Мужахиддер Идлиб шаарын ээлешти

Сирияда Асад режимине каршы күрөшүп жаткан “Ахроруш Шам”, “Жабхатун Нусра”, “Жундул Акса”, “Жайшус Сунна”, “Фалакуш Шам”, “Ливоул Хак” жана “Аснодуш Шам” жихадий топтору мындан бир нече күн мурда Асад күчтөрүнө каршы “Фатх” деген аталышта аскерий операцияны баштаган эле. Бул операция режимдин көзөмөлүндө болгон Идлиб шаарынан башталды. Жалпыга маалымдоо агенттиктеринин таркаткан кабарларына ылайык, 5000ге жакын мужахиддер катышып жаткан “Фатх” аскерий операциясы башталышынан эч канча убакыт өтпөстөн, Идлибдин Рам, Калъа жана Севемия регионунда жайгашкан имараттар жана газ фабрикалары мужахиддер колуна өттү. Асаддын аскерлери жана Хизбуллах согушкерлери болсо оор соккуларга дуушар болуп чегинүүгө мажбур болушту. Алардан бир нечеси өлтүрүлдү жана туткунга алынды.

Кайрат менен илгерилеп бара жаткан мужахиддерди токтотуу үчүн Асад күчтөрү “klor” газын колдонгондугу айтылууда. Бирок, Асад күчтөрүнүн бул аракети мужахиддерди токтото албай жатат.

Мужахиддер чегара пункттарын ээлешип байрактарын тиккенден кийин ушул кезге чейин ачык болгон Иордания чегарасы жаап коюлду. Бул тууралуу Иордания ички иштер министри Межали жазма билдирүү чыгарып, эки мамлекет ортосундагы ачык турган жападан-жалгыз чегара пункту акыркы окуялар себептүү убактылуу жабылгандыгын ачыктады.

Ал-Жазира маалымат агенттигинин кабар беришинче, “Фатх” аскерий операциясы башталганынан 4 күн өтүп, мужахиддер Идлиб шаарын толук көзөмөлгө алышкан. Идлиб тургундарынын күбөлүк беришинче, шаар Асад күчтөрүнүн көзөмөлү астында болгон кезде кыз-келиндер көчөлөргө таптакыр чыга алышпаган. Бирер муктаждык менен көчөгө чыгууга мажбур болгон эркектер болсо ар кадамда аларга пара берүүгө мажбур болушкан. Мына азыр шаарда турмуш адаттагыдай дагы кайрадан өз агымына кайткандыгы айтылууда.

Мужахиддер “Фатх” аскерий операциясы Лазкия жана Дамашк колго алынганга чейин уланышын айтып жатышат. Биргелешип согушуп жаткан жети жихадий топтун бири болгон Ахроруш Шамдын командачысы Мухтар ал-Жазирага операция тууралуу айтып: “Жүрүштөрүбүз Лазкия жана Дамашк азат кылынганга чейин уланат”, – деп баса белгиледи.

turkistonkg

Recent Posts

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

17 hours ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

17 hours ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago