Ак үй афган Талибанын террорист дебестен, куралдуу козголоӊчулар деп эсептейт. Шаршембидеги журналисттер менен болгон жолугушууда АКШ президентинин расмий өкүлү Эрик Шульцтун түшүндүрүп өтүшүнчө, америкалык аскерий кызматкер Боуи Бергдалды Гуантанамо камагында кармалып турган бир нече туткундарга алмаштыруу маалында мындай айырмалоо маанилүү болчу.
Шульцтун айтымында, мейли акыркы жылдарда күрөөгө алуу абалдары көбөйгөнү себептүү президенттин жардамчысы Лиза Монако башчылыгында бул нерсе кайрадан каралып жаткан болсо да, АКШ өкмөтүнүн салттуу террорчулар менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартышы күчүн жоготпогон. Бергдалга байланыштуу абалда “Афганистанда согуш аяктагандыгы” жана АКШ президенти Барак Обаманын ал жерде бир америкалык аскерий кызматчыны тагдырдын сыноосуна таштап коюуну каалабаганы да эсепке алынган.
АКШ финансы министрлиги тарабынан Афганистандагы “Талибан” кыймылы антитеррордук санкциялар тизмесине киргизилген. Мындан тышкары, АКШ улуттук антитеррор борбору да “Талибан”ды террорчу уюм деп эсептейт. А бирок, АКШ мамлекеттик департаментинин “чет өлкөлүк террорчу уюмдар” тизмесине “Талибан” кыймылы киргизилбеген.
Бул болсо, өз кезегинде Ак үй үчүн кырдаалдан келип чыккан абалда эки жактуу саясат жүргүзүүгө жана өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн о.э. саясий манёврлар үчүн кеӊири майдан калтырат.
Туркистон:
АКШ бир кезде “Талибанды” дүйнөдө эң коркунучтуу террористтик топ деп жарыя кылган эле. Россия Хизбут-Тахрирди эч кандай негизсиз террористтик жамааттар сабына кошуп койду. Дүйнөнүн калган мамлекеттери да, өздөрүнүн шарттарынан келип чыгып, исламий жамааттардын ар бирин каалагандай атап алышууда.
Бирок, бир да мамлекет кумсалыкка (ЛГБТ) тыюу сала албай жатат. Путин кумсалыкка үгүттөөнү чектеп коё турган мыйзам кабыл алганы үчүн Европа элитасы ага каршы маалыматтык чабуул уюштуруп жиберди. Лукашенко, “мен аларды түшүнө албаймын” деп койгон сөзү үчүн, атайын ушул теманы айкындаштыруу максатында маалыматтык иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын экөө теӊ кумсалыкка каршы эместиктерин ачык айтууга мажбур болушту.
Ислам жана мусулмандар маселесинде болсо, жогоруда көрүп турганыбыздай, адамзаттын эң төмөн тайпасынан болгон кумсалыкка болгончолук да көӊүл бурулуп жаткан жок. Алар ушул көп стандарттуулук көз караштарынан келип чыгып, Ислам жана мусулмандарга болуп жаткан этибар ар башка мамлекетте ар түрдүү стандарттар менен жүргүзүлүп жатканына сүкүт сакташат. Өз кезегинде кумсалык жана бир жыныстуу никелер маселесине эч кандай эки түрдүү стандарттар жол бербестиктеринин себебин демократиялык акы-укуктар менен түшүндүрүшөт.
Демек, көпчүлүк исламий жетекчилер же кээ бир топтор баса белгилеп жатышкандай, куфр дүйнөсү Ислам жана мусулмандардын бирер – ал тургай экинчи даражалуу – кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып жибериши мүмкүн болгон шарттарга мүмкүнчүлүк беришпейт. Алар жалаӊ өздөрүнүн баалуулуктарын гана коргошот.
Алардан, кумсалардын катарында бизди же динибиздин баалуулуктарын да бирге коргоп бергиле деп үмүттөнүү, же болбосо, алардан бир жыныстуу нике ырасымдарын коомдук пикирге айландырууга аракеттенип жаткан топтордун катарында, биз мусулмандарга да өз баалуулуктарыбызды коргоо жана кадырлоого белгилүү бир шарттарды жаратып берет деп үмүттөнүү паскечтик эмеспи?
Мусулман адамдын – өзү эч кандай аракет кылбастан – куфр системасынын Исламды коргошун о.э. анын турмушка Мабдаъ катары кайтышын үмүттөнүшү мүмкүн эмес. Ал тургай, Исламды турмушка кайтаруу үчүн ушул система менен бирге аракет алып баруу да арам. Себеби, Ислам жана мусулмандар өз баалуулуктарын өздөрү коргошу важиб. Аны коргоону куфрдан үмүттөнүшү же ага таштап коюп кадыржам болушу арам. Аларга өздөрүнүн дини, бизге өзүбүздүкү.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…