Түркия тышкы иштер министринин кеңешчиси Фаридун Синирлиоглу Италиянын борбору Римде Израиль тышкы иштер министрлигинин башкы директору Доре Голд менен жашыруун жолугушканы айтылууда. Бул тууралуу Израилдин белгилүү гезиттеринен бири “Гаарец” гезити электрондук сайты аркылуу кабар таркатты. Жашыруун жолугушуу Түркиядагы шайлоолордон кийин болуп өткөндүгүн жазган гезиттин электрондук сайтында жолугушууга тиешелүү кеңири маалымат таркатылбады.
Гезиттин жазышынча, Түркияда изарилдик жооптуулар жөнүндө болуп жаткан даабалар түрк парламенти чыгара турган бир мыйзам менен аякташы жана эки мамлекеттин ортосундагы алакалардын турукташуусу жаатында да келишимдер түзүлгөн.
Фотожурналисттер уюмунун мүчөлөрү менен жолугушкан Түркия тышкы иштер министри Мавлут Чувашоглу Түркия жана Израиль ортосундагы жашыруун жолугушууну тастыктады.
“Өз ара алакалар турукташуусу үчүн эки мамлекет ортосунда жолугушуулар болуп турушу табигый абал. Алакаларды эч жолугушпастан улантууга кантип болсун? Бул жолугушуулар эми болуп жаткан иш эмес. Бул эки мамлекет эксперттер даражасында илгертеден эле жолугушуп келе жатат. Бир тармакта келишим түздүк. А бирок, биз каалаган эки тармакта (т.а. Мови Мармара окуясында өлтүрүлгөндөрдүн үй-бүлөсүнө компенсация төлөө жана Газа аймагынын камал кылынышын токтотуу жаатында) эстафета каршы тарапта. Биз алардан жооп күтүп жатабыз”, – деди Түркия тышкы иштер министри.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…