Тажикстан өкмөтү Ислам дининин бешинчи рукну болгон ажылык ибадатын өтөөнү каалаган республика жарандары үчүн минималдуу жашты эки эсеге көтөрүүгө токтом кылды. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Дин иштери, улуттук каада-салт жана үрп-адаттарды тартипке салуу комитети билдирди.
Комитет тарабынан дүйшөмбү күнү жарыя кылынган билдирүүгө ылайык, эми 35 жашка чыга элек Тажикстан жарандарына ажылык ибадатын өтөөгө тыюу салынды. Комитеттин дааба кылышынча, жогорудагы токтом улуу муунга урмат жана аларга ажылык ибадатын өтөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү максатында кабыл алынган. Буга чейин ажылык ибадатын өтөөнү каалаган жарандардын жашы 18 жаштан кичине болбостугу шарт болчу.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон да Борбор Азияда жайгашкан башка республикалардын жетекчилери сыяктуу эле өзүн мусулман деп атаса да, кошуналары сыяктуу эле Ислам динине, анын милдеттерине, көрүнүш жана баалуулуктарына каршы тынымсыз күрөшүп келе жатат. Эмомали Рахмон тарабынан жүргүзүлүп жаткан диктатордук саясат алгач башында жаштарды мечитке келүүдөн тосуп, 18 жашка чыга элек жаштардын мечитке келишине тыюу салып, жаштардын намаз окушуна тоскоолдук кыла баштаган.
Акыйкатта болсо, пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган хадисте: “Балдарыӊар жети жашка чыкканда аларга намаз окуганды үйрөткүлө, он жашка чыкканда да намаз окушпаса, аларды намаз окууга мажбур кылгыла,”- деп буйруган.
Мусулмандар тарабынан өкмөттүн мындай токтомуна карата эч кандай терс мамиле билдирилбегенден кийин расмий өкмөт мектеп менен жогорку окуу жайларда окуучу жана студенткалардын жоолук оронуп келишине о.э. эркектердин сакалына каршы күрөштү баштап жиберди. Мунун артынан Тажикстан орто жана жогорку окуу жайларында хижаб кийген кыз-келиндерди окуудан четтетүү, сакал койгон жаш эркектердин сакалдарын мажбурлап алдыруу иштери көбөйдү. Эмомали Рахмон ушуну менен эле чектелип калбады жана мамлекетте мечиттердин санын кыскартууга олуттуу көӊүл бурду. Бир нече жылдын ичинде “жаштар жана карылардын эс алуучу жайларына айландыруу” шылтоосу менен жүздөгөн мечит, ондогон медреселер жабылды.
“Аллахтын мечиттерине, Анын аты зикир кылынуусуна тоскоолдук кыла турган жана аларды кыйратуу аракетиндежүргөн кишилерден да залимирээк ким бар? Акыры бул адамдар үчүн, андай жайларга корккон абалдагана кирүүгө мүмкүн эле го. Аларга бул дүйнөдө кордук, акыретте болсо катуу азап бар”.(2:114)
Ислам динине каршы жүргүзүп жаткан күрөшүндө жетишип жаткан “ийгиликтеринен” рухтанган Эмомали Рахмон сегизинчи мартка байланыштуу уюштурулган жыйында аялдардын коомдук жайларда хижаб менен жүрүшүнө каршы күрөштү жарыя кылды. Ошол жыйында Эмомали Рахмон: “Калкыбыз эч качан кара кийим кийбеген. Салтыбыз боюнча да кара кийим кийүү жакшы эмес. Өзүӊөр жакшы билесиӊер, ал тургай калкыбыздын аза кийимдери да кара түстө эмес. А бирок, кээ бир тажик кыз-келиндери кара кийим кийишет. Мындай көрүнүштө кийим кийгендер тарыхты жана маанисин да билишпейт, ал тургай билүүнү да каалашпайт”, – деген жана Ички иштер министрлигине аялдар кийимин тартипке салууга тапшырма берген эле. Мунун артынан республиканын шаар жана райондорундагы исламий кийим сатууга адистешкен дүкөндөрдө кеӊири масштабдуу рейддер башталып, аларга ири өлчөмдөгү штрафтар салынды.
Эми болсо кезек Аллахтын дагы бир фарзы болгон ажылык ибадатын тыюуга жана бул ибадатты өтөө жашын чектөөгө жетип келди.
“Жолго чамасы жеткен кишилердин мойнунда Аллах үчүн мына ошол үйдү ажылык-зыярат кылуу милдети (фарзы) бар” (3:97).
Уламалар ажылык ибадаты фарз болушунун шарттарына; мусулман болуу, балагат жашында болуу, акылы ордунда болуу, ден-соолукта болушу, барып келгенге чейинки жолго жете турган каражаттары болушу, ошону менен бирге ажылыкка барып келгенге чейин үй-бүлөсүннүн муктаждыгына жете турган нафака менен камсыздалган болушун о.э. жолдун ачык жана кооп-коркунучсуз болушун кошушкан болсо да, балагат жашына жеткендердин жаш курагын чектешкен эмес.
Туркистон
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…