АКШ президенти Барак Обама АКШнын Мериленд штатында алты Булуң мамлекетинин жетекчилери менен жолугушту. Араб мамлекеттеринин жетекчилери жолугушууда өздөрү күткөн нерсеге жетишкендей болушту. Себеби, Кемп Дэвид резденциясында болуп өткөн жолугушууда АКШ өкмөтү Булуң мамлекеттерин тышкы кооп-коркунучтардан коргоо кепилдигин мойнуна алгандыгы туурасында билдирүүлөр жаӊырды. Билдирүүдө айтылышынча, АКШ Булуң мамлекеттеринен турган союздаштарынан таптакыр баш тартпайт.
Булуң регионунда АКШнын күчтүү аскерий базасы бар экендигин айткан президент Обама эгерде араб союздаштарын тышкы чабуулдардан коргоо үчүн аскерий күч колдонууга туура келсе, Пентагон буга даяр экендигин билдирди.
Президент Обама булуң мамлекеттери АКШнын региондогу эң жакын союздашы экендигин жана Саудия королу Салман бин Абдулазизди өтө урматтай тургандыгын баса белгилеп, араб мамлекеттерин тышкы чабуулдардан коргоо АКШ өкмөтүнүн мойнунда экендигин айтып өттү.
“Бул мамлекеттер тышкы коркунучка дуушар болгон убакта Кошмо Штаттар жардамга келет. Региондогу проблемаларга чечим табууда кызматташтыкты дагы да күчөтөбүз”, “Булуң мамлекеттеринин коопсуздугу ар дайым корголушу керек. Өз ара келишимде көрсөтүлгөндөй, бул өлкөлөрдүн аймактык туруктуулугуна коркунуч туудуруучу ар кандай коркунучка каршы АКШ алар менен кызматташууга ар дайым даяр”, – деди Обама.
АКШ президенти Перс булуңундагы союздаштары менен көбүрөөк аскерий машыгууларды өткөрүүгө убада берди. Убадага ылайык, ракетага каршы системаны түзүүдө аба чабуулдарынан алдын ала эскертүү системаны пайда кылууда о.э. атайын күчтөр жана чегарачыларды даярдоодо АКШ Перс булуңундагы союздаштарына жардам берет.
Булуң кызматташтык кеӊешинин башкы катчысынын жардамчысы Абдулазиз Увайшик да Булуң мамлекеттери АКШ үчүн маанилүү экендигине басым жасады.
Ал журналисттерге интервью берип: “Булуң кызматташтык кеӊеши Кошмо Штаттар кызыкчылыгы үчүн турмуштук маселе болуп эсептелет”, – деди.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…