Колонизаторлор малайы Мустафа Кемальдын колу менен Халифалык мамлекети кулатылгандан бери мусулмандар өз калкандарынан кол жуушту. Ошондон кийин ар кандай ыплас кимселер үчүн Исламга, Ислам дининин баалулуктарына жана мусулмандарга каршы көңүлүнө келген иштерди кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бирмада зөөкүр бутпарастар бүткүл дүйнө көз астында рохинья мусулмандарын беймарал кыргын кылышты. Мушрик Кытай өкмөтү үчүн, Чыгыш Түкистандагы уйгур мусулмандарын өз ишенимдеринен кайтаруу, Ыйык Рамазан айында орозо тутууларына тыюу салуу кадимки эле көрүнүшкө айланып калды. Мусулмандар үстүнө дайындалып коюлган саткын акимдер тарабынан бул иштерге эч кандай жооп билдирилбеди. Мындай мамиледен шыктанган башка жерлердеги мушриктер да мусулмандарга карата жүрөктөрүндөгү жек көрүүлөрүн ашкере кыла баштады.
Бул көрүнүш Индияда улана баштады. “India Today”дин кабарлашынча, “Шив Сена” индия улутчулдар партиясы, өкмөткө диний азчылыктар санынын көбөйүп кетүүсүнө жол койбоо максатында мусулмандардын төрөлүүсүн чектөө сунушун киргизди.
Партия жетекчилери өкмөткө жолдогон ачык катта: “Ассам жана мамлекеттин түндүк-батыштагы майда штаттарында о.э Харьяна жана Дели сыяктуу ири штаттарда да мусулмандар саны көбөйүп барууда. “Шив Сена” мусулмандар өз сандарын көбөйтүү аркылуу индия мамлекетин басып алышынан эскертет”,-деп жазылат.
Улутчул партия жетекчилеринин пикиринде: “Эгер мусулмандар өздөрүн индиялыкпыз деп ойлоп жатышса, анда алар, Индия мыйзамдарына, өзгөчө үй-бүлөнү пландаштырууну мыйзамга ылайык кароолору керек. Премьер-министр Моди жана борбордук өкмөт, мусулмандар эшиктерин кагууга жана аларды эрежелерге амал кылууга буюруу убагы келди”.
Калкты каттоо мекемесинин маалыматына ылайык, 2001-жылдан 2011-жылга чейин, Индия калкынын саны 18 пайызга өскөн. Анын ичинен мусулмандардын саны 24 пайызга көбөйгөн. 2001-жылы мусулмандардын жалпы саны 13.4 пайызды түзсө, 2011 жылга келип алардын үлүшү 14,2 пайызды түздү. Бул болсо индия улутчул күчтөрүн ойлондурууда. Дал ушул себептен улам алар азырынча коргоосуз болуп турган мусулмандарга каршы жүрөктөрүндөгү жек көрүүлөрүн ашкере кылышууда.
Пайгамбарыбыз Мухаммад A хак сөздөрдү айткан: «Силерге үммөттөр ар тараптан кудум ачкөз өз идишине таштангандай чабуул кылат. (Ровий айтат) биз сурадык: Эй Расулуллах, ошол күндө биз аз болгонубуздан ушундай болобу? Расулуллах A айтты: Силер ошол күндө көп болосуңар, бирок, селдин көбүгүндөй болосуңар. Аллах душманыңардын жүрөгүнөн коркууну алып коёт жана силердин жүрөгүңөргө вахн салат. (Ровий айтат) биз сурадык: Эй Расулуллах, вахн эмне? Расулуллах A айтты: Жашоону жакшы көрүү жана өлүмдү жаман көрүү». (Ахмад ибн Ханбал).
Абдурахман.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…