АКШ Кыргызстан аркылуу бүтүндөй Орто Азиянын тынчын ала баштады

28-30-март күндөрү Америкадан Кыргызстанга жабык контейнерлерде дипломатиялык канал менен 152 тонна жашыруун жана белгисиз жүк келип түштү. Эл аралык келишимдерге ылайык,  бул жүк резолюциялар менен корголгон болуп, Кыргызстан аны текшере албайт. Бул тууралуу Россиянын бир нече маалымат каражаттары кабар таркатышты, www.dni.ru/society/2015/4/15/300850.htm   bloknot.ru/..    topwar.ru/73162     www.regnum.ru › Новости  ж.б….

 20-апрель күнү ушул 152 тонналык АКШнын дипломатиялык жүгү эмне экендигине айкындык киргизүү маселеси боюнча ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитети жабык эшиктер артында жыйын уюштура турган болду. Алар бул жыйынга УКМКнын атайын өкүлдөрүн чакырышмакчы.

 Мындан бир аз мурда Ричард Майлздын Кыргызстанга убактылуу элчи болуп дайындалышынын артында эмнелер турган болушу мүмкүн деген ызы-чуулар болуп жаткан эле. Эми Дубайдан украин авиакомпанияларына караштуу самолёттор менен 152 тонна белгисиз жүк кирип келүүдө. Россия бул иштин артында түстүү революцияга даярдык жүрүп жатканына ишара кылуучу маалыматтарды тарката баштады. Эксперттер да Украинада болуп өткөн революциянын алдында Киевге да кудум ушундай белгисиз жүктөр келгендигин айтып, ызы-чууларды ого бетер күчөтүшүүдө.

 Түпкүлүгүндө, жогорудагы ызы-чуулар АКШ тарабынан атайын уюштурулуп жаткан болуп, алар өз тажрыйбаларынан келип чыккан абалда мындай ызы-чуулар кыргыз өкмөтүнүн шаштысын алып коюшун өтө жакшы билишет. Ызы-чуу жана коркуу ар кандай саясатчыны соо-саламат пикирлөө чегарасынан тышкарыга чыгарып жибериши мүмкүн.

 Кыргыз өкмөтү ызы-чуулар артынан бир нече каталарга жол койду. Ислам жана мусулмандарга болгон мамилелерин тескери тарапка буруп алышы булардын алгачкысы болду. Кыргыз өкмөтү Түркия аркылуу Сирияга ачылган коридорго АКШнын өзү баш болгонуна жана бул коридор аркылуу Кыргызстан жарандарынын эле эмес, Кыргызстан аркылуу кошуна өлкөлөрдүн жарандарынын да чыгып кетиши үчүн шарттарды түзүп бергенине, андан соӊ бир нече жылдардан кийин, өз кызыкчылыктарына ылайык кырдаалды башка тарапка буруп, ошол коридорлордон өтүп кеткен жарандарыбыз менен өзүбүздү коркута баштагандарына көӊүл бурушпады. АКШнын алдында отчёт берүүгө аракет кылган расмий өкмөт Кыргызстандан “Ислам мамлекети” уюмунун өкүлдөрүн издей баштады, аларды таба албаган соӊ Хизбут-Тахрирдин өкүлдөрүн жоопкерчиликке тарта баштады. Бул болсо, мамлекеттин өкүлдөрү, күч түзүмдөрү жана юстиция кызматкерлерин жалган-жалаа операцияларды уюштурууга мажбурлады.

 Себеби, алар көтөрүп жаткан исламий согушкерлер коркунучу Хизбут-Тахрир жамаатынын табиятында жок эле. Ошондуктан, алар Кыргызстан калкында пикирий тан алынган Хизб туурасындагы элестетүүгө, алар көрүп-билип келе жаткан турмуштагы акыйкаттарга тескери жасалма айыптоолор уюштуруу иштерин жүргүзүштү. Мунун натыйжасында мусулмандардын мамлекетке болгон ишенимдери таптакыр жоголо баштады.

 Эми болсо АКШ сунний жана шиалар ортосунда келишпестик пайда кылуу аркылуу дагы бир глобалдык проблеманы алып келе баштады. Кыргызстан жарандары ичинде дээрлик жок болгон шиалар проблемасы кандай максатта көтөрүлүп жаткан болушу мүмкүн? Шиаларга карата пайда кылынып жаткан душмандык кимдин кызыкчылыктарына кызмат кылышы мүмкүн? Кантип эле, Кыргызстан өкмөтү өзү түшүнбөгөн абалда бул айла-амалдарга да шарт түзүп берет?

 Алгач Асад режимине каршы агитацияларды жүргүзүү үчүн кеӊири шартарды түзүп берүү, андан кийин кырдаал өзгөрүшү менен кудум ошол агитациялар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери бир сценарий эмеспи? Ошондо “Ислам мамлекети” уюмун согушкерлер менен толтуруп алуу зарыл болгон эле. АКШ уюштурган исламий туйгуландыруу кампаниясы артынан “Ислам мамлекети” уюму ар тараптуу чегине жетти. Ошол себептен да ага агылып келип жаткан мужахиддер үчүн эшиктерди жабуу башталды. Эми АКШнын өзү дүйнө бойлоп Асадды кулатуу үчүн аракет кылып жаткан күчтөргө каршы агитация кылуу кампанияларынын демөөрчүсү болуп калды.

 Шиаларга каршы жүргүзүлүп жаткан дүйнөлүк аракетти күчөтүү аркылуу АКШ кандай максатты көздөшү мүмкүн?

 Бул сыяктуу коркутуулар шиа дүйнөсүн ого бетер сергек кылып, аларды Ямандагы Хусийлерге ар тараптуу жардам берүүгө үндөйт. Кудум ушул сыяктуу эле суннийлерди да коркууга салуу аркылуу, аларды шиаларга каршы уюшуу туурасында пикирлөөгө жана шиаларга каршы исламий сунний аракеттер айланасында биригүүгө үндөйт.

 Эми Кыргызстан сыяктуу шиа мазхабынын өкүлдөрү дээрлик болбогон өлкөлөрдө мындай жасалма коркунучтарды пайда кылып, алардан этият болууга чакыруулардан кандай максат көздөлгөн болушу мүмкүн?

 Дагы, кудум Асад режимине карата мурунку чакырыктар сыяктуу сунний мазхабындагы мусулмандарда шиа мазхабына каршы душмандык туйгусун пайда кылып баруу. Демек, убагы келгенде суннийлер үчүн дагы бир коридор ачылат. Бул шиа-сунний фронтун ачуу үчүн чөйрө даярдалып жаткандыгын түшүндүрөт.

 Жогорудагы 152 тонналык жүк ызы-чуусу, Майлздын кооптуу элчи кылып жөнөтүлүшү, кыргыз оппозициялык күчтөрүнүн ачык эле Америкага алып барып даярдыктан өткөрүлүшү жана башка аракеттердин бардыгы Кыргызстан үчүн саясий басым болуп эсептелет. Кыргызстан бул басымдардан кутулуу максатында АКШнын андан да коркунучтуураак тузактарына түшө баштады. Аны ыраазы кылуу максатында кылып жаткан аракеттеринин дээрлик бардыгы терс таасирин тийгизип, Кыргызстанды чачыранды кылып жибериши мүмкүн. Мисалы, мусулмандардын биримдигин бузуу үчүн алардын арасына мазхабчылык жана улутчулдук негизиндеги аракеттер алып кирилди. Бул болсо, мамлекетти мусулмандар кубатынан ажыратып, аларды бири-биринен алыстатып жиберди. Мамлекет мусулмандар кубатынан айрылгандан кийин улутчул күчтөр таасири астында калды. Аныгыраагы, улутчул элита менен кызматташууга мажбур болду. Натыйжада мамлекет исламий кыймылдар жана мусулмандар тарабынан жүргүзүлүп жаткан, коомду тазалоо иммунитетинен үзүлүп барууда. Бул исламий иммунитеттин өзү коомдогу бузук пикирлер менен күрөшкө кириши табигый. Ал АКШ жана Батыш сыяктуу мамлекеттер алып кирип жаткан ыпылас, бузук пикирлер менен автоматтык түрдө тынымсыз күрөш алып барат. Аны бул күрөшкө исламий акыйданын нукуралыгы жана тунуктугу аттандырып келет.

АКШ Кыргыз өкмөтүн ушул иммунитетинен ажыратып, ушул иммунитет (раъйи омм) ага каршы аракеттене турган чөйрөнү пайда кылмакчы. Кудум Каримов жана анын режими сыяктуу. Бирок, Атамбаевдин күчтүү режими болбогондуктан, мамлекет чачырандылыкка карай жүздөнүп кетүү ыктымалы өтө жогору.

 Ошондуктан, кыргыз өкмөтү жасалма коркунучтардан коркуп өзүн ар тарапка ура бербестен, саясатчыларга таандык токтоолук менен ойлонуп аракеттениши керек. Биз өкмөттү мусулмандар кубатынан баш тартуу аркылуу эмнелерди жоготушу туурасында дагы бир жолу ойлонуп көрүүгө чакырабыз.

 Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago