БУУнун башкы катчысы Борбор Азия бойлоп турнесин аяктады

437
0

  Өткөн аптада БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Борбор Азия бойлоп турнесин баштаган эле. Ал алгач 9-июнь Ал алгач Тажикстандын борбору Душанбе шаарына барып, “Суу жашоо үчүн” эл аралык кыйымылынын 10 жылдык максаттарын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн эл аралык конференцияда катышты жана Эмомали Рахмон менен жолугушту.

 10-июнда Пан Ги Мун Казакстанда болду жана ал жерде дүйнөдө жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу диндер боюнча мамлекет башчылары катышуусундагы конференцияга катышты. Башкы катчы Нурсултан Назарбаев жана премьер-министр Карим Масимов о.э. тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен жолугушту.

 11-июнда БУУнун башкы катчысы  Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына келди жана Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Ал Бишкекте болуп өтүүчү Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык конференциянын ачылыш ырасымына катышып, андан кийин болсо мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондон кийин Пан Ги Мун премьер-министр Темир Сариев о.э. Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков менен да жолугушту. Бишкектен Ошко барган башкы катчы ал жерде 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңда өлгөн адамдарды эскерүү ырасымына катышты. Кыргызстан өкмөтүн ошол кайгылуу күндөрдөгү кырсыктуу окуяларды толук жана адилеттүү тергөөгө чакырды жана улуттар аралык татуулукка жетишүүнү насаат кылды.

 11-июнь күнү кечинде Өзбекстанга сапар кылган  Пан Ги Мун 12-июнь күнү президент Ислам Каримов менен жолугушту. Каримов жана Пан Ги Мун ортосунда болуп өткөн жолугушуу учурунда эл аралык террорчулук жана экстремизмге каршы күрөшүү маселесинде пикир алмашылды.

  “Жолугушуу учурунда эки тараптуу мамилелердин бүгүнкү абалы о.э. келечектеги өнүгүүлөр, эл аралык жана аймактык саясаттын маанилүү маселелери талкууланды. Айрыкча, Борбор Азияда тынчтыкты камсыздоо, эл аралык террорчулук жана экстремизмге каршы күрөштө биримдик маселелери талкууланды”, – деп айтылат расмий билдирүүдө.

 Ошондон кийин Түркмөнстанга барган БУУнун башкы катчысы 13-июнь күнү Түркмөнстан президенти Курбангулы Бердимухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошол сүйлөшүү учурунда Түркмөнстан президенти БУУнун Азияда куралсыздандыруу боюнча аймактык борборун түзүүнү сунуштады.

 О.э. куралдар таркатылбастыгы жана куралсыздандыруу жараяндарын бекемдөө сыяктуу зарыл маселелерди чечүүдө жана тийиштүү эл аралык-укуктук базасын кеңейтүүгө каратылган иш-чараларды талкуулоодо биргеликтеги аракеттердин маанилүү экендиги баса белгиленди. Түркмөнстан президенти бул тууралуу сөз кылып, Борбор Азияда ядролук куралдан эркин аймак түзүү туурасындагы келишим ишке ашырылышы маанилүү экендигин баса белгиледи.

 Туркистон:

Борбор Азия республикаларын бойлоп сапар кылган БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун кайсы республикада болбосун ошол мамлекет үчүн оорулуу болгон чекиттерине көңүл бурду жана  бул жарааттарды тырмап жаңыртууга аракет кылганы ачык эле көрүнүп турду.

  БУУнун башкы катчысы 9-июнь күнү Тажикстанда болуп өткөн “Суу жашоо үчүн” эл аралык кыймылынын 10 жылдык максаттарын ишке ашыруу жыйынтыктары боюнча өткөрүлгөн эл аралык конференцияга катышты.Бардыгына белгилүү болгондой, Тажикстан жана Өзбекстан ортосунда Рогун ГЭСинин курулушу боюнча келишпестиктер бар. Өзбекстан президенти Ислам Каримов 2012-жылдын 7-сентябрында Казакстан президенти  Нурсултан Назарбаев менен жолугушуудан кийин Астанада өткөрүлгөн маалымат жыйынында Тажикстандагы Рогун ГЭСи жана Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСинин курулушу жөнүндө сүйлөп: “Кырдаал ушундай көрүнүштө курчуп кетиши мүмкүн дейсиң, бул абал болгону бир диний карама-каршылык эмес, согуштарды келтирип чыгарышы мүмкүн”, – деп баса белгилеген болчу. 9-июнь күнү Пан Ги Мун менен болгон жолугушуудан кийин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон да региондо суу үчүн согуш пайда болушу мүмкүндүгү туурасында “башарат” кылды. 

 Тажикстандан кийин Казакстанга сапар кылган Пан Ги Мундун Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу учурунда диний проблемалар жана ага каршы күрөштө жаңы ыкмаларды колдонуу маселеси талкууланды. Себеби, учурда Борбор Азия мусулмандарынын ойгонушуна жол бербестик, Ислам динин көздөй батымдуу кадамдарды токтотуп калуу проблемасы казак өкмөтү үчүн эле эмес, бүтүндөй регион үчүн жалпы проблема болуп калууда.

 Кыргызстанда болсо Пан Ги Мун бүгүнкү күндө мамлекет үчүн маанилүү проблема болуп турган улуттар аралык мамилелер маселесин кайрадан көтөрдү, Ош окуялары унутулуп кетпесин үчүн курман болгондорду эскерүү шылтоосунда өкмөткө көрсөтмөлөрдү берди о.э. Кыргызстан жана Тажикстан ортосундагы чегаранын эки тарабында жашаган калктар ортосунда кызматташтыкты бекемдөө боюнча БУУнун жаңы демилгесин жарыя кылды.

 Өзбекстанда болсо, ансыз да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн курал катары пайдаланылып келе жаткан терроризм жана экстремизмге каршы күрөш маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

  Өз турнесин Түркмөнстанда аяктаган Пан Ги Мун мамлекет өзү ээлеген бейтараптык саясатынан ооп кетпестигин жана Россия таасирине түшүп калышынан эскертип, анын  аскерий жардамынан пайдаланбастык маселесин көтөрдү.

 Чындыгында  Пан Ги Мун Борбор Азия бойлоп уюштурган турнеси учурунда ар бир республиканын оорулуу жарааттарын дагы бир жолу тырмап өттү. БУУнун башкы катчысы регион бойлоп кылган сапарында бул проблемаларды чечүүнү эмес, тескерисинче ушул проблемаларыбызды бизге дагы бир жолу эскертип өтүү менен, керек болгон учурда бул оорулуу чекиттерден Батыш мамлекеттери пайдаланышы мүмкүндүгүн эскертип коюу аркылуу Батыш түзүмүнө болгон көз карандылыгыбызды бекемдеп коймокчу…

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here