Демпси: Россия жана Кытайга каршы согуш ыктымалы күчөп барууда

Вашингтондо АКШ башкы штаб башкармалыгынын жетекчиси Генерал Мартин Демпси эл аралык алакаларды этибарга алган абалда даярдалган коопсуздук жана коргонуу стратегиясына тиешелүү документти сунуштады. Мындай документти сунуштоо эң акыркы жолу мындан төрт жыл мурда т.а. 2011-жылы болгон эле. Азыркы сунушталган стратегия документинде “АКШнын чоӊ күчтөргө каршы согушка кирүү ыктымалы барган сайын күчөп бара жатканы” кабарланды. Генерал Демпсинин баса белгилешинче, мындай күрөштөн улуу натыйжалар келип чыгышы мүмкүн.

20 беттен турган документте Москва тарабынан Крымдын аннекция кылынгандыгына көӊүл бурулуп, Россия башкалардын суверинитетин урматтабастыкта айыпталды.

“Россия кошуналарынын эгемендүүлүгүн тан албастыгын жана көздөгөн максатына жетүү үчүн күч иштетүүгө даяр экендигин бир нече жолу далилдеди”, – деп айтылат документте.

О.э. документте Украина чыгышындагы жикчилдер катарында орус аскерлери да согушуп жатканы айтылды. АКШ армиясынын 2011-жылы сунушталган стратегиясына тиешелүү документте Россия туурасында эч нерсе айтылбаган эле.

Кытай болсо Азия-Тынч океаны регионунда кризистерге себеп болуп жаткандыкта айыпталды. Сунушталган документке ылайык, Кытай өкмөтү Түштүк Кытай деӊизи жана Чыгыш Кытай деӊизиндеги кээ бир аралдардын суверинитети жаатында Япония сыяктуу кошуна мамлекеттер менен келишпестиктерди башынан өткөрүүдө.

АКШнын стратегиясына тиешелүү ушул документте ядролук программага ээ болгон Иран жана Түндүк Корея мамлекеттери коопсуздук үчүн олуттуу тынчсызданууларга себеп болуп жаткан мамлекеттер катары тилге алынат.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago