АКШ аскерийлери Украинага келди

Украина чыгышындагы россиячыл күчтөргө каршы жүрүп жаткан операцияларды өз ичине алган “Террорго каршы күрөш” борборунун маалымат катчысы Андрей Лысенко АКШ армиясынын 173-отрядына караштуу 300 аскер Украинанын Львов шаарына келип түшкөндүгүн билдирди.

Лысенконун билдирүүсүнө ылайык, АКШдан келген 300 аскер Украина куралдуу күчтөрүн аскерий машыгуудан өткөрөт. Андан кийин АКШ жана Украина аскерийлери Львовдогу Яворвский аскерий полигонунда уюштурула турган ортоктош аскерий манёврга катышат.

Амеркалык аскерийлер эмдиги аптадан баштап мамлекеттин түштүгүндөгү Львов шаарына жакын жерде жайгашкан аскерий полигондо 900 Украина аскерин аскерий машыгуудан өткөрүүнү баштайт. Үч баскычтан турган аскерий машыгуунун ар бир баскычы сегиз аптадан болот. Аскерий машыгуу аяктагандан кийин кудум ушул полигондун өзүндө АКШ жана Украина аскерийлери биргеликте аскерий манёвр өткөрүшөт.

Мындан мурда Украина президенти Петро Порошенко менен АКШ президентинин кеңешчиси Жо Байден Америка аскерийлери тарабынан Украина куралдуу күчтөрүн аскерий машыгуудан өткөрүү жана эки мамлекет ортосунда ортоктош аскерий манёвр өткөрүү туурасындагы келишимге кол койгон эле.

Украина жерлерине чет өлкөлүк аскерлердин орношуусун “Коркунуч” катары баалаган Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ аскерийлеринин Украинага келиши ал жердеги кырдаалдын изден чыгышына себеп болушунан эскертти.

“Украинада үчүнчү тараптын аскерийлери жана адистеринин бар болуп турушу келишимдин ишке ашуусу үчүн формула кылып белгиленген чөйрөгө туура келбейт, тескерисинче, кырдаалдын изден чыгышына алып барат”, – деди Россия президентинин маалымат катчысы.

Россия тышкы иштер министрлиги да билдирүү чыгарып, АКШ аскерийлеринин Украинага киргизилиши таптакыр тынчтык алып келбестигин билдирди.

“АКШ өкмөтү Украинада өз аскерийлерин жайгаштыруу аркылуу орус аскерийлеринин Донбасстагы вужуду туурасында айтылып оозеки даабаларды дагы да күчөтүүгө аракет кылууда. Түпкүлүгүндө болсо, Львов регионунда Пентагон аскерийлеринен айырмалуу көрүнүштө Россия аскерийлерин эч ким көргөн эмес. АКШ аскерийлеринин Украина жерлерине тынчтык алып келбестиги ачык көрүнүп турат”, – деп айтылат Россия тышкы иштер министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

Туркистон:

Мындан бир аз мурда АКШнын Европадагы куралдуу күчтөрүнүн командачысы Ходжес “Россиядан коркунуч божомол эмес, акыйкат” деп НАТОго мүчө мамлекеттерди биригүүгө чакырган эле. Эми Украинага аскерлерин алып кире баштады. Бул АКШнын классикалык ыкмасы болуп, дүйнөдөгү алсыз мамлекеттерди басып алуу үчүн алгач жалган коркунуч пайда кылат, андан кийин аскерий колония кылып алуу үчүн аскер алып кире баштайт.

Россия эмне кылышы мүмкүн. Ал ыӊгайсыз абалда калды. Эгерде расмий согуш ачса же ал да регионго аскер алып кире баштаса АКШнын мурунку айткандарын тастыктаган болот. Анда Россия НАТО күчтөрү үчүн бүтүндөй Украинага кирип алышына шарт түзүп берген болот. Унчукпай карап тура турган болсо, АКШ Крымды сурай баштайт. Андан тышкары, Россия чегарасы тарапка НАТОнун базаларын алып кире баштайт.

АКШ калтыс аракет кылууда. Бирок, ар дайымкыдай эле калтыстыктан күтүлө турган кооп-коркунуч башка өлкө жана элдин үстүнө түшөт. Россия чындыгында согуш ачып жибериши мүмкүн. Бирок, бул согуш АКШ айтып жаткандай мурдатан пландаштыргандыктан эмес. Тескерисинче, аны АКШ провокация кылгандыктан башталышы мүмкүн.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago