Азыркы учурда телевидение жана радиолор аркылуу өнүккөн мамлекеттердин өнүккөн тараптарын жана өнүгүп бара жаткан тармактарын атайын көрсөтүүлөр аркылуу көрүп калабыз. Мисалы, Япония, Америка жана Европанын бир катар мамлекеттери жетишкен ийгиликтер, бүгүнкү жашоо деӊгээли, өнүккөн өнөр жайы жана байлыктары туурасындагы маалыматтар көпчүлүккө белгилүү.
Ошону менен бир катарда, алар бул байлыктарга кандай жетишкени жана ал үчүн кандай шарттар түзүлгөндүгү, мамлекеттин бул тармактар боюнча кабыл алган токтомдору жөнүндө да маалыматтар берилет. Бул көрсөтүүлөр жана маалыматтардын жыйынтыгы боюнча, бул ийгиликтердин бардыгынын ичинде демократия жатканы жана демократия себептүү бул мамлекеттер ушундай утуштарга жетишкендиги туурасындагы түшүнүктү сиӊдирүүгө аракет кылынат.
Билим берүү мекемелеринде да ушуга ылайык маалыматтар берилет. Жогорку окуу жайлары жана мектептерде да “ошол мамлекеттердеги демократия жакшы өнүккөндүктөн алар бай жашашат, ошондуктан, биз да алар карманган жолду тандашыбыз о.э. алардан үлгү алышыбыз керек” деген маанидеги пикирлерди сиңдирүү аркылуу Европа (куфр) сакафатын киргизүүгө аракет кылынат.
Студенттер да, моданын артына кууп европача кийинсе эле интеллигент жана өнүккөн адамга айланып кала тургандай, кафирлер кандай кийинсе уялбастан алар да кудум ошондой кийине башташат жана өздөрүн алып жүрүүдө, тамактанууда, өз ара мамилелерде да аларды ээрчишет. Мунун себеби: “Анткени, алар өнүккөн адамдар, алардын артынан ээрчисек биз да өнүгөбүз жана байып кетебиз”, – деген пикир бизге жаш кезибизден баштап сиӊдирилүүдө.
Чындыгында эле ошондойбу?
Тарыхка назар таштасак, бул суроонун жообун билип алабыз.
Мындан 500-600 жыл мурункуга назар таштасак, ошол кезде демократиянын “Д” тамгасы да болбогон. Бирок, ошондой болсо да мусулмандар өнүгүп, куфр дүйнөсү болсо өтө караӊгылыкта жашайт эле.
Эмне үчүн бүгүнкү күнгө келип 500 жыл мурда бетин жууганды да билбеген кафирлер өнүктү да, ошол кезде өнүккөн мусулмандар караӊгы жана жакыр болуп калышты?
Демек, калактык жана жакырчылыктын себеби демократияда эмес. Бул сөздөрүбүздүн далилин төмөндө келтиребиз;
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөдө БУУ түзүлдү. Бул уюмга чоӊ беш мамлекет негиз салды. Ошол беш мамлекет (Америка, Россия, Кытай, Франция жана Улуу Британия) башка мамлекеттер өздөрүнөн өтүп кетпестиги үчүн о.э. БУУ негизинде ар дайым көзөмөл жана колония кылып кармап туруу үчүн беш мамлекет келишип алышты.
Алар башка мамлекеттердин саясий, экономикалык, агартуу жана башка көптөгөн тармактарын көзөмөлдөшөт. Биз агартуу тармагындагы колонизатордукка көӊүл бурмакчыбыз. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, мусулмандар Халифалык мамлекети кулатылганга чейин өтө өнүккөн жана дүйнөдө жетекчиликти өз колунда кармап келишкен болчу. Мунун себеби, илим-фан өнүккөн эле. Халифалык кылатылгандан кийин БУУнун жардамында мусулмандардан ушул илим-фан тартып алынды. Түпкүлүгүндө, мамлекетти оор өнөр жай өнүктүрөт. Кайсы өнүккөн мамлекетти карабагын оор өнөр жайы өнүккөн болот. Өнүгүүгө алып баруучу жана оор өнөр жайды үйрөтүүчү физика, химия, алгебра жана башка анык фандар (предметтер) ошол беш мамлекетте кийинчерээк Германия жана Япония сыяктуу көз карандысыз мамлекеттерде билим берүү мекемелеринде жогорку даражада окутулат.
БУУнун эсептөөсү боюнча үчүнчү дүйнө мамлекеттери болуп эсептелүүчү (Араб жарым аралы, Азия, Африка) мамлекеттерде бул фандар тайыздатылган абалда окутулат же мугалимдер жок деген шылтоолор менен таптакыр окутулбайт. Билим берүү программалары БУУ тарабынан программалангандыктан, көз карандысыз жана колонизатор мамлекеттер үчүн башка-башка даражаларда берилет.
Мисалы, Франция жана Германия сыяктуу мамлекеттерде мектеп жана жогорку окуу жайдын окуучуларын самолётторду жасоо, же жаңы түрдөгү телефондорду ойлоп табуу жөнүндө пикирлетсе, КМШ мамлекеттери (мурдагы СССР), Араб мамлекеттери жана Африка мамлекеттеринин окуучуларына ошол чоӊ мамлекеттер ойлоп тапкан нерселерди иштетүү жана кандай пайдалануу туурасында пикирлетет.
Мындай ойлоп табуулардын мусулмандарга көчүү жараянын көзөмөлдөө максатында жыл сайын анык фандар боюнча эл аралык олимпиадаларды уюштурушат. Кокустан бирер үчүнчү дүйнө мамлекетинен ойлоп табуучу жаштар чыгып калса аны дароо өз мамлекетине алып кетишет.
Тыянак кылып айтарыбыз, мусулмандардын өнүгүүсү демократияда эмес, тескерисинче, Исламда. Себеби, Ислам билим алууда өз жарандарына кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. БУУ сыяктуу тоскоолдук кыла турган уюмдарды тыйып коёт. Ойлоп табуучулар үчүн шарттарды түзөт жана оор өнөр жайды өнүктүрөт.
Физика, химия, алгебра жана геометрия сыяктуу фандар нерселер үчүн. Ушул фандар негизинде өнөр жай өнүгөт. Аны мусулмандар кылабы же кафирлерби айырмасы жок. Демократия жана Ислам болсо адамдар үчүн чыгарылган мыйзамдар болуп эсептелет. Фандардын буга тиешеси жок. Жогорудагы фандар кайсы мамлекетте өнүксө ошол мамлекет өнүгөт, ал Ислам мамлекети болобу, же демократиялык мамлекетпи мунун айырмасы жок. Эгерде адамдар Ислам менен жашашса, Аллахтын алдында жүздөрү жарык болот. Эгерде демократия менен жашашса, Аллахтын алдында жүздөрү кара болот. Бул эки түзүмдү өнүгүүгө аралаштырууга болбойт.
(БУУ жөнүндө төмөнкү линк аркылуу кеӊири билип алышыӊыз мүмкүн)
Дүйнө кече, бүгүн жана эртең
Ансор .ансор.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…