Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабар беришинче, “Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген келген о.э. “мусулмандар кийими” деген терминдин, айрыкча балдар жана мектеп окуучулары үчүн колдонулушун таптакыр кабыл албайт”.
Бөлүмдүн билдиришинче, президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев 19-февраль күнү Жогорку Кеңеште айрым окуучулардын мектепте хижаб кийип жүргөндүгүнө байланыштуу президенттин позициясын туура эмес түшүндүрүп койгон.
Маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдирүүсүндө: “Алмазбек Атамбаев ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген жана “мусулмандар кийими” терминине, анын үстүнө балдар жана мектеп окуучуларынын бул жолдо кийинишине бүтүндөй каршы. Бул позиция кыргыз мамлекетинин дин аралашпаган мүнөзү жөнүндөгү конституциялык жободон келип чыккан. Демек, биз Нарын областынын Ак-Талаа районундагы билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерден кыздарына хижаб кийип жүрүүнү таӊуулабагыла деген талаптарын толук негиздүү деп билебиз. Президенттик аппарат мамлекет башчынын сөздөрүн туура эмес түшүндүргөнү үчүн Молдакун Абдылдаевдин жоопкерчилигин карап чыгууда”, – деп айтылат.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорқу Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев парламенттин жыйынында мектеп окуучуларынын хижаб кийишине тыюу салганы үчүн Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтан алынышын айткан эле.
Туркистон:
Булар президентти кай тарапка алып бара жатышат? Кантип эле батышчыл күчтөр президент жана анын аппаратын ушунчалык коркууда кармап турушту экен.
Жакында эле “адам Аллаху акбар дегени үчүн да камакка алынабы” деп таӊданып жаткан президентибиз, бүгүнкү күнгө келип мусулмандарга дүшмөндыгы өтө күчтүү болгон адамга айланып калдыбы. Балким анын атынан сүйлөп жаткан өкүлдөрү жалган сөздөрдү таркатып жатышкандыр. Балким “үчүнчү күчтөр” ага карата мусулмандарда жек көрүүнү ойготуу үчүн, аны ушул сөздөрдү айтууга мажбурлап жатышкандыр. Себеби, азыр Кыргызстанда Батыш тарабынан, кыргыз бийлигин атайын Ислам жана мусулмандарга каршы багыттап, правокация уюштуруу үчүн ыӊгайлуу шарт пайда кылууга олуттуу кампаниялар иш жүргүзүүдө. Алар керек болсо президентке басым өткөрө ала турган күчкө ээ.
Ошону менен бир катарда бул “үчүнчү күч” башкарып жаткан кампания экинчи багыт боюнча т.а. мусулмандар арасында да аларды бийликке каршы тукуруу операцияларын жүргүзүп жатышат. Бул күч тарабынан коркунучтуу кылып көрсөтүлүп жаткан исламий коркунучтар виртуалдык дүйнөдө ( интернет тармагында) болуп, алар Кыргызстан үчүн реалдуу коркунуч жаратпайт.
Ал эми ушуларды билип туруп да, президенттик аппарат алардан мынчалык коркот? Ал тургай, аларды ыраазы кылуу максатында, энелери киймек тургай, кийип алгандарды карагандан намыстана турган (мини юбка, тар шым ж.б.у.с.) авраттары ачык шариятка тескери кийимдерге каршы эместигин, болгону Аллах фарз кылган хижабга каршы экендигин айтып жатышат. Демек, президент мусулмандардын атынан террористтик иштерди өздөрү уюштурушу мүмкүн болгон ошол үчүнчү батышчыл күчтөрдүн ыпылас пландарынан коркот.
Эгерде президент мектеп окуучуларынын хижаб кийишин гана жаман көрүп жаткан болсо, анда мусулмандар өкмөт жана президенттен, мектеп программасына өзгөртүү киргизүүнү талап кылып, жигиттерди кыздардан бөлүп окутуу программасын иштеп чыгууну суранышыбыз керек. Эгерде ушул программаны ишке ашыруу же мыйзамдаштыруу үчүн канча кол топтолушу керек болсо кол топтоп берүүгө убада кылышыбыз керек. Эмне үчүн 80% мусулман, 20% кайрыдиндердин райына карап жүрүшүбүз керек. Кыздарыбыз балагатка жетип калса да намахрамдар арасында окутулушуна ыраазы болушубуз, анын үстүнө аларды хижабсыз барууга мажбурлашыбыз даъюстук болот, мындан Аллах сактасын. Ошондуктан, кыздарыбызды намахрам жигит жана эркек мугалимдерден бөлүп коюп, андан кийин алардын окуу жайларда хижабсыз жүрүшүнө уруксат берсек боло берет. Ошондо президент да хижабга каршы экенин жар салып отурбайт эле. Биз да кыздарыбызды мектепте хижаб кий деп мажбурлабайт элек. Себеби, балагат жашына жеткен күндөн баштап, аларды хижабтандыруу, алардын махрамдары үчүн фарз болот. Бул өзүн мусулманмын деп эсептеген адам үчүн Аллах тарабынан коюлган катъий талап.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…