“Ортоктош араб күчтөрүн” түзүү токтому тастыкталды

Араб мамлекеттери лигасы регион коопсуздугуна коркунуч пайда болгон абалда ыкчам аракетке келе турган жана куралдуу (жихадий) топторго  каршы күрөшө турган “Ортоктош араб күчтөрүн” түзүү чечимин кабыл алды. Жыйынга катышкан булактардан алынган маалыматка ылайык, Араб мамлекеттери лигасынын тышкы иштер министрлери кеңеши Мисирде уюштурулган жыйында бул токтом долбоорун тастыктаган.

Араб мамлекеттери лигасынын жетекчиси Набил Арабий Лигага мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңеши Мисирдин Шармуш-Шейх шаарында уюштурган жыйындан кийин бул тууралуу журналисттерге билдирүү берди. Набил Арабийдин билдиришинче, Араб мамлекеттери лигасынын тышкы иштер министрлер кеңеши улуттук коопсуздук камсыздалышын көздөгөн токтом долбоорун тастыктаган. Арабий 2014-жылдын сентябрь айынан бери бул долбоор үстүнүн иш жүрүп жаткандыгын да айтып өттү.

Мисирдин тышкы иштер министри Самих Шукрий да араб мамлекеттеринин 26-жыйыны Араб үммөтү болуп көрбөгөндөй коркунуч  жана зомбулуктарга дуушар болуп жаткан бир мезгилде өтүп жатканын айтып: “Араб мамлекеттери буга каршы туруктуу күрөш алып баруу жана жоопкерчиликти мойнуна алуу күчүнө ээ”, – деди.

Шукрий Араб өлкөлөрү жана Араб мамлекеттери лигасы натыйжалуу саясат жолун издешине каратылган жана сөздөн ишке өтүүгө каратылган милдетти чагылдыруучу билдирүү чыгарылгандыгын да кошумча кылды.

turkistonkg

Recent Posts

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

4 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago