Доктор Ияд Кунайбий камакка алынды

Амалий билимдер университетинин профессору жана фармацевтика факультетинин изилдөөчүсү, иорданиялык белгилүү мутафаккир доктор Ияд Кунайбий Иордания полициясы тарабынан камакка алынды. Акыркы алынган кабарларга ылайык, 15-июнь күнү Кунайбийдин иш ордуна т.а. университетке бастырып кирген полициячылар профессорду өздөрү менен полиция борборуна алып кетишкен жана ошондон кийин ал кишинин камакка алынгандыгы кабарланган.

Ияд Кунайбийдин кандай айып менен камакка алынгандыгы туурасында бирер маалымат жок. А бирок, бир аз мурда Доктор Кунайбий Иорданияда болуп өткөн акыркы окуялар туурасында макала жазган эле. Доктор өзүнүн макаласында Иордания коомчулугу жүздөнүп жаткан проблемаларды беренелерге ажыратып бир-бирден сунуштайт.

10 беренеден турган макаласында Ияд Кунайбий мамлекетте бузуктук иштерге себеп боло турган иш-чаралар мамлекет башчылыгында уюштурулуп жатканын сындап, хижабдуу муслималар “терроризмге каршы күрөш” деген аталышта кысымдарга дуушар болуп жатканына көӊүлдү бурат. Доктордун жазышынча, 13-18 жаштардагы жигит-кыздар “яхудийлер менен жолугушуп турушсун” деген максатта сионисттердин оюн-зоок өткөрүлүүчү жерлерине жана сууда сүзүүчү бассейндерге алып барылган.

О.э. Ияд Кунайбий Иордания экономикасын күчөтүү шылтоосунда Израиль менен газ келишими түзүлгөндүгүн, мамлекет башчыларынын “Charlie Hepdo”  карикатурасы артынан жүз берген Франциядагы жүрүштөргө расмий түрдө катышкандыгын, Өлүк Деӊиз жыйынында Шимон Перес тынчтык каарманы катары көрсөтүлгөндүгүн, гейлер жана лесбиянкалар мамлекетте ачык эле ишмердүүлүгүн жүргүзүшү үчүн АКШ элчисинин сапарына байланыштуу жыйын уюштурулгандыгын катуу сындаган.

“Элдин көпчүлүгү ойгонбой жатат. Эч бир шерменделикти четке кагуу сыяктуу дарты жок. Ал тургай, өз үйүн реформа кылуудан да качышат”, “Мамлекет жооптууларына жалтактабай, эки жүздүүлүк кылбастан, бул иштер туурасында жакшылап ойлонуп көргүлө. Тескерисинче, алардын кылып жаткан иштерине шерик болосуӊар”, “Булардын бардыгын эсиӊерден чыгарбагыла, Аллахтан балээ келгенде “эмне үчүн үчүн” деп сурап отурбагыла”, – деп айтылат Доктор Кунайбийдин макаласында.

Туркистон: Аллах боордошубузга сабыр берсин.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago