Борбордук аскерий округунун өкүлү полковник Ярослав Рощупкиндин кабар беришинче, 2016-жылга чейин Россия Кыргызстандагы Кант авиабазасын Су-25СМ тибиндеги самолёттор менен кайрадан куралдантат.
Рощупкин: “Ушундай самолёттордун бешөө быйыл алып келинет”, – деди. О.э. “авиабазаны жаңы типтеги самолёттор менен кайра куралдантуу 2016-жылга чейин аяктоо пландаштырылганын” билдирди.
Өткөн жылдын апрель айында Кант авиабазасына өркүндөтүлгөн Су-25 жеткирип берилгени кабарланган болсо, декабрь айында Кыргызстанга дагы беш Су-25СМ тибиндеги самолёт алып келингени белгилүү болгон эле.
Туркистон:
АКШ жана Россия Борбор Азия үстүнөн көзөмөлүн сактап калуу үчүн Афганистан “коркунучу”нан пайдаланып, бул регионго көбүрөөк курал-жарак алып кирүүгө аракет кылып жатышат.
Өткөн айдын аягында АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын орун басары Дэниэл Розенблюм АКШ Өзбекстанга 308 даана M-ATV тибиндеги бронетехника жана башка түрдөгү 20 даана ремонт-эвaкуaция мaшинaсын жеткирип бере тургандыгын билдиргенден кийин, Россия Кант авиабазасын күчөтүү аракетин баштап жиберди.
Борбор Азияда башталган жарыша куралдануу байгесине ким кызыкдар болушу мүмкүн?
Албетте бул куралдануу байгеси белгилүү бир максаттарды көздөй атайын багытталган. Бул максаттардын арасында курал сатуунун артынан экономикалык, саясий, стратегиялык жана геосаясий кызыкчылыктар бар. Бул кызыкчылыктар бир тараптуу багытталганда проблема анчалык кооптуу болбойт эле. Бирок, учурда бир нече тараптардын кызыкчылыгы бири-бирине бүтүндөй карама-каршы келип калган. Алардын ар бири өз кызыкчылыктарын көтөрүп чыгып, региондогу белгилүү бир мамлекеттерди өзү тарапка тартуу менен бирге аларды куралдантып жатышат. Бул Орто Азияда жашап жаткан бир тууган элдер мамлекеттеринин бири-бири менен болгон бардык алакаларынын курчуп бара жатканында сезиле турган натыйжа берип жаткандыгынан кабар берүүдө.
Учурда Россия жүргүзүп жаткан “мусулмандар тарабынан болуучу ар түрдүү коркунучтардан эскертүү” жараянынан АКШ менен Кытай да өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып калууга шашылып жатышат. Бирок ошого карабастан, кырдаал курчуп бара берет. Себеби, бул жетекчи мамлекеттердин ар бири өз кызыкчылыктарынан келип чыгып, дүйнө таанымында да бири-биринен айырмаланышат. Алар кырдаалды өздөрүнүн дүйнө таанымдарына моюн сундурууга аракеттенишет. Табигый түрдө, өз таасири астындагы мамлекеттерди да ошол кызыкчылыктары тарапка багыт алууга мажбурлашат. Натыйжада, бир региондо ар түрдүү көз караштар негизинде багытталган бири-бирине карама-каршы мамлекеттер пайда болот. Бул карама-каршылыктардын күчөп барышы, алардын бири-биринен кооптонууларын күчөтүп бара берет. Бул жараян региондо куралдануу байгесин, бири-бирине болгон мамилелериндеги кескиндикти жана үстүлөрүндөгү чоӊ мамлекеттерге болгон көз карандылыкты күчөтүп бара берет
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…