Кытай полициясы мамлекеттин түштүгүндө жайгашкан Гуанчжоу шаарына жакын бир айылда рейд өткөрүп, ондогон мусулмандарды камакка алды. Бул тууралуу Кытайдын “Hong Kong menşeli South China Morning Post” газетасы кабар таркатты. Бул зулумдарга каршылык кылган эки муслима аял болсо полиция тарабынан таякталып өлтүрүлгөн.
Полиция айылга уюштурулган баскын жөнүндө расмий билдирүү бербеди. Жергиликтүү тургундардын күбөлүк беришинче, баскын уюштурулган түнү коопсуздук күчтөрүнүн 100дөн ашуун кызматкери айылга ташталган.
Кытай өкмөтү Чыгыш Түркистандагы мусулмандарды аёосуз кыргын кылып жатканына мыйзамдуу түс берүү үчүн жаӊы шылтоо тапты. Бул ИШИМ шылтоосу. Кытай өкмөтү кээ бир уйгур мусулмандарынын ИШИМге кошулгандыгын жана андан кийин Чыгыш Түркстанга кайтып келип чабуул кылуу планын түзүп жаткандыгын дааба кылды.
Бул дааба Кытайда бийликте турган Кытай коммунисттик партиясынын Чыгыш Түркстандагы өкүлү Чжан Чуньсянь тарабынан айтылды. Чуньсянь өзүнүн билдирүүсүндө Чыгыш Түркстан ИШИМден таасирленгендигине басым жасады.
“ИШИМ эл аралык таасирге ээ болгон бир уюм. Чыгыш Түркстан да мындан таасирленди. Колубуздагы маалыматтарга ылайык, бул уюмга кошулган кээ бир адамдар Чыгыш Түркстанга кайтышты жана чабуул уюштурууга даярдык көрүп жатышат”, – деди Чжан Чуньсянь.
Баскынчы Кытай өкмөтү буга чейин эле уйгур мусулмандарын ушул сыяктуу айыптар менен кыргын кылып келе жаткан. А бирок, бул айыптар чын же жалган экендигин аныктоо үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө уруксат бербей келет. Өзү да бирер жарактуу далил келтирбейт.
Туркистон:
АКШ ИШИМге каршы бир катар кескин аракеттерди уюштурмакчы экенин билдирген кабарлады тарката баштады. Максаты, өкмөттөрдү өз жарандары исламий согушкерлерге айланып, өз мекендерине кайтышы менен ошол өлкөлөрдө исламий согушкер топтор уюштурушу мүмкүн экендигинен коркутуу.
Жогорудагы Кытайдын мусулмандарга каршы аракеттери сыяктуу бүтүндөй исламий өлкөлөрдө мусулмандарга каршы жүргүзүлө турган аракеттерге кеӊири жол ачып бермекчи. Кыргызстан, Тажикстан, Россия жана Европа союзундагы бир катар мамлекеттер бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана башташты же чындап эле коркууга түшүп калышты.
Кытай мамлекети мушриктер экендиги о.э. аларда Ислам жана мусулмандарга каршы табигый душмандык бар экендиги белгилүү. Бирок, Кыргызстандагы акыркы Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттерге көӊүл буруӊуз. Буларда Исламга каршы кандай душмандык болушу мүмкүн. Кыргыз бийлиги кудум Кытай сценарийи менен бирдей мотивдерди негиз кылып, мусулмандарга каршы бир катар жүрүштөрдү уюштурду. Ал да бир катар мусулман эркек жана аялдарды камакка алды. Ал тургай, бир аялды 3 айлык баласы менен камап койду. Америкачыл дүйнөлүк маалымат каражаттары жана укук коргоочулардын бири да, ал тургай, оозеки болсо да аралашып коюшпады.
Демек, бул нерсе АКШ баш болгон дүйнөдө глобалдык масштабдагы “исламофобия” негизиндеги мусулмандарга каршы атайын уюштурулган долбоор негизинде жүрүп жаткан дүйнөлүк аракет. АКШ куфр жана исламий өлкөлөр бийликтериндеги Ислам жана мусулмандарга болгон душмандыкты ылайыкташтырып, бардык өлкөлөрдө өкмөт менен жарандар ортосунда жараканы кеңейтип алмакчы. Муну менен бул өкмөттөр Саддам жана Каддофий сыяктуу бир катар жетекчилердин күнү башына түшүп калышынан коркуп, өз калкына каршы куралдана башташат. Саудия королдугунун куралдануу боюнча биринчи орунга чыгып бара жатканы буга мисал болот. Саудия Ислам борбору. Ал жерге кафирлер, керек болсо саякат кылганы да кире алышпайт. Куфр дүйнөсүнүн же башка бирер кубаттын Меккеге чабуул кылышы Ислам дүйнөсүнө согуш баштоо деп этибар кылынат. Демек, куфр дүйнөсү тарабынан Саудия королу үчүн дээрлик коркунуч жок. Демек, сауддардын да куралдануудан максаты мусулмандарга каршы күч топтоо жана АКШ дүйнө бойлоп таркатып жаткан ИШИМ коркунучуна ишенүү менен байланыштуу экен да.
Тыянак кылып айта турган болсок. Дүйнө куфр жана Ислам болуп экиге бөлүнө баштады. Бул Ислам турмуштагы өз ордуна кайтышынын алдында жүз бере турган табигый т.а. өз тарыйкатына туура келген абал. Мусулмандарды бул абалга туура жана саясий баа бере албастан жана жогорудагы куфрдун айласыздыктан акыркы ыкмалар менен чабуул уюштуруп жатканын түшүнбөй, алар тарапта калып кетүүдөн этият болууга чакырабыз. Куфрдун акыркы чабуулу деп айтканыбыздын себеби, алар мурда Ислам үммөтүнүн ичинен кээ бир топ, хизб же жамаатты бөлүп алып, кийин аны ошол үммөткө жаман жана кооптуу кылып көрсөтөт эле, андан кийин бул топко каршы исламий өкмөттөр менен бирге же аларды каражат кылып бул мусулмандарга каршы аракеттерди уюштурушат эле. Эми бул ыкмаларына үммөт ишенбей калды. Ошондуктан, алар азыр Ислам жана мусулмандарга каршы жалпы чабуулдарды уюштура башташты. Мурда жалгандан болсо да демократиялык идеологияны коргоо үчүн Кытай сыяктуу жырткыч мамлекеттерге бир катар каршылык аракеттерди уюштурушат эле. Азыр болсо, бүтүндөй куфр дүйнөсү кудум аны макулдап жаткандай, өздөрүн ага пикирлеш сыяктуу кармана башташты. Демек, бул куфр жана Ислам ортосундагы идеологиялык күрөш чокусуна чыгып бара жаткандыгынын белгиси. Мында чирип бара жаткан куфрдун демократияга негизделген идеологиясы Исламдын күчтүү илахий акыйдага негизделген идеологиясы алдында көпкө каршы тура албастыгын, ал тургай, куфр дүйнөсү да жакшы билет. Аллах ушул күрөштө бизге нусрат берсин Амиин.
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…