Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 24-февраль күнү болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында тийиштүү органдарга мамлекетте экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүү милдетин тапшырган жана керектүү чараларды көрүү зарыл экендигин белгилеп өткөн эле.
Назарбаевдин бул кайрылуусунан кийин Казакстан өкмөтү окуучулардын намаз окууга мечиттерге барышы себептүү сабактарды калтырып жаткандыгына “тынчсыздануу” билдирди. Бул аркылуу расмий өкмөт күч түзүмдөрүнө “экстермизм”ге каршы күрөштө кайсы жол менен баруу зарыл экендигин белгилеп берди.
Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин диний иштер боюнча комитети билдиришинче, мындай абал айрыкча Кызыл-Ордо областынын мектептеринде көп учурап жатат.
Комитеттин кайрылуусунда: “Албетте, мамлекет динчил үй-бүлөлөрдүн балдарынын тарбиясына таасир өткөрүү пикиринен алыс. Бирок, эч ким диний укуктарын шылтоо кылып, өзүндөгү милдеттерди аткаруудан баш тартышы мүмкүн эмес”, – деп айтылат.
Расмий мекемелер о.э. сабактарды тынымсыз калтырып жаткан окуучулардын ата-энелерине да кайрылып, баланын орто маалымат алышы үчүн ата-эне жооптуу экендигин баса белгилейт. “Бул мамлекеттик мыйзамдарга эле эмес, диний тартиптер боюнча да ушундай каралышы туура болот”, – деп айтышат казак расмийлери.
Мындан мурда Казакстан өкмөтү мамлекеттин аймагында экстремисттик топтордун активдешкенин шылтоолоп окуучу кыздардын мектепке жоолук оронуп келишине тыюу салган болсо, кийинчерээк мусулман эркектердин сакал коюшуна тыюу салды.
О.э. расмий өкмөт мамлекеттик ишканаларда кызматкерлердин намаз окушуна тыюу салууга аракет кылып көргөн, бирок, бул демилге көпчүлүк тарабынан кубатталбаган эле.
Борбор Азияда жайгашкан республикалардын жетекчилери өздөрүнүн диктатордук режимдерин орнотуу жана бекемдөө жолунда “исламий коркунуч”, “терроризмге каршы күрөш” о.э. Ислам жана мусулмандардан коркутуу куралынан натыйжалуу пайдаланып келе жатышат.
Өзбекстан президенти Ислам Каримов 1999-жылы 16-февраль, 2004-жылдын март жана апрелинде уюштурулган Ташкент жана Бухара окуялары, ошол жылдын 30-июль күнү Өзбекстан Башкы прокуратурасы, АКШ жана Израилдин Өзбекстандагы элчиканалары алдындагы жардыруулардын о.э. 2005-жыл, 13-майдагы Андижан кыргынынын артынан исламий кыймылдар эле эмес, оппозицияны да саясий майдандан четтетүү үчүн бекем чөйрө даярдап алган эле.
Кудум Каримов сыяктуу эле, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев да 2011-жылдын май жана ноябрь айларыда “ишке ашырылган” жардыруулар артынан Ислам жана мусулмандарды куугунтуктоону баштап жиберген эле о.э. анын бул зулумдары жыл өткөн сайын күчөп барууда.
Туркистон:
Мусулман боордоштор, биз кайда жана кандай кызматта же мансапта болсок да, баарыбыз Аллахтын кол астындабыз! Ал Зат бизге ырыскы берет, өзүбүзгө жана балдарыбызга өмүр жана саламаттык берет! Кааласа ушулардын баарын көз ирмемде алып коёт! Аллах Өзүнүн Рахман сыпаты менен, фасиктигибизди, күнөөкөрлүгүбүздү, жахилдигибизди, ал тургай Өзүн четке кагып, Анын китебин жана Пайгамбарын акаараттап жаткан кафирлерди билген абалында, убактылуу болсо да Өзүнүн Сабыр сыпаты менен аларды да биздей эле бардык неъматтары менен камсыздап келет!
Ойлонуп көрөлү! Чектен чыгып кетип жаткан жокпузбу? Аллахтын каары Обама же Путиндин каарынан күчтүү эмеспи? Же биз ар бир нерсеге, Аллахтын ырайымынан тышкарыда, өзүбүз ээ болуп келе жатабызбы? Тилибизде бардык нерсе Аллахтан деп, Ага шүгүр кылган абалыбызда, иштерибизде Анын итааткөй момун жана мусулман пенделерин Анын ибадаттарынан тосууга аракет кылсак! Мейли дүйнө астын-үстүн болуп кетсин, куфр дүйнөсү бизди ушул проблема менен кокрутуп жатат. Биз мусулманбыз го! Ар бирибиз Аллахтын колундабыз жана албетте Анын алдына кайтабыз го! Ал жерде Назарбаев же андан да күчтүүрөөк бирер адам бизди Аллахтын каарынан сактай алабы?
Биз өзүн мусулманмын деп эсептеген таасир ээлерине кайрылабыз. Куфрга алып баруучу өкүм жана буйруктарга итаат кылбагыла. Мына ошондо гана силер үчүн нажат бар. Себеби, силерди ушул куфр туӊгуюугун көздөй тартып бара жаткан, чектен чыгып бара жаткан адамдар силердин ар нерсеге даяр экендигиӊерден пайдаланышууда. Алар жакында эле силерге “биз Исламга эмес, террорист жана экстремисттерге гана каршылык кылабыз” деп айтышкан болчу. Бүгүн карагыла, Исламга каршы силерди ачык эле түртүп жатышат.
Назарбаев Ислам жана мусулмандар жөнүндө жакшы пикирлерди да айтканын уккан элек. Бирок, азыр дүйнөдө эӊ жашы улуу президенттерден болуп туруп, өзүнүн арзыбаган креслосун кармап калуу максатында өтө чоӊ каталарды кетирип жатат. Ал, жок эле дегенде, Ельцинге окшоп, өз кызыкчылыктарын ойлоп бийликтен баш тартып жибере албады. Же Казакстандын саясий элитасы ага ушундай мүмкүнчүлүк бербей жатат. Өзүӊөргө жана бири-бириӊерге зулум кылбагыла! Арзыбаган дүйнө матасы үчүн убактылуу мансаптарыӊарга ишенип, ушул дүйнө жана акырет азаптарына дуушар болуп калбагыла!
Ассаламу алайкум
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…