Тажикстан телевидениесинде Исламий программалар көрсөтүлөт

Ислам динине жана муслималардын хижаб кийиши сыяктуу катъий шаръий өкүмдөргө каршы иштер жүрүп жаткан Тажикстанда өкмөттүн көрсөтмөсүнө ылайык, радио жана телевидение аркылуу диний программалар эфирге узатыла турган болду.

Тажикстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Шабаи Аввал” деген аталыштагы радио жана телеканалдан диний программалар эфирге узатылышы жөнүндө мамлекет тарабынан план иштелип чыккандыгы кабарланды. Атайын даярдала турган радио уктуруулар жана телепрограммаларда мамлекет тарабынан белгиленген “Ислам аалымдары” жана “диний адистер” конок катары катышышат.

Тажикстан Ислам борбору уламалар кеңешинин жетекчиси Саидмукаррам Абдукодирзода бул программалар президент Эмомали Рахмондун буйругу менен эфирге узатылышын билдирди. Абдукодирзоданын айтымында, программалар негизинен жаштардын адашып кетишинин алдын алууга жана үй-бүлөлүк турмушту жакшыртууга каратылат.

“Бул программалардын эфирге узатылышынан максат, тажик жаштарынын диний маданиятын күчөтүү, үй-бүлөдөгү зомбулукка жана өз өмүрүнө кол салуу окуяларына тоскоолдук кылуу, жаштарыбыздын террорчу топторго кошулуп кетишинин алдын алуу жана ушул сыяктуу күн тартибиндеги маселелерди коомго ачыктап баруу”, – деди Тажикстан Ислам борбору уламалар кеңешинин жетекчиси Саидмукаррам Абдукодирзода

Мамлекеттик телерадио компания аркылуу эфирге узатыла турган Исламий программаларды даярдоо о.э. радио уктуруулар жана телекөрсөтүүлөр аркылуу аны элге сунуштоо үчүн “адистерди” тандоо жараяны жүрүп жатат.

Туркистон:

Пайгамбарыбыз САВ “эӊ чоӊ жихад, напис менен болгон жихад” деген.

Орто Азияда Советтер доорунан бери, же андан кийинки доордо диний билим алып андан соӊ имам же диний жетекчи жана улама болуп келе жатышкан диний катмар өкүлдөрү үчүн эми олуттуу сыноо келе баштады. Бул алар үчүн ыйман жана куфр, башкача айтканда, дүйнө же акырет жыргалчылыгынын бирин тандоо маселеси боло баштады.

Өтө көптөгөн уламалар, мал-дүйнө, кадыр-барк жана ар түрдүү артыкчылыктар менен, мамлекет үчүн мусулмандарды жоошутуп берүүдө өтө чоӊ кызматтарды кылып беришти. Эми алардын миссиялары аяктап бара жатат. Себеби, мусулмандарды жоошутуп болгондон кийин алардын өздөрү мамлекет үчүн керексизсиз жана кооптуу адамдарга айланып калышты. Буга илгери өтө кадыр-барктуу болгон Сайид Абдулла Нури жана Туражанзада сыяктуу адамдардын бүгүнкү күндөгү абалдары далил боло алат.

Региондогу бардык мамлекеттер Тажикстан сыяктуу куфр системасы негизинде жана куфр системасы таасири астында өкүм жүргүзүшөт. Аллах тарабынан келген нусустар болсо, куфрду ыраазы кылуу, ыймандан кечүү аркылуу гана ишке ашуусу мүмкүн экендигине далалат кылат. Тажикстан уламалары үчүн катуу сыноо келиптир. Биз аларга о.э. башка исламий өлкөлөрдөгү аалым жана уламаларга Аллахтан сабыр жана нусрат сурап калабыз.

Аллахым бизге куфрдун басымдарынан ыймандарыбызды аман-эсен алып өтүп кете турган сабыр жана кубат бергин. Бизге нусрат бергин. Фасик, залим мусулмандар, билген же билбеген абалдарында куфр кызыкчылыгы үчүн Өзүӊө каршы барып жатышат. Аларды хидаятка баштагын. Аларды ар түрдүү айла-амал жана кысымдар менен куфрга мажбурлап бара жаткан кафирлерге Өзүӊ кифая кылгын Амиин.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

12 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

12 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago