“Фергана” маалымат агенттиги кабар беришинче, Россия Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) өзүнүн расмий сайтында Россия Федерациясынын мыйзамчылыгына ылайык террорчулукка тиешелүү деп тан алынган “Федералдык, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын бирдиктүү тизмесин” жаӊылады.
Тизмеде 22 уюмдун аты аталган, алардын 15и 2003-жылы террорчулукка тиешелүү деп таанылган:
– “Кавказ Мужахиддеринин бириккен күчтөрү Мажлисул Шуро Жогорку аскерий кеңеши”
– “Ичкерия жана Дагестан элдери конгресси”
– “База” (“Ал-Каида”)
– “Асбат аль-Ансар”,
– “Ыйык согуш ” (“Ал-Жихад” же “Мисир исламий жихады»),
– “Ислам жамааты” (“Ал”-Гамаа ал-Исламия”),
– “Мусулман агайындар” (“Ал-Ихван ул-Муслимун”),
– “Ислам азаттык партиясы” (“Хизбут-Тахрир ал-Ислами”),
– “Ислам жамааты” (“Жамаат-ул-Исламия”),
– “Талибан кыймылы”
“Түркстан Исламий кыймылы” (мурдагы Өзбекстан Исламий кыймылы)
“Социалдык реформалар коому ” (“Жамият ал-Ислах ал-Ижтимаий”)
“Ислам мурасы кайра жаралуу коому” (“Жамият Ихья ат-Тураз ал-Исламий”)
“Байтул-харомайн”
– “Лашкари Тайиба” жамааттары 2003-жылы террористтик деп таанылып, а бирок, бул токтом 2013-жылы күчүнө кирген.
2006-жылы бул тизмеге “Жундуш-Шам” (Шам аскерлери) жана “Исламий жихад”, 2008-жылы – “Исламий магриб мамлекеттериндеги Ал-Каида”, 2010-жылы – “Имарат Кавказ”, 2013-жылы – “Автономдуу согушкер террорчулук уюму” киргизилди. “Ирак жана Шам Ислам мамлекети” жана Жабхатун-Нусра уюмдарына карата террорчулук деп таануу туурасындагы токтом 2015-жыл, 13-февраль күнү күчүнө кирди.
ТАССтын кабар беришинче, ФСБ жетекчиси Александр Бортников 20-февраль күнү Россия экстремизм жана терроризм тынчтык жана туруктуулукка, бардык мамлекеттерге жана ар бир адамга карата эң чоӊ коркунуч катары баалана тургандыгын билдирди. Бортников: “Акыркы жылдарда бул коркунучтар өсүп барууда…”, – деп айтты.
Туркистон:
Ислам жана мусулмандарга каршы кеӊири масштабдуу күрөш жүргүзүп жаткан жана Борбор Fзиядагы өзүнө малай болгон жетекчилерден да ушуну талап кылып жаткан Путин башчылыгындагы Россия өкмөтү “исламий коркунучту” мүмкүн болушунча көбүртүп көрсөтүүгө жана ушул аркылуу мусулмандарды коркуу жана басым астында кармап турууга катуу аракет кылып келүүдө.
Россия өкмөтү ушундай максатта негиз бар же жоктугуна карабастан, исламий кыймылдарды өзүнүн “кара тизмеси”не киргизүү аркылуу коомдун арасында Ислам дини жайылышына тоскоолдук кылууга умтулууда.
Тарыхта да, бүгүнкү күндө да Ислам жана мусулмандарга каршы ашынган душман болгон орус колонизаторлору исламий кыймылдарга эле эмес, тескерисинче, Ислам жана анын баалуулуктарына каршы да күрөшүп келе жатат. 2013-жылы Элмир Кулиев которгон Курани Карим маанилеринин котормосу, “Сийратубни Хишам”, Сафийюддин Мубар Кафурий редакторлугундагы “Китабур Рохикул мактум”, “Риязуссолихийн”, Нававийдин “Арбаъийна Нававийя” китептерине тыюу салып, “Ал-Ихлас” мечитин бузуп таштаган болсо, кийинчерээк мектеп окуучуларынын жоолук оронушуна тыюу салды. 2014-жылы болсо “Сахихи Бухарий” жана Рошид халифа Абу Бакр Сиддиктин өмүр баянын баяндаган китептерге тыюу салды.
Россия өкмөтү өзү жүргүзүп жаткан мына ушундай жийиркеничтүү саясаты аркылуу коомчулук арасында Ислам дини жайылышына тоскоолдук кылууга умтулуп жаткан болсо да, иш жүзүндө мунун тескериси болууда. Теги орус болгон жергиликтүү элдин арасында Ислам динин кабыл алып жаткандар күн сайын көбөйүп бара жатканы да муну далилдеп турат.
يُرِيدُونَ لِيُطْفِئُوا نُورَ الله بِأَفْوَاهِهِمْ وَاللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ”. الصف
“Алар Аллахтын нурун (т.а. Исламды) ооздору (бейпайда сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо, мейли кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толук (бүт дүйнөгө) жаюучу”. (61:8)
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…