Халабдын колдон чыгышы Асаддын кулашын түшүндүрөт

Ал-Жазира маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, акыркы бир айдын ичинде Идлиб шаарын ээлеген мужахиддер Сириянын экинчи чоӊ шаары болгон Халабда да Асад режимине караштуу стратегиялык чекиттерге чабуулдарын улантууда.

Халаб аскерий кеңешинин жетекчиси Зохир Шакир өнөржай борбору болуп эсептелген Халаб шаары Сириянын кан тамыры экендигин баса белгиледи. Шакирдин айтымында, Халабдын колдон чыгып кетиши Асаддын кулашын түшүндүрөт

“Халаб Сирия үчүн эле эмес, Жакынкы Чыгыш үчүн да улуу өнөржай борбору болуп эсептелет. Сирия бойлоп 70% экономика айланышынын борбору Халаб. Эгерде режим күчтөрү Халабдан чегинүүгө мажбур болушса, бул анын расмий түрдө кулашын түшүндүрөт”, – деп айтты Зохир Шакир.

Учурда БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура Женева декларациясын ишке ашыруу үчүн эмдиги айдан баштап Сирияда күрөшүп жаткан тараптар менен жолугушуу өткөрүүнү пландаштырып жатканы айтылууда.

БУУнун башкы катчысынын маалымат катчысы Стефан Дюжаррик журналисттерге берген интервьюсунда бул маселе боюнча эч кимге чакыруу кат жибериле электигин билдирип, Мистуранын күрөшүп жаткан тараптар менен о.э. аймактык жана глобалдык актёрлор менен жолугушуу каалоосу бар экендигине басым жасады. Дюжарриктин билдиришинче, Мистура эмдиги аптада БУУнун Коопсуздук кеңешинде отчёт берет.

Ушул кезге чейин Сирия маселесин Батыш кызыкчылыгына ылайык келе турган көрүнүштө чечүүдө бир нече аракеттер ишке ашырылган болсо да, алардын эч биринен натыйжа чыкпады. Женева конференциясында өкмөт жана оппозициялык  күчтөр “өз ара согуштарды тезинен токтотуу аркылуу эки тарапты теӊ өз ичине алган убактылуу өкмөт түзүү” туурасында келише алышпаган эле.

Сирия маселесин чечүү боюнча өкүл кылып дайындалган Кофе Аннан жана Лахдар Брахими да бирер иш кыла алышпады. Стеффан Де Мистура болсо өткөн жылы согуштарды тоӊдуруу планын күн тартибине киргизген эле. А бирок, мындан да эч кандай натыйжа чыкпады.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago