Германияда “холокост”ту т.а. Гитлердин яхудийлерге карата ишке ашырган массалык кыргын даабасын четке каккан жана “холокост” даабасынын акыйкат экендигине тиешелүү далилдер жетиштүү негизге ээ эместигин көтөрүп чыккан укук коргоочу аял Мюнхен областтык соту тарабынан 20 ай камак жазасына өкүм кылынды.
Мурдагы адвокат Силвиа Столз 2012-жылы Швейцарияда өткөн бир конгрессте “холокост” жөнүндө сөз сүйлөгөн эле. Ошол сөзүнөн кийин Столз “холокост”ту четке каккандыкта жана яхудийлерге карата душмандык ойготууга үгүттөгөндүктө айыпталып, сот жообуна тартылды. Акыркы карап чыгылган соттун тыянагына ылайык, Столз 20 ай камак жазасына өкүм кылынды.
Адвокат Столз сүйлөгөн сөзүндө Гитлердин яхудийлерди жок кылышына тиешелүү далилдер жетиштүү негизге ээ эместигин билдирип, бул жаатта кылынган даабалар жалган экендигин айткан эле. Немис адвокатынын айтышынча, “холокост”ту четке кагуу өзүнүн жекече пикири. Бул болсо, сөз эркиндиги алкагында бааланышы керек.
Алынган кабарларга ылайык, Столздун өмүрлүк жолдошу да “холокост”ту четке каккандыгы үчүн камакка алынган. Ал ушундай дааба менен 2008-жылы да соттолгон.
“Холокост”ту четке кагуу Европа мамлекеттеринде, ошону менен бирге Германияда да кылмыш болуп эсептелет. Гитлердин яхудийлерге карата ишке ашырган массалык кыргын даабасын четке каккан адамга кылмыш иши козголот. Мусулмандар үчүн ыйык болуп эсептелген Пайгамбар с.а.в.дын шаанисине токулган дооматтарга карата колдонулган демократия жана сөз эркиндиги мындайда тан алынбайт.
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…
Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…