Король Салман Саудия калкына акча таркатты

 Дүйнөнүн бир нече мамлекеттери бюджет таӊкыстыгы жана экономикалык проблемаларды башынан өткөрүп жаткан бир убакта, Саудияда таптакыр башкача абал өкүм сүрүп жатат. Бийликке жаңы келген король Салман бин Абдулазиз Саудия калкына таркатуу үчүн 32 миллиард доллар бөлдү.

Король Салман бийликке келгендигине байланыштуу элге таркатуу максатында бөлүнгөн 32 миллиард доллар мамлекеттердеги компанияларга, жооптууларга, жумушчуларга, чет өлкөдө же мамлекеттин ичинде билим алып жаткан саудиялык студенттерге таркатылды. Жеке адамдар накталай акча көрүнүшүндө алып жаткан жардамдарга курсант экендиктерин билдиришүүдө.

Саудияда король алмашкандан кийин элге акча таркатуу салты жаңы бийликке каратылган чабуулдарга тоскоолдук катары бааланууда. Король Салман бийликке келери менен министрлердин ордун алмаштырды. Ал эми элге акча таркатууну да көӊүлдөн четте калтырбады. Мамлекетте иштеп жаткан жумушчулар бир айда эки эсе көп айлык алышты.

Жаңы королдун бийликке келишине байланыштуу таркатылган 32 миллиард доллар Африкадагы экономикасы эӊ жогорку мамлекет  болгон Нигериянын бир жылдык бюджетинен көптүк кылат.

Экономикасы нефть үстүнө курулган жана дүйнөнүн эӊ көп нефть сатуучусу болгон Саудиянын нефтиден түшкөн кирешелеринде олуттуу жетишпестик жүз берди. Нефть  баасынын өтө төмөндөп кетишинин артынан 2015-жылы нефтиден түшө турган киреше мурунку жылдарга караганда 44,5 миллиард долларга аз болушу божомол кылынууда. Буга король Салман таркаткан 32 миллиард кошула турган болсо, Саудия экономикасында 2015-жылы 67,5 миллиард дефицит болушу күтүлүүдө. Бул цифра Саудиянын ИДПсынын тогуз пайызына барабар. Саудия өкмөтүнүн бул дефицитти эмне менен жабышы азырынча белгисиз.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

2 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago