Икбал: Пакистан эӊ кыска убакыттын ичинде “Азия кабыланына” айланат

 Пакистан экономикалык өнүгүү министри Ихсан Икбал Кытай менен Пакистан ортосундагы экономикалык алакалар өнүгүп бара жаткандыгына басым жасап, Кытайдын колдоосу менен Пакистан эң кыска убакыттын ичинде экономикалык жактан “Азия кабыланы”на айлана тургандыгын билдирди.

Ихсан Икбал журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында Кытай президенти Си Цзиньпиндин Пакистанга уюштура турган сапары алкагында 45 миллион доллар өлчөмүндөгү “Пакистан-Кытай экономикалык жолу” долбооруна кол коюлушун билдирди.

Ихсан Икбал Кытайдын батыш бөлүгүнөн башталып Пакистандын түштүгүндөгү Гвадар портуна чейин жетип бара турган “Пакистан-Кытай экономикалык жолу” долбоорун “тарыхий долбоор” катары баалады. Анын айтымында, Кытай өкмөтү бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Түштүк Азия жана Орто Азия калктарынын өнүгүшүнө да өтө чоӊ салым кошкон болот.

Пакистан экономикалык өнүгүү министринин айтымында, долбоордун 37 миллиард долларлык бөлүгү шамалдан, суудан жана күн нурунан электр энергиясын иштеп чыгаруу сыяктуу бир катар энергетикалык тармактар үчүн инвестиция жаткырууга бөлүнөт. Бардык инвестициялар жеке жана мамлекеттик секторлор кызматташтыгында ишке ашырылат, кредит аралаштырылбайт, бул долбоор бардык чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ачык калат.

Кытайдын Исламабаддагы элчиси Сунь Вэйдун да Пакистандын эл аралык басма сөз агенттиги “APP”га берген интервьюсунда “Пакистан-Кытай экономикалык жолу” долбоору ишке ашырылышы үчүн ортоктош кызматташтык комитети жана төрт  жумушчу топ түзүлгөндүгүн билдирди.

“9 жылдык тыныгуудан кийин Кытай мамлекетинин президенти расмий сапар менен Пакистанга келе жатат. Эки мамлекеттин ички жана тышкы саясаттары ар түрдүү болсо да, мунун алакаларыбызга таптакыр таасири жок”, “Пакистан-Кытай экономикалык жолу” долбоорун ишке ашыруу үчүн ортоктош кызматташтык комитети жана төрт жумушчу топ түзүлдү. Комитет долбоордун жалпы планын түзүп чыгат. Төрт жумушчу топ болсо ушул долбоорго жоопкер. Бул долбоордун артынан Европа жана Африка мамлекеттерине товар экспорт жана импорт кылуу мүмкүнчүлүгүнө жетишебиз жана мамлекеттерибизди өнүгүүнү көздөй жетектеген бир күч пайда болот”, – деди Кытайдын элчиси Вэйдун.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago