Россия бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов, Россиянын досу болуп эсептелген Мисир жана Иордания мамлекеттеринен азык-түлүк продукциялары Россия базарларына оӊой кирип келиши үчүн “Жашыл коридор” түзгөндүгүн жарыя кылды.
Россия өкмөтү 2014-жылдын август айынан баштап Кошмо Штаттардан о.э. Россияга каршы санкцияга кошулган башка мамлекеттерден кээ бир түрдөгү азык-түлүк продукцияларын, айрыкча мөмө-жемиш жана жашылчаларды мамлекетке алып кирүүгө тыюу салып койгон эле.
Россиянын бажы кызматынын жетекчиси парламентте отчёт берип жатып, Россия бажы башкармалыгы тыюу салынган продукцияларды мыйзамсыз жолдор аркылуу мамлекетке алып кирүүгө болгон аракеттердин алдын ала тургандыгын баса белгиледи.
Андрей Бельянинов бажы кызматы Россияга дос болгон мамлекеттердин продукциялары орус базарларына кирип келишин жеӊилдетүү үчүн аракет кылып жатканын билдирди. Анын айтымында, Мисир жана Иордания мамлекеттеринен келүүчү азык-түлүк продукциялары Россия базарларына оӊой кирип келиши үчүн “Жашыл коридор” түзүлгөн. Андрей Бельянинов “Жашыл коридор”ду түзүүдөн максат, мөмө-жемиш жана жашылчалар сыяктуу тез бузулуучу азык-түлүк продукцияларынын мүмкүн болушунча тезирээк Россия базарларына кирип келиши экендигин баса белгиледи.
“Мисир, Иордания жана Түркияга бардык. Мөмө-жемиштер жана жашылчалар сыяктуу тез бузула турган азык-түлүк продукциялары үчүн “Жашыл коридор” түзүү туурасында сунуштарыбызды ортого койдук”, – деди бажы кызматынын жетекчиси.
О.э. Россия бажы кызматынын жетекчиси ушул маселе боюнча Азербайжан жана Орто Азия мамлекеттериндеги кесиптештери менен да алакаларды орнотуп жатканын билдирди.
Башка бир тараптан Мисир ишкерлери уюмунун экспорт кеӊешинин жетекчиси Мустафа Нажжорий Россиянын “Жашыл коридор”ду түзүү жарыясы албетте, Мисрди да өз ичине алышын айтты. Нажжорийдин айтымында, Мисир Россияга апельсин, картошка, пияз, кулпунай жана жүзүм сыяктуу мөмө-жемиштерден бир жылда бир миллион тонна жеткирип берет. Бул продукциялар “Жашыл коридор” аркылуу 6 күндөн 15 күнгө чейинки убакытта Россия базарларына жеткирилиши мүмкүн.
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…