектенүүчү жана транзит кылуучу мамлекетке айланып калган.

Кабар берилишинче, адам соодасынын курмандыгына айланып   жаткандардын көпчүлүгүн эркектер т.а. чет элде иштеп жаткан эмгек мигранттары түзүүдө. Отчётто айтылышынча, “кыргызстандыктар Россия жана Казакстанда көбүрөөк, Түркия жана Европанын башка мамлекеттеринде болсо азыраак даражада мажбурий эмгекке тартылышууда”.

О.э. отчётто, эркек жана аялдардын Кыргызстан ичкерисинде да айыл чарба жана токой чарбаларында, курулуш жана токуучулук өнөржайы о.э. жаш балдарды кароо жана үй кызматчысы сыяктуу мажбурий эмгекке тартылып жатышканы айтылат.

“Ошону менен бирге кыргызстандык жаш балдар пахта жана тамекиде да эмгектенүүгө, мамлекеттин ичкерисинде наркотикалык заттарды сатуу жана таркатууга, Кыргызстан ичкерисинде да, кошуна мамлекеттерде да араба менен жүк ташуу иштерине тартылууда. Аялдар жана кыздар болсо Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Россия, Казакстан жана мамлекеттин ичкерисинде жыныстык эксплуатация кылуу максатында адам соодагерлеринин курмандыгына айланып жатышат”, – деп айтылат АКШ мамлекеттик департаменти жарыя кылган отчётто.

“БУУнун жаш балдар соодасы боюнча атайын өкүлүнүн отчётуна карабастан Кыргызстан өкмөтү адам соодасына байланышкан кылмыштарды жок кылуу жана ага тиешеси барларды жазалоо маселесин чечүү боюнча жетиштүү деӊгээлде чара көрбөдү”, – деп айтылат отчётто.

Туркистон:

АКШ жана ал жетекчилик кылып келе жаткан дүйнөлүк система өздөрүнүн кызыкчылыктары жолунда эки жүздүү саясат жүргүзүшөт. Алар өз кызыкчылыктарына тескери иш жүргүзө баштаган өлкөлөрдөгү гана зулумдарды ашкерелеп, бүт дүйнөнү аларга каршы аракеттенүүгө чакыра башташат.

Мисалы, АКШ адам укуктарынын коргоочусу болуп, Иракта Саддамды дарга асып өлтүрдү. Ирактын абалы мурункудан он эсеге начарлады, адамдардын жашоо деӊгээли да ар тараптан начарлап барууда. Ливияда Каззофийди өлтүрүп жиберишти. Учурда бул мамлекет уруучулук дооруна кайтып бара жатат. Афганистанга бастырып кирип, ал жерди дайынсыз уранды абалга кептеп, азыр ал жерди да өз абалына таштап койду. Бул сыяктуу мисалдар өтө көп. Жогоруда болсо, Кыргызстан өкмөтүнө басым өткөрүү компаниясын баштады. 

Мындан бир нече жылдар мурда Өзбекстанды ар түрдүү санкциялар менен ороп алып, Каримовду режими менен бирге бир аз кыйнап келе жаткан эле. Бирок Каримов өзүн оӊдоп, АКШга Афганистан проблемаларын чечүүдө көмөктөшө баштагандан кийин, кокустан эле бул режим жүргүзүп жаткан айбандык зулумдарга карата дагы кайрадан кайдыгер саясий кырдаал пайда боло баштады. Белгилүү болгондой, өзбек бийлиги жүргүзүп жаткан саясат Кыргызстандыкына салыштырып болбой турган даражада зулум астында жүрүп жатат.

Демек, АКШ Кыргызстанга өз кызыкчылыктарынан келип чыгып мамиле көрүнүшүн калыптандырууга аракет кылып жатат. АКШ үчүн биздеги адамдар жана алардын акы-укуктарынын кыпындай кадыры жок. АКШ Кыргыз өкмөтү менен бир нече маселелерде келише албады. Аныгыраагы, кыргыз бийлиги Россиянын бир катар басымдары астында АКШнын бир нече кызыкчылыктарын четке кагып жиберди. Ушулардын негизгиси, Манас аэропортундагы Ганси авиабазасынын жабылышы болду. Эми ал Кыргызстанды чачыранды кылып жиберүү максатында өзүнүн эл аралык саясаттагы салмагын ишке салат.

АКШнын ыпылас максатын көздөй багытталган бул иш-аракеттерден кутулуунун жолдору барбы? Албетте, бар! 

turkistonkg

Recent Posts

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…

22 hours ago

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар)  Убадага тескери…

2 days ago

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…

3 days ago