Темир Сариев: Кыргызстан хижаб кийгендерге ачык каршы чыгышы керек

 “Адамдын ким экендигин билмекчи болсоӊ, ага кызмат берип көр” дегендей, Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев да Кыргызстанды премьер-министри болуп дайындалгандан бери негизги көӊүлүн мамлекетте тереӊ тамыр жайган коррупция, жакырчылык, жумушсуздук… сыяктуу калктын айласын кетирип жаткан проблемаларды чечүүгө эмес, тескерисинче Ислам дини жана анын баалуулуктарына каршы күрөшкө каратып келүүдө.

 24-июль күнү ИИМдин Ысык-Көлдөгү көчмө жыйында премьер-министр Темир Сариев “Кыргыздар эч качан хижаб жана селде кийбегендигин” айтып өттү.

 Анын айтымында, Ислам чүмбөтү астында кыргыздарга чоочун болгон үрп-адаттарды киргизүүгө аракет кылып жатышат.

 “Биздин мамлекет эми бутка туруп жатат. Биз экстремисттик күчтөргө каршылык кыла алуудабыз. Алар Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнө бойлоп күчкө толуп барууда. Алар чоочун каада-салттарды киргизип жатышат”, – деди Сариев.

 “Биз, Ислам чүмбөтү астында чоочун адаттарды киргизишине каршы күрөшүүбүз керек. Биз Исламды өзүбүздүн динибиз деп кабыл алдык. Бирок, биз паранжы, селде жана ыштанды мажбурлап кийгизүүнү токтотушубуз керек. Кыргызстан хижаб жана селде кийгендерге ачык каршы чыгышы керек”, – деди премьер-министр.

 Темир Сариевдин күч түзүмдөрү катышуусундагы жыйында айткан бул сөздөрү Ислам дини жана анын баалуулуктарына каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган биринчи аракети эмес. Мындан бир аз мурда т.а. 27-июнь күнү өкмөттүн диний саясатты  талкуулоого арналган жыйынында Темир Сариев ИИМ жана УКМК жетекчилерине диний окуу жайларды жана медреселерди текшерүү милдетин жүктөгөн болсо, 16-июлда билим берүү маселелери боюнча болуп өткөн жыйында мамлекетте мечиттердин саны көбөйүп бара жатканынан тынчсыздангандыгын билдирген эле.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

8 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

12 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago