Кечээ кыргын кылды, бүгүн жардам бермекчи

БУУнун гуманитардык маселелер боюнча агенттиги жергиликтүү булактарга таянып кабар беришинче, Саудиянын Яманга кылган чабуулу натыйжасында 150 миӊ адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Бул болсо, БУУ божомолдогондон 50%га көптүк кылат. Саламаттыкты сактоо түзүмүнүн билдиришинче, 19-марттан 13-апрелге чейин 767 киши өлгөн. Тамак-аш таартыштыгынан азап тартып жаткандардын саны 12 миллионго жеткен.

Бүгүнкү күнгө келип, Саудия өзү талкалаган Яманга 274 миллион долларлык гуманитардык жардам берүүгө токтом кылды. Саудиянын расмий маалымат агенттиги “SPA”нын кабар беришинче, Эр-Рияд өкмөтү Яман калкынын жанында тургандыгын эсепке алып, БУУнун чакырыгы менен  Яманга жардам берүүгө токтом кылган.

Кабарда: “Саудия БУУ жардамында Ямандагы оор гуманитардык абалга колдоо болушу үчүн 274 миллион долларлык жардам берүүгө токтом кылды”, – деп айтылат.

БУУ өткөн эл аралык жыйында күрөш уланып жаткан Ямандын 7,5 миллион калкына 273,7 миллион долларлык жардам берүү зарыл экендигин ачыктаган эле. Кечээ күнү “буз” деген буйрукту алып Яманды талкалаган Саудия бүгүн “жардам” буйругун алды.

Ошол эле убакта АКШ президенти Барак Обама Саудия королу Салман бин Абдулазиз менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө негизинен Ямандагы кырдаал талкууланды. Эки жетекчи БУУнун Коопсуздук кеӊешинен өткөн Яман долбоорун да талкуулашты. О.э. Яманда саясий өзгөрүштөрдү жасоого каратылган аракеттер, ошону менен бирге БУУ тарабынан уюштурула турган жолугушууларга тиешелүү келечектеги кадамдар туурасында да сүйлөшүп алышты.

Маек учурунда Обама жана король Салман Яманда туруктуу тынчтыкты сактоо жана проблемага саясий чечим табуу жаатында пикирлеш экендиктерин айтып өтүштү. Чабуулдун натыйжасында гуманитардык жардамга муктаж ямандыктардын абалы туурасында да сүйлөшүп алышты.

Ак үйдөн берилген билдирүүгө ылайык, Обама король Салман менен болгон маекте АКШ жана Саудия ортосундагы күчтүү достук мамилени дагы бир жолу тастыктап, Саудия мамлекет коопсуздугу жаатында АКШнын милдеттерине өзгөчө басым жасады.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago