Ушул кезге чейин Сирия президенти Башар Асад бийликтен кетиши керектигин кайталап келген АКШ өкмөтү бүгүнкү күндө Асаддын бийликтен кетишин каалабайт. Обама админстрациясынын Сирия маселесинде таштап жаткан кадамдарын күзөткөн АКШлык эксперттер ушундай тыянакка келишти. Алардын баса белгилешинче, Вашингтон өкмөтү Асад бийликтен кеткенден кийин пайда болуучу мамлекеттеги боштукту террорчу (Исламий) топтор толтурушунан тынчсызданууда. Ошондуктан, АКШ Асадды бийликтен четтете турган кадамдарды таштоодон сактанууда.
Эксперттертердин мындай тыянак чыгарышына АКШнын тышкы иштер министри Жон Керринин сөздөрү түрткү болгон. Жон Керри Швейцариянын Женева шаарында БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура менен жолугушкан кезде: “Мындан кийин Асад режими биринчи кезекте өз калкы жөнүндө ойлошунун убагы келди. Режимдин аракеттеринин натыйжасында Асадды жок кылуу үчүн күндөн-күнгө дагы да көбүрөөк террорчулар пайда болууда”, – деди.
Борбору Вашингтондо жайгашкан Жакынкы Чыгыш институтунун эксперттеринин бири Гред Мюре АКШ өкмөтү Сирия маселесинде ар дайым белгисиз саясат жүргүзгөндүгүн айтат. Мюренин ачыкташынча, АКШ өкмөтүнүн Сирия туурасында айткан сөздөрү кылган иштерине туура келбеген.
“АКШ президенти Барак Обама жана тышкы иштер министри Жон Керри бир тараптан “Асад кетиш керек” деген болсо, башка тараптан Асадды сактап калуу үчүн аракаттерди алып барды”, – деди Гред Мюре.
АКШнын “American Enterprise” институтундагы коргоо жана коопсуздук саясаты боюнча адис Томас Донелли маалымат агенттиктерине берген интервьюсунда Обама админстрациясы Башар Асаддын кетишин айтып келе жаткан болсо да, а бирок, анын таштап жаткан кадамдары айтып жаткан сөздөрүнө тескери экендигин баса белгиледи. Донеллинин айтымында, АКШ өкмөтүнүн назарында “Асад кеткенден кийин мамлекетте жүз бере турган боштукту террорчу (Исламий) топтор толтурат” деген коркунуч үстөм.
Донелли: “Учурда Асад режиминин тез арада кулабастыгы үмүт кылынууда. Эгерде Асаддын кетиши тездесе, бул Жабхатун Нусра сыяктуу террорчу топтун жеӊишине айланат. Обама админстрациясы бул өтө жаман натыйжа болушуна ишенет деп ойлоймун”, – деди.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…