Мисирде “Мусулман агайындар”дын дагы бир жетекчиси өлүм жазасына өкүм кылынды

  Мисир соту ишемби күнү “Мусулман агайындар” уюмунун Мисирдеги бөлүмүнүн жетекчиси Мухаммад Бадийди о.э. уюмдун дагы 13 тарапкерин башаламандыктарды келтирип чыгарууда жана зомбулуктарда айыптуу деп таап өлүм жазасына өкүм кылды.

 О.э. бул уюмдун 37 мүчөсү өмүр бою камак жазасына өкүм кылынышты. Өмүр бою камак жазасына өкүм кылынгандар арасында Америка жана Мисир жарандыгына ээ болгон Мухаммад Султан да бар болуп, сот аны “Мусулман агайындар” уюмун колдоп-кубаттоо жана жалган маалымат таркатууда айыптуу деп тапты.

 Туркистон:

Американын колдоп-кубаттоосу артынан “Мусулман агайындар” уюму көпчүлүк калктын колдоосуна жетишип, парламентте салмактуу орунду ээледи жана “Мусулман агайындар” кыймылынын саясий “колу” болгон “Азаттык жана Адилеттүүлүк” партиясынын төрагасы Мухаммад Мурси президенттик шайлоодо жеӊип чыкты.

 Мурсинин жеӊишке жетишине негизги себеби  – мейли, ал шариятты тилге алган жана исламий кыймыл болуп эсептелген “Мусулман агайындар” уюмун саясий майданга алып чыккан болсо да –  Халифалыкты эмес, тескерисинче демократияны көтөрүп чыкканы себептүү АКШ жана Батыш мамлекеттери ага кеӊири жол ачып беришти. Бийликке келгенге чейин Мурси да, “Мусулман агайындар” кыймылынын жетекчилери да жарандык мамлекет жана демократияга чакырууну баштап жиберишкен эле.

 Ал тургай, Мухаммад Мурси ачык эле “Жамаат Мисирде исламий шариятты мажбурлап киргизүүгө аракет кылбайт. Мекенчилдик пикири шарияттан үстөм, ал бардык мисирликтерди бириктирет”, – деген эле.

 Америка саясий аӊ-сезим жана белгилүү бир исламий программага ээ болбогон “Мусулман агайындар” кыймылын Мисирде бийликке алып келүүдөн көздөгөн негизги максаты, бүт дүйнөгө, ошону менен бирге мусулмандарга Ислам дини бүгүнкү күндө башкарууга жарабастыгын жана исламий мыйзамдар менен жашоого болбостугун көрсөтүп коймокчу болгон эле. Ошол себептен да алгач башынан “Мусулман агайындар” кыймылын кеӊири көлөмдө колдоп-кубаттап келди. Кыймыл өз милдетин өтөп болгондон кийин болсо аны бийликтен четтетип койду. Жаӊы келген президент Сиси мамлекеттин аймагында кыймылдын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, анын мүчөлөрүнө каршы кеӊири масштабдуу куугунтуктарды баштап жиберди. Учурда кыймылдын алты жүзгө жакын жетекчи жана мүчөлөрү өлүм жазасына өкүм кылынган болсо, дагы башка көпчүлүгү өмүр бою камак жазасына өкүм кылынышты. 

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

12 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

12 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago