АКШ Түркиянын “Инжирлик” аба базасына көз артууда

7-июлда Түркия тышкы иштер министринин орун басары Феридун Синирлиоглу баштаган мамлекет расмийлери, Барак Обаманын ыйгарымдуу өкүлү Жон Аллен жетектеген Американын 40 кишилик делегациясы менен жолугушту. АКШ делегациясында Обаманын ыйгарымдуу өкүлү Жон Аллен менен бирге АКШ коргоо министринин саясий маселелер боюнча орун басары Кристин Уормуздун (Christine Wormuth) келиши жана сүйлөшүүлөрдүн эки күнгө созулушу маселенин олуттуу экенинен кабар берет. Жолугушууда, негизинен, “Инжирлик” баш болгон айрым аба базаларды ИШИМ уюмуна каршы жүргүзүлө турган аба чабуулдарына  колдонуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Түркия тышкы иштер министрлигине караштуу булактардан алынган маалыматтарга ылайык, жолугушуу учурунда кызматташууну күчөтүү жана региондогу соңку өзгөрүүлөр талкуу кылынган. Эки күн созулган жолугушууда Түркиядагы аскерий базалар, айрыкча “Инжирлик” аба базасы АКШ аба күчтөрүнүн карамагына тапшырылышы тууралуу сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн. Андагы зарыл болгон темалардын бири “Инжирлик”теги АКШга тиешелүү учкучсуз самолётторду жабдып, чабуулга даярдоо болду.

Өз учурунда Синирлиоглу: “Анкара Сирия жана Ирактагы ИШИМге каршы күрөштө эл аралык коалицияга ачык жардам берүүгө даяр”,-деп сөз баштады. Вашингтон бийлиги, бул региондо ИШИМге каршы күрөштө “Инжирлик” аба базасынын колдонулуусу зарыл экенин жана Түркиянын дагы активдүү катышуусун талап кылды. Анкара да, региондун “Азат Сирия армиясы” жана Ислам Мамлекети” сыяктуу уюмдардын колунда калышын каалабай турганын айтып өттү.

АКШ-Түркия мамилесин жакындан билген мурунку элчи Фарук Лагоглу (Faruk Lağoğlu) АКШ Инжирликтеги аскерий аба базаны алаарына ишенээрин билдирди:               – АКШнын ушундай убакта олуттуу түрдө Анкарага келишине караганда, Инжирлик аба базасынын Америка үчүн ачылышы убакыт маселеси болуп калды. АКШ өз ишин кылат жана шайлоодо калкып калган “Адилет жана өнүгүү” партиясына каалаганча жүк жүктөй берет. Америка эки тараптуу бүтүмдөр чегинде Инжирлик аба базасынан пайдалана баштайт. АКШдан аскерлер алып келинбей турган болсо, анда демек уруксат алуунун да эч кандай кажети болбойт. Сирияга карата аба чабуулун Инжирлик аба базасынан жеңил эле ишке ашырууга мүмкүнчүлүк табат”,-деди мурунку элчи.

“Stratfor”дун кабарына ылайык, Түркия ИШИМге каршы аба чабуулу үчүн эл аралык коалицияга “Инжирлик” аба базасын колдонулушуна уруксат берди. О.э. бул жолугушууда Түркиянын ИШИМге каршы күрөштөгү ролу тууралуу да талкууланды.

Буга чейин, июнь айында Вашингтон бийлиги, “Инжирлик”теги алты учкучсуз самолетунун экөөсүн жабдууну Анкарага тапшырган эле.

Мындан мурун Пентагондо болуп өткөн улуттук коопсуздук жыйыны артынан уюштурулган пресс-конференцияда АКШ президенти Барак Обама ИШИМге каршы күрөш үчүн кошуун жөнөтүү планы бар экенин жарыя кылган. Ал, ИШИМге каршы күрөшүү үчүн активдүү шерикке муктаж экенине ишара жасады. Обаманын айтымында,  ИШИМге каршы күрөш алып баруу жергиликтүү күчтөрдүн жоопкерчилигине түшөт. Ошондуктан, жергиликтүү армияны күчөтүү керек. “Вашингтон бул күрөштө дүйнө бойлоп мусулмандарды колдоп-кубаттоого этибар каратат”,-деди АКШ президенти.

Маалымат үчүн айта кетсек, “Инжирлик” мурунку аты “Адана” аба базасы 1951-жылы жаз айларында Түркиянын НАТОго кабыл алынышы менен бирге ачылган. Расмий түрдө 1954-жылы БУУ тарабынан тастыкталган.

Бул аба базадан 1991-жылы Перс Булуңу кризисинде  Американын учактары Ирак үстүндө 14 саат учуп, 3 миңден ашык бомба таштаган. Иракка жүз ракета учурган жана төрт учагын уруп түшүргөн. Жалпысынан жүздөн ашык чабуул жасаган.

Афганистанга болгон чабуулунда, “Эркиндикти калыптандыруу операция” сы учурунда бул аба база логистикалык жактан жардам берген. Афганистан жана Иракка ташылган курал-жарактын жарымы “Инжирлик” аба базасынан жеткирилген.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago