Афганистанда ич ара согуштарды токтотуу максатында афган өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Талибан кыймылынын өкүлдөрү катышуусунда Катарда уюштурулган жолугушуу натыйжасыз аяктады. Кабарларда келишинче, Талибан кыймылы АКШ аскерлеринин мамлекеттен чыгып кетишин талап кылган. А бирок, афган өкмөтү бул талаптарды аткарууну катъий түрдө четке каккан.
Катар тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган расмий эмес жолугушууда Афганистандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдогон АКШ жана Пакистандан келген өкүлдөр да катышты. Талибан жооптууларынын бири жыйында Талибан тарабынан сегиз адамдык бир комитет катышкандыгын билдирди.
Аты ачыкталышын каалабаган Талибан жооптууларынын биринин билдиришинче, Талибан тарап койгон талаптар жыйынга катышкан адамдарга жазуу түрүндө сунушталган. Афган өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн талаптарына ылайык, Талибан тарап аларга “Боордошторубуз” деп кайрылышы жана Афганистан конституциясын моюнга алышы керек.
Талибан өкүлдөрүнүнүн баса белгилешинче, ырасында чет өлкөлүк аскерлер мамлекетти таштап чыгып кетишпеген соӊ, согуш активдүү улана берет. Афган өкмөтү болсо учурда мамлекетте афган аскерлерин машыгуудан өткөрө турган чет өлкөлүк командачылар гана калгандыгын айтып жатышат. Алардын айтымында, Талибан менен болгон күрөш аякташы менен алар да кыска убакыттын ичинде мамлекеттен чыгып кетишет.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…