Муътадил оппозиция өкүлдөрүнүн өмүр баяны текшерилүүдө

АКШ өкмөтү аскерий машыгуудан өткөрүү үчүн сириялык муътадил оппозициянын сабынан тандап алынган 2200 талапкердин өмүр таржымалын үйрөнүп чыгууну баштады. Ал эми аскерий машыгууну баштоо күнү белгилене электиги кабарланды.

Пентагондун маалымат катчыларынын бири Элисса Смит журналисттердин суроолоруна жооп иретинде, башка мамлекеттер менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын артынан аскерий машыгуу планына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон 2200 адам тандап алынгандыгын ачыктады.

Элисса Смиттин билдиришинче, бул мүмкүнчүлүккө ээ адамдардан 400 адамдын өмүр баяны туурасындагы маалыматтар биринчи орунда текшерүүдөн өткөрүлө баштаган.

“Муну (биринчи 400 адамдын өмүр таржымалын текшерип чыгууну) бүткөнүбүздөн кийин, кийинки кадам катары калгандарынын толук өмүр баянын текшерип чыгуу ишине өтөбүз”, – деди Смит.

Түркия менен АКШ ортосунда сириялык муътадил оппозиция өкүлдөрүн аскерий машыгуудан өткөрүү жана аскерий жабдыктар менен камсыздоо боюнча келишим түзүлгөн. Ошону менен бир катарда, Катар менен Саудия да аскерий машыгуу өткөрүүнү өздөрүнүн мекенинде өткөрүүгө уруксат беришкен.

Бирок, Сирия калкы муътадил (демократияны жактоочу) оппозиция өкүлдөрүн тан албастыгын ачык жарыя кылууда. Интернетнин Ютуб порталында чыккан видеоматериалдарда Сирия калкынын өкүлдөрү ачык билдирүү беришип, муътадил оппозиция өкүлдөрү Сирия калкынын өкүлдөрү боло албастыгын ачык билдиришүүдө.

Ушул күндөрдө мужахиддер бир нече жерлерди ээлеп алуу менен илгерилеп бара жатканда, Сирия калкы көчөлөргө чыгып, демократиялык башкарууну эмес, Халифалык мамлекетин каалай тургандыктарын ачык жарыя кылып жатышат.

Халабдын борборунда жайгашкан бир нече мечиттерде миңдеген мусулмандар Хизбут-Тахрир башчылыгында “Биз Рошид Халифалыкты каалайбыз” деген аталыштагы демонстрация өткөрүштү. Алар демократия жана илманийликти наалаттап, “бул зулматтан кутулуунун бирден-бир жолу Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө” деп кыйкырышты.

Туркистон:

Батыш куфр мамлекеттери өз колдорундагы демократияга негизделген эл аралык куфр системасы жардамында “Халифалык мамлекети” деген аскерий уюм пайда кылышты. Алар бул уюмду Халифалык мамлекети деп жарыялап, ал бутка туруп алышы үчүн миңдеген аскерий техника жана миллиондогон долларларды аларга аскерий олжо катары сунушташты. Алардын ар бир жеӊиш жана фатхтарын дүйнөлүк маалымат каражаттары аркылуу реклама кылышты.

Бирок, дүйнө мусулмандары аларды шаръий Халифалык мамлекети катары кабыл алышпады. Ошону менен бирге Сирия жана Ирак калкы да бул уюмдун бардык даабаларын четке кагып, аларга болгон мүмкүнчүлүктөрү менен каршылык көрсөтө башташты.

Ошондон улам, куфр дүйнөсү өзүнүн маалымат машинасы аркылуу бул уюмду дүйнөдө теӊдеши жок жырткычтыктарды кылып келе жаткан өтө чоӊ кубат кылып көрсөтүүгө аракеттене баштады. Куфр дүйнөсү кризиске учурап өзү үчүн жаңы система (Мабдаъ) издеп келе жаткан дүйнө коомчулугунун өкүлдөрү алдында, Исламды Мабдаъ катары кабыл алып келе жаткан мусулмандар жана ал тургай Исламды өздөрү үчүн кутулуунун бирден-жолу катары кабыл ала баштаган кайрыдиндер алдында, Ислам Мабдаъсын жырткыч, адамзатты башкарууга жарабай турган жалаӊ гана аскерий күчкө таянуучу механизм, исламий идеологяны тунук түшүнө албаган жана аны турмушка кайтаруу тарыйкаты жок болгон бир бузуку жасалма мамлекет катары көрсөтмөкчү болууда. Максаты, Хизбут-Тахрир бүтүндөй адамзат үчүн көтөрүп келе жаткан дүйнөлүк рисолатты т.а. өзүнүн табигый жолу жана туура тарыйкаты жардамында өз ордун ээлөө үчүн келе жаткан чыныгы Мабдаъий Халифалык мамлекети туурасындагы түшүнүктөрдү чалгытып жиберүү.

2015-жыл, 3-март күнү “президенттик башкаруубу же рошид Халифалыкпы” деген аталышта Түркиянын Истамбул шаарында болуп өткөн исламий конференцияда Хизбут-Тахрирдин амири шайх Ато ибн Халил Абу Рошта кээ бир исламий уюмдар жардамында же анын атынан адамдарды шариятка тескери көрүнүштө өлтүрүү, тирүүлөй өрттөп жиберүү сыяктуу бир нече жырткычтыктар артындагы куфрдун кызыкчылыктары туурасында толук расмий билдирүү берип өттү. О.э. куфр бул исламий коркунучтар артынан чыныгы шариятка ылайык Халифалыктан адамдарды коркутмакчы экендигин айтып өттү. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык албетте кайра кайтып келишине ишара кылуучу бир нече нусустардагы катъий далилдерди окуп өттү.

 Сирия калкы куфрдун айла-амалдары натыйжа бербей жатканын, алар чыныгы Халифалык мамлекети туурасындагы туура элестетүүлөрдү жоготушпагандыгын билдиришти. Эми куфр Сирияга өзүнүн ачык чыккынчы оппозициялык күчтөрүн мажбурлап алып кирмекчи. Бул оппозициянын негизги тарбиячиларынан болгон Түркия менен – Асад жана анын режиминин негизги демөөрчүлөрүнөн болгон – Иранды биргеликте иштетмекчи. Демек, АКШ Сирияда өзүнө караштуу бардык күчтөрдү бириктирип, бир бүтүн жаңы режим пайда кылмакчы. “Ислам мамлекети” уюмун болсо кысымга алуу менен анын дүйнөнүн ар тарабынан келген өкүлдөрүн өз өлкөлөрүнө чыгып кетүүгө мажбур кылмакчы болот.

Муну менен АКШ бүт дүйнөнү ИШИМ өкүлдөрүнүн атынан коркутуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кудум эч кандай дайыны болбогон “ Ал-Каида” уюмунун атынан ондогон жылдар бою дүйнөнү террор кылып коркутуп келгени сыяктуу. АКШ үчүн пайдасыз болуп калышы менен “Ал-Каида” да, анын ишмердүүлүгү да жок болуп кетти.

Демек, дагы кайрадан ошол эски айла-амал негизинде жаңы оюн башталды. ИШИМдин атынан дүйнө бойлоп АКШнын террористтик иштери улана берет.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

23 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago