Хизб ут-Тахрир уюму мубарак рамазан айынын биринчи жумасында Ислам Үммөтүнөн, айрыкча күч-кубат ээлеринен Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн нусрат талап кылды. Түркия, Палестина, Иордания, Индонезия, Судан, Ливан, Тунис, Бангладеш, Пакистан, Сирия сыяктуу бир нече Ислам өлкөлөрүндө, бир эле мезгилде Үммөттүн арасындагы күч-кубат ээлерине кызуу кайрылуу жолдонду.
Хизб ут-Тахрир уюму Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий турмушту жаңыдан баштоо үчүн дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Узак убакыттар залимдердин зындандарында мүчөлөрүнүн шейит кылынышы жана оор кыйноолорго салынышы менен маанилүү маселеге айланып келген бул уюм бүгүн күнгө келип бир эле мезгилде бир нече мамлекетте күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылуу менен күндүн темасына айланды.
Бул кайрылуу Халифалык мамлекетинин тикеленишине канчалык жакын убакыт калгандыгын дос-душманга көрсөтүп койду. Анткени, Хизб ут-Тахрир элүүдөн ашуун мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн күн-түн дебей колунан келишинче аракет кылууда.
Хизб ут-Тахрир түзүлгөн күндөн бери Үммөттөн үч жолу нусрат талап кылды. Биринчиси 1969-жылы жана экинчиси 2005-жылы ишке ашырылган эле. Үчүнчү жолу ушул рамазан айынын алгачкы жумасында дагы кайрадан бүтүндөй Үммөткө, айрыкча Үммөттүн арасындагы күч-кубат ээлерине кызуу кайрылуу жолдонду.
Кайрылууда: “Эй күч-кубат ээлери! Бул кайрылуу Аллахтын уруксаты менен чыныгы ансарларга жана “Саъд”дарга гана каратылган. Алар ушундай адамдар болуп, Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга жардам берет, Аллахтын динине нусрат берет, Хизб ут-Тахрирге жардам берүү менен экинчи рошид Халифалыкка жардам берет, Аллахтын убадасын жүзөгө чыгаруу үчүн залим башкаруудан кийин келе турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкка жардам берет”, – деп айтылат.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…