Бишкекте өткөрүлгөн операциядан ким кызыкдар?

“K-NEWS” маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкекте атайын операция учурунда жок кылынган жана колго түшүрүлгөн согушкерлердин “Хизб ут-Тахрир” жамааты менен да алакасы болушу мүмкүн имиш.

Жогорудагы агенттик тарабынан таркатылган маалыматта, бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан билдирүү берилгендиги айтылат.

Эскертип өтөбүз, 16-июль күнү Бишкек шаарында УКМК тарабынан Исламий террористтик уюмдун мүчөлөрү деп шектелген адамдарга каршы операция болуп өттү. Операцияда 6 согушкер өлтүрүлгөндүгү жана 7 адам кармалганы тууралуу билдирүү таркатышты. Ошол күнү коопсуздук комитети тарабынан бул жаңы белгисиз уюм экендиги айтылган эле. “K-NEWS” маалымат агенттиги болсо жогоруда айтып өткөнүбүздөй, “Хизб ут-Тахрирдин да бул теракттарга тиешеси болушу мүмкүн” деген кабарды таркатты. 20-июнь күнү президент Атамбаев (АКИpressке) берген билдирүүсүндө, бул террористтер ИШИМ (Ислам Мамлекети) уюмунун мүчөлөрү болушкандыгын о.э. алардын максаты айт намаз учурунда жана “Кант” аскерий базасында жардырууларды уюштуруу болгонун айтып өттү.

Адамдардын өлүмүнө себеп болгон жана карапайым калктын өмүрүнө да коркунуч туудурган бул операция кимге каршы жүргүзүлгөндүгү эмне үчүн ачык-айкын эмес? Эмне үчүн бир нече хизб, жамааттар жана согушкер уюмдар бир капка салынып, алар тууралуу коомчулукта жаман пикир пайда кылууга аракет кылынып жатат? Балким бул – 1999-жылдагы Ташкенттеги 16-февраль окуясы сыяктуу – жалпы мусулмандарга каршы уюштурулган теракт операциясы болуп жүрбөсүн.

14-июль күнү Азимжан Аскаров АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан “Адам укугунун коргоочусу” сыйлыгы менен сыйланды. Өз кезигенде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жогорудагы сыйлыкты “улуттар аралык жаӊжалды козгоого каратылган иш” деп түшүнө тургандыгын билдирип, АКШнын Бишкектеги ишенимдүү өкүлү Ричард Майлзды 17-июл күнү министрликке чакыртып ага нааразылык нотасын тапшырды. Мындан тышкары Кыргызстан өкмөтү 22 жыл мурда Бишкек менен Вашингтон ортосунда кол коюлган өкмөттөр аралык келишимди бир тараптуу көрүнүштө жокко чыгаруу менен коркутту.

Демек, жогорудагы исламий кыймылдардан күтүлүп жаткан кооп-коркунучтар, түпкүлүгүндө АКШ тарабынан уюштурулушу мүмкүн болгон теракттардан кооптонуу экен. Себеби, АКШ кээ бир максаттарына жетишүү үчүн өз өлкөсүндө, өз жарандарын коркунучка дуушар кылып 11-сентябрдагы терактты уюштургандыгы баарыбызга белгилүү.

Кыргызстан болсо, шайлоону тынч өткөрүп алуу жана Россия сыяктуу партиялык диктатуралык башкаруу түзүмүн тикелеп алуу үчүн, Батыш дүйнөсү менен алакаларын убактылуу бузуп турмакчы. Себеби, бул жолку шайлоо мурункуларына караганда бир топ кызуу болушу жана тополоӊдор менен коштолушу күтүлүүдө. Өкмөт да муну түшүнгөн абалда темир чеӊгел саясатка өтүүгө даярданып, адам укуктарын курал кылып пайдалана алуучу батышчыл күчтөрдү кысымга алуу же убактылуу болсо да изоляция кылып туруу үчүн даярдык көрө баштады. Мындан тышкары, исламий согушкерлер, айрыкча “Ислам Мамлекети” уюму тарабынан уюштурулушу мүмкүн болгон кооп-коркунучтар да, Кыргызстандын күч түзүмдөрү жана маалымат каражаттары тарабынан өтө кеӊири жана ызы-чуулуу кылып таркатып берилди.

Бул саясий сокурдук АКШга өтө пайдалуу болушун алар эми түшүнө башташат. Мурда болсо бул уюмду ызы-чуу кылып, бир катар исламий лидерлерди жана адамдарды камакка алышкан болсо, эми чындап эле коомчулуктун руху аларга каршы күчөп барууда. Жогорудагы террористтерге каршы операциялар да, кеӊири коомчулук тарабынан чыныгы куткаруучулук деп кабыл алынбады. Тескерисинче, “бул алардын кезектеги спектакли” деген кабарлар кеӊири таркап жатат. Бул чындыктын таркалышына ал тургай АКШчыл күчтөр да салымын кошуп жатышат.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago