“Эй Давутоглу, Аллахтан корк”

Бир нече күн мурда НАТОго мүчө 28 мамлекеттин тышкы иштер министрлери Түркиянын Анталия шаарында жыйын өткөрүштү. Белгилүү болгондой, Түркия мындан мурун да НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жыйынын Анкара жана Стамбул шаарларында үч жолу уюштурган эле. Быйыл Алталияда төртүнчү жолу өтүп жатат.

Жыйындын алкагында Түркиянын премьер-министри Ахмад Давутоглу АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана НАТОнун башкы катчысы Жон Столтенберг менен жолугушууларды өткөрдү. Ахмад Давутоглу жыйындын ачылышында НАТОнун Афганистанда бар болуп турушу зарыл экендигин баса белгиледи.

“Биз бардык турмуштук кыйынчылыктарда союздаштарыбыздын жанында болобуз. Афганистанда аткарыла турган иштер өтө көп экендигин билебиз. Коопсуздукка болгон коркунуч уланууда. 13 жылдан бери Афганистанда туруксуздук өкүм сүрүүдө. НАТО жана эл аралык коомчулуктун Афганистанда бар болуп турушу 2016-жылдан кийин да уланышы керек”, – деди Түркия премьер-министри.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар Түркия премьер-министринин бул билдирүүлөрүнө төмөнкүдөй мамиле билдирди:

“Премьер-министр Ахмад Даовутоглуна кээ бир нерселерди эскертип өтүү жана кээ бир нерселер тууралуу суроо берүү мусулман катары өзүбүздүн Исламий милдетибиз деп билебиз. Советтер союзу кулагандан кийин НАТО Ислам өлкөлөрүн басып алуу жана мусулмандарды өлтүрүү менен ишмердүүлүгүн улантты. Бул нерсе акыркы 25 жылда мусулмандар башынан өткөргөн жана дүйнө жүзү күбө болгон акыйкат. Ошондой болгон соӊ, НАТО жетекчилерин Түркияда мейман кылуу калкы мусулман болгон Түркия үчүн кордук эмеспи”! Америка, Британия жана Франция башчылыгындагы бул крестүүлөрдүн канкорлорун өлкөбүздө коноктоо жана дагы деле бул союздун мүчөсү болуу сизге оор тийбей жатабы? НАТО басып алган жерлерде бүгүнкү күндө азапталып жаткан жаш балдардын муӊ-зарынан коркпойсузбу? НАТОнун Боснияда, Косоводо, Афганистанда жана Ливияда кылган иштеринен кийин кантип “Бардык турмуштук кыйынчылыктарда НАТОнун жанында болобуз” деп айта аласыз? НАТО Афганистанда бейкүнөө балдарыбызды өлтүрдү. Ыйык Китебибизди тебелеп-тепсеп, өрттөдү. Ал тургай, шейиттерибиздин денелери үстүнө заара кылышты. Ошондой болушуна карабастан, кантип “НАТОнун Афганистанда дагы деле аткара турган иштери өтө көп” деп айта аласыз? Адамдар, айбандар, тоо-таш жана бүт жаратылыш НАТОнун баскынынан аман калбаган соӊ, сиз кантип “Афганистанда дагы деле коопсуздукка коркунуч уланууда” деп айта аласыз? Урматуу          премьер-министр, эсиӊизден чыгарбаӊыз, Афганистандагы коопсуздукка эӊ чоӊ коркунуч – бул баскынчы Америка жана НАТОнун өзү. Эй Ахмад Давутоглу, Палестинадан Өзбекстанга чейинки, Сириядан Афганистан жана Чыгыш Түркстанга чейинки мусулмандар силерди Исламга жардам берүүгө чакырууда. Силер болсо НАТОнун Афганистанда калышын каалап жатасыӊар. Сирия үчүн НАТОнун кызматташуусун күтүп жатасыӊар. Баскынчы НАТО жетекчилерин эмдиги жыйында үй-бүлөлөрү менен Түркияга эс алууга чакырып жатасыз. Аллахтан корккула жана мусулмандардан уялгыла, Аллах Таала сизди бул позицияӊыз себептүү эсеп-китеп кылышы эсиӊизден чыкпасын.

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ”.

Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбарына кыянат кылбагыла жана билгенабалыӊарда силерге ишенип берилген нерселерге (т.а. динге жана башка ар кандай аманаттарга) кыянат кылбагыла!”.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

18 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

22 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago