АКШнын аскерий адистери 20-апрелде Украинада болот

Sharh.uz” сайтынын кабар беришинче, АКШнын аскерий адистер тобу Украинага 20-апрелде барат. Бул тууралуу Украина президенттик админстрациясынын жетекчисинин орун басары Валерий Чалый билдирген.

 Ал АКШ кызматташтыгына кубанычта экендигин о.э. Украина мындан да көбүрөөгүн күткөндүгүн айтып өткөн.

  Украина аймагында 2015-жылы бир катар украин-америка машыгуулары өткөрүлүшү пландаштырылган болуп, алардын катарына “Fearless Guardian -2015” (2,2 миӊ катышуучу, алардын 1 миӊи АКШ аскерлери), “Sea Breeze – 2015” (2,5 миң катышуучу, анын 1 миңи АКШ аскерлери жана 500 НАТО аскерлери) жана “Saber Guardian/Rapid Trident – 2015” (2,1 миң катышуучу, алардын 500 АКШ аскерийлери жана 600 НАТО аскерийлери) сыяктуу машыгуулар.

 Туркистон

Крымдын Россия тарабынан аннексия кылып алынышынын о.э. Донецк жана Лугансктагы жикчилдерди жашыруун көрүнүштө колдоп-кубатташынын артынан АКШ конгрессинде Украинага аскерий жардам көрсөтүү маселеси тез-тез көтөрүлө баштаган эле. Ал тургай, конгресс Барак Обама админстрациясына Украинага курал жеткирүүнү сунуштаган резолюцияны кабыл алган эле.

  Мындан тышкары, АКШ өкмөтү Россия жана Украина менен чектеш болгон НАТОго мүчө мамлекеттерди орус баскынынан коргоо шылтоосу менен Европа аймагында аскерий катышуусун дагы да күчөтүп алууга аракет кылып келе жаткан болуп, өткөрүлүүчү аскерий машыгуулар да ушул пландын бир бөлүгү болуп эсептелет.

 АКШ башчылыгында Россияга каршы киргизилген экономикалык чектөөлөрдөн көбүрөөк Европа мамлекеттери зыян тартып жатышкандыктан, алар Россия менен келишкен абалда АКШнын көзүнө чөп салмакчы болушту. 16-март күнү Санкт-Петербург шаарында президент Путин менен жолугушкан Алмазбек Атамбаев 23-марттан 1-апрелге чейин Европа мамлекеттери бойлоп жумушчу сапарын баштап жиберди. Атамбаев бул сапарда Путиндин тапшырмасын аткаруу менен  Европа жана Россия ортосунда көпүрө милдетин аткарып, Россияга сатуу же сатып алуу мүмкүн болбогон продукцияларды Кыргызстан аркылуу ишке ашыруу планы үчүн чөйрө даярдап алмакчы болушту.

 Россия жана Европа мамлекеттеринин өзүм билемдигине ачууланган АКШ Иранга карата 12 жылдан бери колдонулуп келе жаткан жаза-чараларын бекер кылуу сунушун көтөрүп чыга баштады жана Иран өкмөтү “алтылык”мамлекеттери тарабынан коюлган талаптарды аткарууга ыраазы болгону о.э. ядролук программасынан баш тартканы үчүн жаза-чараларын акырындык менен бекер кылууга келишип алынды.

 Иранга карата киргизилген жаза-чаралары, ошону менен бирге Иран нефтисине болгон эмбарго бекер кылынышы туурасындагы кабар белгилүү болору менен дүйнөлүк базардагы нефтинин баасы 5 пайызга арзандады.

 “Bloomberg” басылмасынын маалыматына ылайык, Иран нефть казып алуу боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат жана жаза-чаралары киргизилгенге чейин күнүнө 2,5 миллион баррель экспорт кылып келген. Жаза-чаралары киргизилгенден кийин болсо нефть казып алуу күнүнө 1 миллион баррелге түшүп кеткен. Иран өкмөтү чектөөлөр бекер кылына турган болсо нефть жеткирип берүүнү мурунку көлөмүнө чыгарууга даяр экендигин билдирди. Адистердин пикиринче, Иранга каршы киргизилген нефть эмбаргосу бекер кылынышы нефтинин баасы баррелине 10-20 долларга арзандашына алып барат. Бул болсо,өз кезегинде экономикасы нефтиге байланыштуу болуп калган жана ансыз да финансылык кыйынчылыктар кысымында калган Россия үчүн жагымсыз натыйжаларды пайда кылат

turkistonkg

Recent Posts

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…

22 hours ago

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар)  Убадага тескери…

2 days ago

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…

3 days ago