Хизб ут-Тахрир жигиттери Аракан мусулмандарына жардам колун сунушту

422
0

Мьянмада бутпарастардын аёосуз зулумунан качкан, а бирок, эч бир мамлекет кабыл албагандыгы үчүн Тайландга жакын жердеги Андаман деңизинде калып кеткен аракандык мусулмандардан жаман кабар келе баштады. 350 аракандык мусулмандын өмүрү коркунуч астында калган. Кемеде азык-түлүк жана таза суу биротоло түгөнгөн. Жакында алардан 10 киши ачкачылык жана чаӊкоого чыдабастан өлгөндүгү айтылууда. Түштүк Азия мамлекеттеринин жетекчилери Аракан мусулмандарынын муӊ-зарына кулак салуудан баш тартууда.

БУУ таркаткан маалыматка ылайык, учурда Аракан жана Бангладештен качып чыккан алты миӊ мусулман деңиздерде өлүм менен бетме-бет калууда. Аларды өз аймагына киргизүүгө эч бир мамлекет уруксат бербей жатат. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зайд Раад ал-Хусайн өзүнүн жазма баянаты аркылуу билдирди.

“Тайланд, Индонезия жана Малайзия мамлекеттери чарасыз калган качкындар кемелерин деңизде жардамсыз таштап коюшунан жана натыйжада адамдар өлүп жатканынан тынчсызданып жатамын”, – деп айтылат комиссар Зайд Раад ал-Хусайндын жазма билдирүүсүндө.

Индонезия өкмөтү Аракан мусулмандарынын муӊ-зарына көӊүл буруудан баш тартып жаткан бир мезгилде, Ачех аралына башбаанек издеп келген аракандык миӊдеген мазлум мусулмандарга Хизб ут-Тахрирдин жигиттери жардам беришти. Алты миӊ мусулман ачык деңиздерде өлүмүн күтүп жаткандыгын бүт дүйнө унчукпай күзөтүп турган бир мезгилде, Хизб ут-Тахрир жигиттери мүмкүнчүлүгүнөн келип чыгып Аракан мусулмандарынын Ачех аралына кирип алышына жардам беришти. Хизб жигиттеринин бул маъруф иштери Индонезия маалымат каражаттарында кеӊири ачыкталды. Азык-түлүк жана таза суу менен камсыздалган мазлум мусулмандар башбаанекке жарактуу жерлерге жайгаштырылышты. Индонезия өкмөтүнүн каршылыгына карабастан, Хизб жигиттери бул жакшылыкты ишке ашырууга жетишишти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here