Кыргызстан түштүгүндөгү мечиттерде имамдар жана диний жетекчилер (казы жана муфтий) менен биргеликте Ханафий мазхабында ибадат кылууга жамаатты кеӊири масштабда үгүттөй башташты. Акыркы 1-2 айдын ичинде күчөтүлгөн бул кампания негизинен Фатиха сүрөсүнүн аягында “Амийн” дегенди жарыя айтпастыкка, такбирде колду кулакка чейин көтөрүүгө чакыруу менен бир катарда “Халифалык бидъат нерсе, ал пайгамбарыбыздан отуз жылдан кийин жок болуп кеткен” деген маанидеги сөздөрдү сүйлөштү. Кыргызстандын түштүк областтарынын “казы”сы Ниязалы Арипов, Ош областындагы телеканалдарга жана мечиттерге кезек-кезеги менен барып, жогоруда келтирип өткөнүбүздөй, Ханафий мазхабына тиешелүү шаръий өкүмдөр туурасында жума намаздарынын алдында бир катар маселелерди айтып өттү.
Биз Ханафий мазхабынын жетекчи уламалары Халифалык туурасында келтирип өткөн төмөнкү сөздөргө көӊүлдү буруп, алар келтирген пикирлер биздин имамдар айтып жаткан сөздөргө канчалык туура келишин силерге жеткирмекчибиз.
«Халифалык туурасында»
Улуу аалым, Шайх Абу Хафс Умар ибн Ахмад ибн Исмаил ал-Насафий, ал Ханафий, ал Матрудий, ас-Самаркандий хижрий 461-жылы төрөлүп, 537-жылы дүйнөдөн өткөн.(Миладий 1068-1142)
Бул киши биздин Ханафий мазхабыбыздагы аалымдарыбыздан болуп (Акоиди Насафий) деген эмгек калтырган жана бул чыгармага улуу аалым Саъдуддин Масъуд ат Тафтазоний ал Ханафий (шарх) жазган. Аллама хижрий 722-жылы төрөлүп, 792-жылы Самаркандда көз жумган. (миладий 1323-1393)
Шайх ат-Тафтазоний шархтаган (Шарх Акоиди ал Насафий) китебинде Халифалык тууралуу мындай деген: “Халифалык кылуу, дайындоо мусулмандарга важиб”. Халифаны тикелөөнү бардык мазхабдар Ахли сунна вал жамаа, Муътазила, Имамия, Зайдиялар важиб деп билишкен.
Ахли сунна вал жамаа Халифалык тикелөө важиб экендигине төмөнкү далилдерди келтирет:
Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи ва салламдын “кимде-ким өз заманынын имам халифасын билбей өлсө, ал жахилият өлүмүндө өлгөн болот” деген хадисин келтирет. Алар өз пикирлерине төмөнкү ижманы да далил кылып келтиришет : “Үммөт пайгамбар саллоллоху алайхи ва саллам көз жумгандан кийин Халифаны тикелөөнү эң маанилүү милдет деп билген. Ал тургай, бул милдетти пайгамбар саллоллоху алайхи ва салламды жерге узатуудан алдыӊкы орунга коюшкан. Ар бир халифа өткөндөн кийин да кудум ушундай кылынган”.
Алар (Ахли сунна вал жамаа жана башкалар) төмөнкү сөздөрдү да өз пикирлерине далил кылып келтиришкен: “Шаръий важибаттардын өтө чоң бөлүгү имам халифага байланыштуу”.
Насафий бул тууралуу мындай дейт: “Мусулмандарга шаръий өкүмдөрдү аткара турган, хадды (жаза-чараларды) тикелей турган, мамлекеттин чегараларын коргой турган, мусулмандар кошуунун даярдай турган, алардын садакаларын чогулта турган, зордукчулдарды, ууруларды, каракчыларды тыйып коё турган, жума жана айттарды тургуза турган, Үммөт арасындагы ихтилаф жана келишпестиктерди чече турган, укуктар үстүндөгү күбөлүктөрдү кабыл ала турган, валийи болбогон жетим-жесирлерди ойлоп жайгаштыра турган, олжолорду мусулмандар арасында бөлүштүрө турган Халифанын болушу шарт жана важиб”, – деген
Бул эки алламанын пикирлеринен, азыркы “биз Ахли сунна вал жамаабыз, биз матрудий акыйдасындабыз” деп жаткан рувайбизалардын тилинде гана ушундай деп жатканы, иш жүзүндө болсо өздөрү айтып жаткан мазхабды кармабай жатканы белгилүү болот.
Сахабалар, Тобеиндер, Салафи Солихтер, Ахли сунна вал жамаалар бардык-бардыгы Халифаны тикелөө жана дайындоону Важиб деп билишкен.
Азыркы күндө өзүн Ахли суннабыз, Матрудий акыйда китептерин ээрчийбиз деп “Халифалык бул бидъат”, “Халифалык бул куру кыял”, “Халифалык курууга буюрулган эмеспиз”, “Дин башка, саясат башка” деп айтып жаткандар напис-каалоолоруна гана ээрчип жатышат.
Алар Ахли суннадан эмес, алар Ахли демократия, алар Ахли напис ээлери
КИТЕПТЕРИ
Имам Тафтазоний өтө көптөгөн чыгармалардын автору болуп, бул эмгектеринен Үммөт кеӊири пайдаланып келген.
Ал кишинин эмгектеринен Мисирдеги “Азхар”, Тунистеги “Зайтун”, Ислам өлкөсүндө кеңири таркаган “Атийк” окуу жайларында Халифалык доорунда да пайдаланылган, азыр да пайдаланылууда.
Төмөндө уламалар арасында белгилүү болгон, алар Исламды үйрөнүүдө жана үйрөтүүдө негизги булак катары пайдаланып келген кээ бир китептерди келтиребиз.
1) Иршад ул Хаади фин Нахв ارشاد الهادي في النحو
2) Ал Талвих фи Кашфи Хакоикил Танких التلويح في كشف حقائق التنقيح
3) Ал Исбах фи Шархи Дийбажатил Мисбах المصباح الاصباح في شرح ديباجة
4) Таркиб ул Жалил фин Нахв تركيب الجليل في النحو
5) Тахзиб ул Мантик ва Калаам تهذيب المنطق والكلام
6) Алжизру ал Асомм фи Шархи Макосид ул Толибийн الجذر الاصم في شرح مقاصد الطالبين
7) Хаашия Ала ал Кашшааф лил Замахшарий حاشية على الكشاف للزمخشري
8) Даф ун Нусус вал Нукус دفع النصوص والنكوص
9) Рисалат ул Акрох رسالة الاكراه
10) Шарх Тасриф ал Зинжааний شرح تصريف الزنجاني
11) Шарх Талхис ул Мифтаах شرح تلخيص المفتاح
12) Шарх Хадис ул Арбаъийн شرح حديث الاربعين
13) Шарх Шамсиййа фил Мантик شرح الشمسية في المنطق
14) Шарх ул Акооид ул Насафий شرح العقائد النسفية
15) Шарх Фарооиз ул Сироожиййа лил Сажаавандий شرح فرائض السراجية للسجاوندي
16) Шарх ул Кашшааф شرح الكشاف
17) Шарх Мухтасар ли Ибни Хаажиб شرح مختصر لابن الحاجب
18) Фатаава ул Ханафиййа فتاوى الحنفية
19) Коваанийн ул Сарф قوانين الصرف
20) Кашф ул Асрор ва Иддат ул كشف الاسرار وعدة الابرار
Аброр фи Тафсир ул Куръон Фаарисий في تفسير القرآن فارسي
21) Шарх Талхис ул Жаамиъ лил Шайх Масуд شرح تلخيص الجامع للشيخ مسعود
22) Шарх ул Мухтасар Ала Талхис ул Мифтаах الشرح المختصر على تلخيص المفتاح
23) ал Мутоввал фил Маъааний вал Байааний المطول في المعاني والبيان
24) Мифтаах ул Фикхи مفتاح الفقه
25) Макоосид ул Тоолибийн фи Илми Усул ид Дийн مقاصد الطالبين في علم اصول الدين
26) Ниъам ус Савабиг фи Шарх ин نعم السوابغ في شرح النوابغ للزمخشري
Навабиг лил Замахшарий
27) Шарх Мифтаах ул Улум شرح مفتاح العلوم
28) Хаашият ала Шархи Азиддин Иййги الحاشية على شرح عضد الدين الإيجي
эң белгилүү устаздары
1) Бахауддин ал Самаркандий ал Ханафий بهاء الدين السمرقندي الحنفي
2) Азудуд Дийн Абдурахмон ибн عضد الدين عبد الرحمن بن
Ахмад ибн Абдулгоффар ал Ийгий أحمد بن عبد الغفار الإيجي
3) Кутбиддин Махмуд ибн Мухаммад قطب الدين محمود بن محمد نظام
Низомиддин ал Роозий ал Тахтааний الدين الرازي التحتاني
4) Зийоуддин Абдуллах ибн Саъдуллах ضياء الدين عبد الله بن سعد الله
ибн Мухаммад Усман ал Козвийний بن محمد عثمان القزويني
эң белгилүү шакирттери
1) Хассомуддин Хасан ибн Алий ибн حسام الدين حسن بن علي بن
Хасан ал Буюрдий ал Хотийбий حسن الأبيوردي الخطيبي
2) Хайдар ибн Ахмад ибн Иброхийм حيدر بن أحمد بن إبراهيم
ал Румий ал Ханафий الرومي الحنفي
3) Алоуддин Алий ибн Мувсо ибн علاء الدين علي بن موسى بن
Иброхийм ал Румий ал Ханафий إبراهيم الرومي الحنفي
4) Мухаммад ибн Атоуллох ибн Мухаммад ал Роозий محمد بن عطاء الله بن محمد الرازي
5) Шамсиддин Мухаммад ибн Фазлуллох شمس الدين محمد بن فضل الله
ибн Мужидуддин ал Каримий بن مجد الدين الكريمي
6) Алоуддин Мухаммад ибн Мухаммад ибн علاء الدين محمد بن محمد بن
Мухаммад ибн Мухаммад ал Бухарий ал Ханафий محمد بن محمد البخاري الحنفي
7) Жамолиддин Юсуф ибн Рукниддин جمال الدين يوسف بن ركن الدين
Масийх ул Авбахий ал Хурасаний ал Самаркандий مسيح الأوبهي الخراساني السمرقندي
(Абу Укба ал Ханафий)
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…