Генерал Ходжес: Россиядан коркунуч божомол эмес, акыйкат

АКШнын Европадагы куралдуу күчтөрүнүн командачысы Бен Ходжес НАТОго мүчө мамлекеттерди Россия коркунучуна каршы биригүүгө чакырды.

Ходжес, Россия элчисинин эгерде “Дания ракеталарга каршы коргонуу программаларынын бирөө-жарымына катыша турган болсо, ядролук чабуулдун бутасына айланышы мүмкүн” деген билдирүүсүн эскертип: “Бул божомол эмес, Россиядан коркунуч бар”, – деди.

 Ошону менен бирге, ал “аскерий кагышуулар болушу анык” деп эсептебестигин билдирди.

 “Натыйжалуу дипломатиялык чечимдер менен камсыздоо үчүн даяр туруу керек. Мунун эң жакшы кепилдиги – НАТОго мүчө мамлекеттер биримдиги”,- деп кошумча кылды Ходжес.

 Мындан бир аз мурда, АКШ жана НАТОнун Европадагы куралдуу күчтөрүнүн мурдагы командачысы Уесли Кларк Владимир Путин үчүн кеӊири масштабдуу согуш баштоо таптакыр логикасыз болушун айтып, ал Украина үстүнөн көзөмөл орнотмокчу экендиги туурасында билдирүү берген эле. О.э. анын айтымында, дүйнө согушка даяр.

 Туркистон:

Россия президенти Владимир Путин Украинага карата жүргүзүп жаткан фитнакечтик согуштарын жашырууга алсыз болуп калгандан кийин кескин билдирүүлөрдү бере баштаган эле. Өткөн жылдын күз айларында Европа кеӊешинин төрагасы Жозе Мануел Барозу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Путин: “Эгерде кааласам Киевди эки аптада басып аламын”, – деп ашкере коркуткан эле.

  Өз президентинин коркутуусунан рухтанган Россия элчиси Михаил Ванин үстүбүздөгү жылдын 21-мартында “эгерде Дания Америка тарабынан көтөрүлүп жаткан ракета чабуулуна каршы коргонуу программаларынын бирөө-жарымына катыша турган болсо, Россиянын ядролук ракеталары үчүн бутага айланат” деп коркуткан эле.

  Россия президенти жана анын элчиси тарабынан ачыкталган мындай билдирүүлөр Батышка карата ашкере коркунуч болсо, АКШ үчүн болсо өзү тарабынан түзүлгөн эл аралык системанын кулап кетишинен тынчсыздануу пайда кылат.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago