Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын 10 – бөлүмүнүн ага кызматкери Бакыт Султангазиевдин “Азаттык” радиосуна кабар беришинче, Ак-Суу районунда тийиштүү уруксат кагаздарсыз даъватка чыккан топ кармалган.
Кабарда айтылышынча, жети кишиден турган жамаат 20-февраль күнү райондун Бөрү-Баш айылынан кармалган. Аларда үй-бүлөсүнөн тилкат, областтык казыяттан жана милиция бөлүмүнөн тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.
Ак-Суу районунун борбордук мечитинен чыккан жамаат 4 айлык даъватта жүргөн. Учурда бул иш боюнча протоколдор топтолуп, сотко өткөрүүгө даярдалууда.
Каракол шаарында да уруксатсыз даъватка чыккан 9 адам камакка алынган.
Туркистон:
Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкө киришкен Кыргызстан бийлиги да Өзбекстан канкору Ислам Каримов изинен барууда.
Диктатор Каримов да биринчи болуп Тахир Йулдаш жана Жума Наманганийлерди шылтоолоп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү баштап “Ислам лашкарлары”, “Адолат”, “Тавба”, “Ислам ойгонуу партиясы”… сыяктуу исламий кыймылдарды жок кылууга киришкен болсо, кийинчерээк 1995-жылы Өзбекстанда эле эмес, Орто Азияда кадыр-баркка ээ болгон Абдували кары Мирзаевди жок кылды. Бул иштин артынан канчалаган бейкүнөө мусулмандар “Ваххабий”лик тамгасы менен куугунтукталышты.
Мусулмандар канына тойбогон Каримов Абдували кары жана “Ваххабий”лерден “колу бошогондон” кийин 1999-жылы 16-февраль окуяларын уюштуруп, бардык исламий жамааттарга каршы кеӊири масштабдуу согуш баштап жиберди. Алгач Хизбут-Тахрир, кийинчерээк “Нурчулар”, “Таблиг”… жамааттарын жок кылууга киришти. Экономикалык жана саясий проблемалардан эзилип өздөрүнүн акы-укуктарын талап кылып чыккан Андижандын элин 2005-жылы 13-майда “Акрамий”лик тамгасы менен кыргын кылды жана бул иш бүгүнкү күнгө чейин, кээде “Жихадчылар”, кээде “Ислам лашкарлары”…на каршы күрөш шылтоосу менен, ал тургай намаз окуган карапайым адамдарды да камоо аркылуу уланып келүүдө.
Каримов башчылыгындагы өзбек бийлиги алгач сакал жана ак топуга каршы күрөшкөн болсо, кийинчерээк окуучу кыздардын жоолуктарына, андан кийин муслима аялдардын хижабдарына асылды. Бүгүнкү күндө коомдук жайларда ак топу же жоолук менен жүргөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу туурасындагы мыйзам иштеп чыгылды.
Кыргызстан бийлиги да Россиянын талабы жана басымы астында кошунасы Каримовдун изи менен жүрө баштады. Эгерде Кыргызстанда жашаган мусулмандар “расмий бийлик бирер жамаат же кыймылга каршы күрөшүп жатат” деп ойлоп жаткан болсо, катуу жаӊылышат. Себеби, Каримовдон талап кылынгандай эле, Кыргызстан бийлигинен да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү талап кылынууда. Эгерде биз бүгүн өкмөт жүргүзүп жаткан иштерге сүкүт сактап, өз мамилебизди билдирбей тура берсек, эртеӊки күнү Өзбекстан мусулмандарынын тагдыры башыбызга түшүп калат. Мына ошондон кийин 18 жашка чыга элек балдарыбыздын жамаат менен намаз окушу, аял жана кыздарыбыз авраттарын жаап, жоолук оронуп жүрүшү, Аллахтын фарзы жана пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллаху алайхи ваана салламдын сүннөттөрүнө амал кылуу бир арзуу болуп калат. Мындан Аллах сактасын.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…