НАТО вужуду Афганистанда сакталып кала берет

 НАТОнун Афганистандагы миссиясы аяктагандан кийин да НАТО вужуду афган жерлеринде сакталып кала берет. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Жон Столтенберг билдирди.

Столтенберг Анталиядагы “Susesi” мейманканасында Афганистан тышкы иштер министри Салохиддин Раббони менен жолугушкандан кийин журналисттерге интервью берди.

Столтенберг Афганистан тышкы иштер министри менен биргеликте маанилүү чечимдерди кабыл алгандыгын билдирип, “Афганистандагы азыркы миссиябыз аяктагандан кийин да ал жерде калуу туурасында келишип алдык” деди.

Столтенбергдин баса белгилешинче, Афганистанда кала турган НАТО вужудунунун мурункусунан айырмасы, топко аскерий эмес адамдар жетекчилик кылышат. А бирок, бул вужуд тар чөйрөдө аскерий элементтерди да өз ичине алат. Столтенбергдин айтымында, НАТО жооптууларына жаздан кийин ишке ашырыла турган пландын үстүндө иштөө милдети жүктөлгөн.

Афганистан коопсуздук күчтөрү өзүн-өзү коргой алышы үчүн НАТО күчтөрү тарабынан аскерий даярдыктан өткөрүлүшү жана кеӊештер менен камсыздалышы зарыл экендигин айтып өткөн Столтенберг Афганистанга жардам берүү өздөрүнүн мойнундагы милдет экендигин кошумчалады.

Столтенберг ушул кезге чейин Афганистандагы операцияларга салымын кошкон о.э. техникалык жана финансылык жактан жардам берген мамлекеттерге ыраазылык билдирди. Анын баса белгилешинче, туруктуу саясий мүмкүнчүлүккө ээ болуу үчүн “терроризм”дин эл аралык алакаларына чек коюу, Талибан кыймылынын алдын алуу керек о.э. аял укуктарын өз ичине алган Афганистан конституциясына амал кылынышы керек.

Туркистон:

АКШ Афганистанга НАТО жардамында бастырып кирди. Бирок, миссиясын толук аяктай алган жок. Анын миссиясы (белгилүү бир максатка негизделген операциясы), бүтүндөй Афганистанда демократияга негизделген башкаруу системасын киргизүү болчу. Тескерисинче, АКШ Афганистандын бир нече бөлүктөргө бөлүнүп кетишине себепкер болду. Муну менен Афганистанда мурдагы абалынан да жаманыраак абал пайда болушуна себепкер болду.

 Талибанга жеӊилип, өз миссиясын аткара албай калган АКШ региондогу мурунку миссиясын жаӊысы менен алмаштырып алды. Эми анын жаңы планы боюнча Афганистан проблемасы Борбор Азиянын о.э. дүйнөлүк коомчулуктун проблемасына айланып калды. Ал Афганистанда жасалма өкмөт пайда кылып, бүт проблемаларды анын мойнуна жүктөдү. Өзү болсо, учурдагы өкмөттү, кудум Сирияда Асад режимине толук демөөрчүлүк кылып келе жаткандай, Афган өкмөтүн да көзөмөлгө алды. Эми АКШ Афганистандагы бир нече топтор ортосунда согуш уюштуруп, өзүнө малай болгон тараптарды толук колдоп туруу менен өзү үчүн ыңгайсыз же керексиз күчтөрдү алсыздандыра алат. Т.а. АКШ региондо өзү пайда кылган проблемасын, жаңы Афган өкмөтүнүн мойнуна жүктөй алды. Эми ал иш жүзүндө баскынчы болушуна карабастан, көзөмөлчү, адилетчил, акыйкатчыл….. болуп алмакчы.

Мусулмандар АКШнын бул айла-малдарына алданбашы керек. Алар бири-бири менен тынчтык келишимин жана алакаларды орнотуп, Ислам дини негизинде өз ара мамилелерди калыптандырышы керек. Куфрдун азыркы эл аралык системадагы кубатын мына ушундай жол аркылуу гана жеӊүүгө болот. Куфр негизинде жүрө турган ар кандай сүйлөшүү жана мамилелер куфр кызыкчылыктарын гана жүзөгө чыгарат. Шаръий эрежеге ылайык “ шаръий өкүм негизинде болбогон ар кандай аракет, кайры исламий аракет деп этибар кылынат”.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago